Азим (Денис): «ЖАРТЫ ТАГДЫР МЕНЕН ЖАШАП КЕЛЕМ»

№433 18-24-февраль, 2011-жыл.

Жүрөк сыры

Редакцияга баш баккан бул жигитти көчөдөн көрсөм, оор трагедияны көтөрүп жүргөнүн, осол тил менен айтканда, гей экенин байкамак эмесмин. Мотурайган айылдык кыргыз жигиттин кыздарга мүнөздүү уяңдыгы сүйлөгөндө гана билинип турду. “Окуп чыксаңыз” деди ал колундагы кагазын сунуп...

“АЛГАЧКЫ ЖОРТУУЛ”
– Өзүм 20 жаштамын. Башында бардык эле балдардай бактылуу элем. Кичинемде дээрлик балдардын оюнун ойнобой, кыздарга жакын болчумун. Чоңойгон сайын менде эркектерге болгон кызыгуу басымдуулук кыла баштады. Баарынан да адам өз табиятын түшүнө албай кыйналганы жаман экен. Жигит чоңойгон сайын кыздарга ыктап баштайт го. А мен кыялымда эркек менен төшөктө жатканымды элестете берчүмүн. Кийин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуй баштаганда гей дегендер болорун угуп, ал тууралуу биле баштадым. Бир чети “мага окшогондор да бар тура” деген ойго келип сүйүнсөм, экинчи чети “кантип мен гей болоюн, демек, мен оорулуу адам турбаймынбы?” деп сыздадым. Бир күнү “гейлер менен таанышам” деген жарыяны окуп, телефон чалдым. Телефондогу Рахат деген жигит жагымдуу сүйлөштү.
Гейлердин чөйрөсү... Билесизби, бул чөйрөгө кабылганга чейин кыргыздарда ушунчалык көп гей бар экенин билген эмесмин. Мени бул чөйрөгө кошкон мырза бир байкенин үйүнө алып барды. Ошол түнү Рахат менен болдум. Ал жакта жашы 40тарга барып калган эки байке да бири-бирине кумар тартуулашты. Өзүмдөн өзүм жийиркенип, ушундай тагдырга туш болгуча өлүп калбай деп ойлодум. Бирок тор сымал жайылган арам жашоо мени арбай берди.

“ГЕЙ СУЛУУЛАРЫНА “СТАВКА” КОЮЛАТ”
– Гейлердин “Маяк” аттуу клубу бар. Ал клубга кимдер гана барышпайт. Саясатчылардан баштап шоу-бизнестин жылдыздарына чейин ошол клубдан көрүүгө болот. Гей эместер клубга киргизилбейт. Гейлер арасында сулуулар сынагы өткөрүлүп, катышкандарга акчалай “ставка” да коюлат. Жеңгендерди төшөгүнө алып жатуу үчүн да акча жумшалат. Гейлер “пассив”, “актив”, “универсал” болуп бөлүнүшөт. Мен эки ролду тең аткаргандардын арасына кошулам.
Үй-бүлөсү бар улуу байкелер бизге “бул нерсени баары бир таштай албайбыз. Гейлер аялына алымсынбай калышат. Жүрөгүбүздө үй-бүлөнүн да өз орду бар” деп калышчу. Булар эки жашоого өзүн бөлүп салган адамдар болуш керек. Алардын кадимки жашоосундагы аты башка, кылганы, сүйлөгөнү башка. А гейлердин дүйнөсүндө башка ысым коюп алышат. Коомдук жайларда кадимки эркектердей болгону менен, өздөрүнчө калганда кыздай кийинип алгандар да бар. Бул жолдон эң ыпылас нерселерди көрдүм. Баарынан да 50дөн ашкан аксакал “геймин” деп көйнөгүн көтөргөндө жашоонун жарыгы өчкөндөй болгон.

“НУРИК – БАКТЫСЫЗ СҮЙҮҮМ...”
– Менин сүйүүм бактысыз гана сүйүү эмес, Жараткандын алдында күнөө. Кичине кезимде молдодон сабак алып, дин боюнча да түшүнүгүм бар. Бирок сүйүү эч нерсеге баш ийбей койду. Нурик менден беш-алты жаш улуу. Медакадемияда окучу. Азыр борбордогу бейтапканалардын биринде иштейт болуш керек. Кээде экөөбүз отуруп алып “биздей жарым эркектер жаралбаса” деп өкүнүп калчубуз. Биздин мамилебиз алыска узабасын да билер элек. Мен каникулга кеткенде Нурик ата-энеси айткан кызга үйлөнүптүр. Ал мага телефон чалып, аны унутушум керек экенин айтты. “Жок дегенде дос болуп эле жүрөлү, мен сени бир айда бир сыртыңдан эле көрүп турайын” десем да макул болгон жок.
Ошентип кайгы жеп жүргөндө бизди тааныштырган Эрлан аттуу балага жолугуп, абалымды түшүндүрдүм. “Эгерде акча төлөсөң, Нурикти таап берем” деди. Нурик баш тартып койгонбу же өзү эле каалабадыбы, айтор, ал дагы кабарсыз кетти. Жанымды коёрго жер таппай жүрүп, Жанболот деген жигит менен тааныштым. Ал Нурикке окшош болчу, ошондуктан ага тез эле тартылып кеттим. Жанболот экөөбүз чогуу жашай баштадык. Анын сырткы келбети сүйгөнүмө окшогону менен, жан дүйнөсү таптакыр окшош эмес экен. Нурик эч качан мага жамандык каалап, шылдың кылгысы келчү эмес. А Жанболот айтылбай турган нерсени элге жар салып, тагдырымды талкалады.
Бир күнү “туугандарың менен тааныштырсаң” деп айтканынан эжемдин улуу баласын чакырып келгем. Үчөөбүз чай ичип отурсак эле ал “биз ушундай гейбиз. Акең дагы ошондой, туура түшүн” деп баштады. Иним мени тиктеп, бетиме түкүрүп туруп басып кетти. Ал эжеме айткан окшойт, урушуп, үйүнөн кууп чыкты. Ошентип, туугандардын арасында легендага айланып кеттим. Жездем мага кызыктай тигилип, жаралуу жанымды ачыштырган cөздөрдү айтат. Адам катары көрбөй, кемсинткенге өтүштү. “Сен үйүңө барып жашай бер. Жаңы жылдан кийин чакыртып алам” деген Жанболоттун башка менен жашап жатканын укканда ого бетер ыза болдум.
Мага эми өлүмдөн башка жол жок. Кийинки кездерде жалаң өлүм жөнүндө китептерди окуй баштадым. Же из которуп башка жакка кетип калышым керек. Бирок ата-энемди кыйбайм. Алар менин минтип калганым үчүн күнөөлүү эмес да. Менден башка уулдарынын убайын көрүп, жакшы жашоодо жашашын каалайм.
Кыйналып, мендей дүйнөдөн ордун таппай калган адамдар аз болсун деп силердин редакцияга келдим. Менин булганган ыйманымды тазарта турган эч нерсе жок. Бирок жаштарга айта турган сөзүм бар. Мени бул укугумдан эч ким ажырата албайт. Мага окшоп “геймин” деп таза жолунан адашып кеткен ага-инилерге бул жолдон кайткыла демекчимин. Силер гей эмессиңер, нукура эркексиңер. Болгону, шайтандын азгырыгына жетеленгенсиңер. Эгерде болгон күчүңөрдү, эркиңерди топтосоңор, ак жолго кайтып келесиңер.
Ал эми Нурикке жакшылык каалайм. Анын бул торду үзүп чыгып өз бактысын таап кеткени мага чоң сабак жана үлгү болду.

Жаратканым, ушулбу кең дүнүйөң?
Мазмуну жок өмүрүмдөн түңүлөм.
Жигит болуп, жигит сүйгөн жүрөгүм,
Миң дирилдеп, жалбырактай күбүлөм.

Турмуштун кыянына агып алдым,
Анткен сайын качат менин ыйманым.
Байкоосуздан ууландырып өмүрүмдү,
Тагдырдын ачуу шорун ууртап алдым...


Психологдун кеңеши

Ж.Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Бермет Наралиева жооп берет.

– Бул – инсандын туура эмес идентификациясы. Башкача айтканда, “мен” деген образдын туура эмес түзүлүп калышы. Кичинесинде ата-эне “сен эркек баласың!” деп тарбиялап, тарбиясында туура эмес көрүнүштөр болсо, баам салып турушу керек болчу.
Табият – баарынан улуу нерсе. Эркекти эркек, аялды аял кылып, бирине бирин керектүү кылып жараткан. Гей деген нерсе – ошол табиятка каршы чыгуу. Мына ошол табиятка каршы чыгып жаткан соң бул жигиттин жан дүйнөсүндө ушунчалык трагедия, дискомфорт болуп жатат. Эрк-күчүн пайдаланып мындай абалдан чыгып кеткендер да жок эмес. Жигитке жакшы жашоо үчүн, татыктуу жашоо үчүн күрөш деп кеңеш берет элем.

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, бүгүн бул теманы жашырсак, ушул жигиттин кебетесин кийген, коомдон өз ордун таба албай жанчылган адамдар эртең да чыгат. Коомдун оорусу, көптөгөн Азимдердин трагедиясы болгон бул нерседен улуу кыргыз эли алыс болсо деген тилек...

Нуржамал Жийдебаева
коom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(59)
21.02.2011. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sen bejens bolup kachyp ket zagranisaga.visa da onoi beret.meni bul jakta elder tuura tushunboi jatat dep.saga kiyin boluptur.iy shermende dese
21.02.2011. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege kyiyn bul oshondon yrahat alyp jatsa tushunboi ushul gei silerge goluboi sunbu buttu dokansa jizn/kalasyn munun darysy jok da....
21.02.2011. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мммдаа - через не могу менен, бир кыз менен байланышып балалуу болуп корбойсунбу, может бала озгортот сени.Если болбосо айла жок анда тагдырга таарынбай жакшы жумуш иштеп, коп ачыка чыга бербей жашай бер каалаганын менен. Сен жаш экенсин баары жакшы болот тилек кыл!
21.02.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул корунуш 2 ге болунот: Туубаса же жаштыкта шайтанга азгырылып жасаган иш. Озун ойлонуп кор, кайсы варианттасын?Туубаса болсо даарылан, психологдордон кенеш ал (чыныгы эркек болгун келсе да), а жаштык-мастык болсо, эркинди колго ал, аны акыл менен башкар, кыздарга уйлон, жаны турмуш баштап,келечеке жаны максат кой!Сен олгонун менен жер тойбойт, а-энеди кыйнайсын.
21.02.2011. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхта болгон эмес дейсинер...Алсак атактуу А.Македонский., Микеланджело.,ДаВинчи.,гейлер менен мамиледе болушкан...балким кыргыз-н тарыхында блгондор сакталбай калса керек...Албетте бул биздин менталитетке тураа келбейт..,бирок кыргыздар психологияык-моралдык жактан туруксузураакпыз да жат корунушторду озубузго тез синирип алабыз....
22.02.2011. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
minake Dostor eger geiler kop bolso jana ushuga okshogon iplastik kop bolso Allanin azabi kelet Allanin azabi uzak emes Dostor esin barda etegindi jap degen soz bar go kirgiz elibizde esibizge keleili Kirgiz elim
22.02.2011. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сен ини-агалар силер нукура эркексинер деп болгон эркинерди топтогула деп койосун а озун эмне анте албайсын сени нукура тозок кутот тиги дуйнодо ушул кылыгынды жарыялап чыгышка кантип журогун тутту сен болгону бир макуулуксун
22.02.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер мындай маалыматтарды жазгандын кереги жок.. Мындай адамдар бизде жок болушу керек.. Сен кыздар менен дагы мамиле тузуп корсон , чыныгы ырахатты аласын, кайдагы Нурик?Жанболот?? Эркек эркетей болушу керек, кыздардан корксон , анда сага психологдун жардамы керек!! бир соз менен айтканда сен толугу менен озгор!!!жашонун мааниси сендейлерге тушунуксуз...
22.02.2011. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
урматтуу Maxa сен макулук деп бироонун абйирине шек келтиргенге акын жок...ар бир нерсени кудайга тоба кылдым деп суйлош керек...же сен асмандан туштун беле..? тозокко тушсо, куноо кылса тиги дуйнодо озу жооп берет...сен же башка бироо жооп бербейт...
22.02.2011. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жашоонун манызы сендейлерге тушунуксуз де...хммм да...мындай адамдар бизде жок болуш учун анда КЫРГЫЗБАЙЛАР деген озунчо планета болуп алалы...бут ааламды жин шайтан башкарып атса...кайдагыны суйлойсунор....интернет колдонгонду билгенден кийин, жашоого кенири коз караш менен караганды билсенер...
24.02.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa, Nurai, cosmopolit !!!!

Аллах Таала аны алыс кылсын - эгер силердин балдарынар ушундай болуп оссо, "Сенин табиятын ушундай балам, озун каалаган эркек м-н жата бер" дейт беленер ???
Кана жооп бергилечи заманбап достор !!!!
24.02.2011. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

ALLAH meerimduu jana kechirimduu ALLAHdan chin jurokton tovba kilsan AL baardigln kechiret umutundu bashkasinan uzsonda ALLAHdan uzbo. PAYGAMBARİBİZDİN jOLUNAN ketsen bul duynodon adashpayn jana duynodogu en baktiluu adamdardan boloruna iwenem.
24.02.2011. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin dosum bar, al da geimin dep anan biroo mn jashap jurgon, birok kokustuktan kaza bolgon dosu kop kaigy alyp keldi, menimche geilerde suiuugo turuktuulary kop bolushat okshoit, kopko jalgyz jurdu, anan kyzdarga bolgon kyzyguusuna tuugandary kop jardam berishti, anan akyry uilondu, kyzduu bolushtu, birok azyr dele keede uido chyr je tushunbostuk bolso erkekter mn jolugat, al turgai es aluu uiundo da biroo mn 2 jumacha jashap keldi, ayaly bilbeit, kobuncho ele kurbu kyzdaryna kyzganat/
24.02.2011. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birok menimche menin dosumdu biseksual degen tuura bolso kerek, sebebi al ekoo mn dele katnashta bolo alat, anan ushundailar ayabai kop ekenin bilem, uilongon balaluu erkekter, men suigondorunon biroosun korgom, chon 40 jashtardagy erkek, birok oshondoi bolso dele al ayabai jakshy dos, munozu da jakshy, tabiyaty ushundai bolgonuna kop okungon, birok menimche any ozgortuu mumkun emes/
25.02.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eger tabijaty oshondoj bolso,biz ajtpasak da, jashyruun bolso da,ar kim ozunun tabijatyna kerek nerseni kylat. Bizde achyk ajtylbagany menen, ujlonushup, birok ozu kaalagandary menen jashyruun jolugushup turushat da.Achyk jazylgany uchun sizderge odono korunup jatat.
26.02.2011. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен жакшы адам болушка аракет кыл Аллага соз бер озуно соз бер.Бул кылганын туура эместигине козун жетиптир.Бул сыноо табият ушундай жараткан дегенге ишенбе.Бул сенин жашоон аны озгортуш озундун колунда.Намаз оку тообо кыл Аллах кечиримдуу.Журогундо ыйманын бар экени белгилуу аны кучтондур.Ата-энени ойло.Азыркы заманда гейлик жат корунуш болбосо да туура корунуш да эмес.Улутубузду таза сактайлыкбул ар бирибиздин колубузда.
28.02.2011. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
главное человек осознает все это и хочет избавиться от этого, не теряй надежду, молись Всевышнему, и помни мир не без добрых людей.Иншаллах все у тя будет хорошо.
28.02.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
когда душа твоя тоскует,надежды гаснут как огни, над правдой клевета ликует, кругом тебя одни враги,когда в борьбе слабеют крылья беда приходит за бедой,и плачешь ты в тоске бессилия,не забывай Аллах с тобой.
06.03.2011. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээ бири жазыптыр эми кыргызстан онуго элек кыргыздар тушунбойт европага кетип кал деп.силер озунорду онуккон адам кылып корсотпой эле койгула.Акыры мусулманбыз го.мусулман эмеспиз десенер анда ошол Европаны туурай бергиле!эмне болот экенсинер акыры.
06.03.2011. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башында темасын окуп алып майып бала жонундо окшойт десем такыр башкача турбайбы,окуп алып конулуп айланды.Супер инфого рахмат.
09.03.2011. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырын оор экен,бул жашоодо кыйын абалга тущ болуптурсун.Бирок,ыйманын булганганын мойнуна алганына караганда сен бул нерсе ыплас,арам нерсе экенин билесин.Ата-эне баласын кандай жакшы ниеттер менен чонойтот,ошол асыл адамдар учун акыл эсинди жыйып жараткандан ыйман тиле.Алла Таала кечиримдуу.
02.04.2011. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журоктон кыйналып жатканын билинип турат.Мен сага кенешим олумду ойлобой, натурал болууга аракет кыл.Бар эркинди топтоп кыз балага уйлон,балалуу бол ошондо унутасын.Олсон эле бейишке барып калам дейсинби,ага жетишке да аракет кылуу керек эгер билсен...
09.04.2011. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ничего себе у нас есть геи??????????
13.05.2011. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба ар кимдин ар башкача ою бар, менин сага кенешим алдына жакшы Аллахга жага турган максаттарды койгун да ошол максатка жетууго бар кучунду сарпта! Эн негизги максат бул ыйманга келип, намазга жыгылып Аллахтан сурасан баары кабыл болот, иншАллах!
30.06.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайтандын азгырыгынан кудай сактасын да!Уул-кызыбызга ыйман берсин.Өзүң эркиң күчтүү болсо бул жолдон кайта аласың.Ыйман жолуна түш.Маалыматың бар турбайбы.Мечиттерге барып сабак ал.
11.07.2011. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай корунуштон кудай озу сактай корсун. Адам эгер кааласа баарына конушу мумкун. Менимче катуу аракет кылса жыйынтык болушу мумкун. А оз жаныны кыйсан тозокто кобуроок куйосун.
26.10.2011. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азим почтага жаз gaykg@list.ru
27.10.2011. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азим, почтага жаз суйлошобуз: gaykg@list.ru
06.11.2011. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
астафур алла сени ата энен озун гунолусун и сен кыргыздын балдарын бузасын андан коро асынып ол тобоо frshrs убакта ушундай акмактар аябай кобойуп кетти...туф туф сен мусулмансын билип жур ГЕЙ.И КУДАЙ берген КОТ...Н БАР.
10.01.2012. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм даа,жалгыз эле мен ушинтип кыялданам десем,бар экен да еще жигиттерден. Мен да эркек м.н жатсам деп аябай коп кыялданам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо