Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛГЫР КУШ ЧҮЙЛҮ

№1127

Эркеги – чүйлү, ургаачысы – тынар

Чүйлү – канаттуулардын карчыга сымалдуулар түркүмүнө кирет. Чүйлү – эркеги, ургаачысы тынар деп аталат. Жалпысынан карчыга деп аталып жүрөт. Кыргызстанда Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы карагай-арчалуу токойлор менен тоолорду байырлайт. Жети-Өгүз районуна караштуу аймактарда көбүрөөк жолугат. Өлкөдө аз кездешчү алгыр, кыраан куштардын бири. Түрк тилдүү хакас, тувалар  “хартыга”, монголдор “харцага” деп аташат. Чүйлүнү кармагандарга жана атып өлтүргөндөргө 100 000 сом айып пул салынат. 

Көздөрүнүн үстүндө ак кашы бар

Көлөмү кадимки каргадан 1,5 эсе чоң, денесинин узундугу 55-60 сантиметрди түзөт. Эркегинин салмагы 630-1100, ургаачысыныкы 750-1500 граммга чейин жетет. Канаттарынын жазылыгы 100-115 сантиметрге чейин. Көзүнүн үстүндөгү аппак жүнү ак кашты элестетет. Ылдам учат, эч качан каалгып учушпайт. 7-8 жылга чейин жашашат. Жеми суур, коён, арс чычкан, тыйын чычкан, кош аяк, келемиш, кекилик, карга, көгүчкөн, кескелдирик, ондатра сыяктуулар. 

Балапандарын үкүлөр жеп кетишет

Ургаачысы жазында 2-4 жумуртка тууп, 28-38 күндө балапан чыгарат. Балапандары 35-45 күндөн кийин талпынып, учканды үйрөнө башташат. Өз алдынча учуп калгандан кийин 1-1,5 ай аралыгында уяларын таштап кетишет. Көбүнчө эртең менен жана кечкисин жем издеп чыгышат. Түндө булардын уясына үкүлөр кол салышып, балапандарын жеп кетишет. Душмандары – бүркүт, ителги, адамды да кошсо болот. 

Мүнүшкөрлөр ургаачыларын тапташат

Мүнүшкөрлөр эркегине салыштырмалуу чоң жана күчтүү болгондуктан ургаачыларын тапташат.  Табына келтирүүгө 30-45 күн кетет. Кой, жылкынын жана жапайы канаттуулардын этин берип багышат. Жакшы тапталган тынар кыргоол, кекилик, өрдөк, коён сыяктууларды кармоого жөндөмдүү болот.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо