Плюшкин синдрому же үйгө керексиз буюмдарды топтой бергендер

№1134

55 жаштан өткөндөр көп кабылышат 

Үйгө керексиз буюмдарды топтоп, сактаган адамдарды “Плюшкин синдрому менен ооруйт” деп коюшат. Ал эми илимде бул “хордер” деп аталат. 2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамда мындай адат психологиялык бузулуудан келип чыгат деп билдирген. “Плюшкин синдрому” деп жазуучу Николай Гоголдун “Мёртвые души” чыгармасындагы Плюшкин аттуу персонаждын атынан коюлган. Чыгармада автор аталган каарманды “эски батек, аялдын чүпүрөгү, темир мык, чопо сыныгы, колуна эмне тийсе, баарын үйүнө сүйрөп жөнөчү” деп сүрөттөйт. "Плюшкин синдромунан" дүйнө элинин 2 пайыздан 6 пайызга чейинки бөлүгү жабыркайт. Статистикага таянсак, 55 жаштан ашкан адамдар "Плюшкин синдромуна" көбүрөөк дуушар болушат.

Кандай себептери бар?

Аталган синдромдун пайда болуп, өнүгүшүнө адамдын жашоосундагы трагедиялуу окуялар же психикалык көйгөйлөр себеп болушу мүмкүн дешет окумуштуулар. Депрессия, стресстик абал, аракечтик, шизофрения жана башка психикалык жагдайлар "Плюшкин синдромун" козгойт. 

Эмнеге адам үйүнө эски буюм чогулта берет?

• Жакырчылыктан коркот. Эгерде бала бир кесим нанын үнөмдөп жеген шартта чоңойсо, бул тарбия сөзсүз өз изин калтырат. Жашоосу жакшы болсо деле, бир кезде баштан өткөргөн кедейчиликтен коркуп үйүнө болгон нерсенин баарын ташый берет.

• Сарамжалдуулуктун иллюзиясы. Кээ бир адамдар эски буюм-тайымдарын ыргытышпайт, кийин аларды сатып кандайдыр бир пайда табам деп ойлошот. Бирок дайым эле ойлору оңунан чыга бербейт.

• Психикалык байлануу. Айрымдар бир нерсеге катуу байланып калгандыктан алар менен “ажырашуу” ооруга алып келет. Албетте, оюнчук же жакын адамың белекке берген буюмдарды эске албаганда. Адамдын жакшы кийим сатып алганга мүмкүнчүлүгү болсо деле, 20 жыл мурун кийген күрмөсүн ыргыткысы келбеши мүмкүн.

Кандай зыян тартышат?

• Жалгыздыкты сүйүп, элден обочолонуп калышат

• Антисанитардык шарттар ден соолукка зыянын тийгизет

• Эски буюм-тайымдардан чыккан жагымсыз жыт үчүн кошуналары менен чырдашып калуулары мүмкүн.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо