№1132
Балдарды мектепке даярдоо – бул ата-энелер үчүн да, балдар үчүн да абдан жоопкерчиликтүү учур. Анткени балдар да, ата-эне да жашоосундагы жаңы этапты башташат. Бул толкунданууну, кээде балдар үчүн стрессти да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан буга абдан кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Баланын мектепке даяр болуп барганы, башка балдардан артта калбаганы абдан маанилүү. Балдарды психологиялык жактан мектепте туура даярдоо боюнча психолог Чолпон Смановадан кеңештер...
Баланы мектепке кантип туура даярдайбыз?
Бала мектепке барганга чейин эмнелерди билиши керек?
– Сөзсүз өзүнүн аты-жөнүн;
– Ата-энесинин аты-жөнүн;
– Өзү жашаган даректи, үй телефон номерин;
– Эгер өзүндө кол телефону болсо анын, ата-энесинин телефон номерин;
– Кайсы өлкөдө, кайсы шаарда жашаарын;
Кээ бир ата-энелер бала мектепке баргандан баштап баарын үйрөнүш керек деп ойлошот. Бирок мектепке барганга чейин ата-эне балага үйрөтүү керек болгон нерселер бар. Бала мектепке барганга чейин төмөнкү нерселерди билиши кажет:
– Апта күндөрүн, жыл мезгилдерин, бир жылда канча ай бар экенин, баш аламан эмес, катары менен.
– Спорттун түрлөрүн, кандай кесиптер бар экенин.
– Түстөрдү айырмалап билиши керек.
– Эгерде анча-мынча жазуучуларды тааныса абдан жакшы. Мисалы, ата-энеси балдары менен биргеликте жомок окуса, сөзсүз ал жомокту ким жазганын айтуу кажет.
– Негизги жол эрежелерин, жок дегенде жашыл күйгөндө жолдон өтөрүн, кызыл күйгөндө токтош керектигин.
– Көпчүлүк балдар кайсы жагы оң, кайсы тарабы сол экенин билишпейт. Ошондуктан муну да үйрөтүү зарыл.
– Анан албетте, туулган күнүнөн сырткары негизги майрамдарды билиши керек. Мисалы: Жаңы жылды, 23-февралды, 8-Мартты, Ноорузду.
– Эң көп таралган өсүмдүктөр, дарактар, жаныбарлардын аттарын, кайсы жаныбар жапайы, жырткыч, кайсы жаныбарлар кооптуу экенин билиши керек.
– Мөмө-жемиштердин, жашылчалардын айырмасын билиши кажет.
Баланы коомго көндүрүү үчүн кеңештер:
Азыр көпчүлүк ата-энелер балдарын мектепке чейинки даярдоо курсуна алып барышат. Ага чейин бала бакчаларга барышат. Эгерде сиздин балаңыз бала бакчага барбаса, мектепке өзүңүз даярдасаңыз, анда сөзсүз баланы мектепке чейин кандайдыр бир курстарга, ийримдерге алып барыңыз. Бул бала дароо эле мектепке барып, көп балага, мугалимге аралашканда стресске кабылбаш үчүн керек.
Балага башка балдар менен мамиле курганды, мугалим менен да сүйлөшкөндү үйрөтүү зарыл. Эгер бала бакчага барса, ошол жактан үйрөнөт. Эгер барбаса, анда ата-эне өзү үйрөтүү керек. Бул жерде бир колдонмо: Бала менен мугалим-окуучу болуп ойноо. Ойногондо да апанын образынан чыгып, мугалимдин образына кирүү керек. Оюн арасында окуучу өзүн кандай алып жүрүү керектигин, мугалим авторитет экенин, аны сыйлоо, угуу керектигин, муну менен катар өзүнүн пикирин да билдире алуу керектигин тушүндүрөсүз. Бала улуулардын авторитетин кабыл алышы, мугалим берген тапшырмаларды аткарышы кажет. Бул абдан маанилүү.
Өз алдынчалыкка үйрөнүп, өзү чечим кабыл ала билүүсү, өзү кандайдыр бир тандоо кылып, “жок, мен муну кылгым келет, муну кылгым келбейт” дегенди айта алуусу кажет. Мунун баары сабакты алып кетүүсүнө, тапшырмаларды аткарууну өзү уюштура алуусуна шарт түзөт. Бул үчүн балага бир нерсе сатып алууда өзүнө тандоо жасатканыңыз, кайсы бир учурларда баланын пикирин сурап, аны менен чоң кишидей сүйлөшүп турганыңыз маанилүү. Бала өзүнүн пикирин билдире албаса, өзүн-өзү баалоосу төмөн, тартынчаак болуп калат.
Гулийпа Маметосмон кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |