Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камчыбек Ташиевди коркуткандар кимдер?

№1146

20-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, анда белгисиз бирөөлөр аны коркутууга аракет кылып жатканын билдирди. Айтымында, ага сырдуу конверт жиберилген.

– Эртең менен жумушка келсем, менин дарегиме пломбаланган конверт келиптир. Катта мен алар койгон бир шартты аткарышым керектиги, болбосо менин, менин жакындарымдын өмүрү коркунучта экени айтылат. Бул кандайдыр бир атайын кызматтын иши экени көрүнүп турат. Мен силердин талапты эч качан аткарбайм. Силерден коркпойм. Бул катты ким жазганын баары бир табабыз,- деди Ташиев.

Көп өтпөй Ташиевге жазылган каттын тексти деп интернет желесине узун текст жарыяланды. Каттын автору делген адам УКМК жетекчисинен экс-депутат, маркум Чыныбай Турсунбековдун мамлекет конфискациялаган мүлктөрүн 10 күндүн ичинде кайра аларга кайтарып беришин талап кылат. Эгер бул талап аткарылбаса, анда Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө коркунуч жаралары эскертилет.

Мындан кийин Чыныбай Турсунбековдун жубайы
Нуржан Тентимишова видеокайрылуу жасап, бул ишке анын үй-бүлөсүнүн тиешеси жок экенин билдирди. Ташиев акыркы 4 жылда президентке 2 жолу, өзүнө 5-6 жолу кол салуу аракети токтотулганын кошумчалады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо