Спорт жаңылыктары

№1124

Акжол Махмудовдо алтын, үзүр Жусуповдо коло. Польшада рейтингдик турнир башталды

Польшанын борбору Варшавада 19-июнда “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024” аталышындагы рейтингдик турнир башталды. Ага Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы катышууда. 19-июнда килемге Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупов чыкты. Үзүр Жусупов 97 килограммга чейинки салмакта алгачкы беттешинде украиналык балбанга жеңилип калып, коло медаль үчүн күрөштү. Анда ал польшалык Якуб Антожевскини утуп, коло медаль тагынды.

Ал эми Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта украиналык, алжирлик, колумбиялык атаандаштарын ири эсеп менен жеңип, алтын үчүн күрөштө польшалык Патрик Беднарц менен кез келди. 8:0 менен беттешти аяктап, алтын медалды капчыкка салды.

Рейтингдик турнир 19-июндан 24-июнга чейин болот.

"Бул өзгөчө жетишкендик".ФИФА Кыргыз курамасы тууралуу оюн айтты

ФИФА 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү раундуна жолдомо ала алган төрт команданы белгиледи. Алар – Кыргызстан, Кувейт, Түндүк Корея жана Палестина курама командалары. Алдынкы баскычка көтөрүлө алган Кыргызстан тууралуу ФИФА буларды белгиледи:

“Кыргызстан командасы 11 упай менен өз тайпасында 2-орунду ээлеп, 3-турга чыкты. Алар биринчи турда Малайзияга утулуп (3:4), бир гана жеңилүү ызасын тартты. Ал эми команда өз үйүндө тайпадагы жеңүүчү Оманды жеңип, Маскатта тең чыгууга жетишкен.

Бул өлкө биринчи жолу үчүнчү раундга чыгып жатат. Катарда өткөн Азия Кубогунун тайпалык баскычында өз тобунда эң акыркы орунду алып калганын эске алганда бул өзгөчө жетишкендик”.

Эске салсак, Кыргыз курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда "D" тайпасындагы 6 турдук оюндун жыйынтыгы менен 11 упай топтоп, 2-орунду камсыздады. "D" тайпасында биздин курамдан сырткары Оман, Малайзия, Тайбэй жайгашкан болчу.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо