Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАШ ТЫРМАШКАН БАЖАЛАР

№433 18-24-февраль, 2011-жыл.

“Бажа бажаны көргөндө башы кычышат” деген тамашалуу лакап жөн жеринен айтылбаган чыгар. Сахна адамдарынын арасында бир тууган болбосо да бир жердин кызын алгандар арбын. Бул жолу ак карлуу, төр жайлуу Нарын жергесинин күйөө балдарын айталы, кийинки кезек башкаларда.

БЕК БОРБИЕВ
Бажалардын башчысы мурда бажыканачы болуп иштеген, элине эмгегин сиңирип койгон Берадор Сманович. Мейли кытайлык кыргыз кызын жактырып калабы, мейли ар кайсы кыздын атын атап жар сала ырдайбы, баары бир Бек Борбиевдин бешенесине Нарындын Фаридасын жазыптыр. Ошентип, Токтогулдун торгою бир канча каршылыктарга карабай сүйүп жүрүп жубайын тапкан. Учурда кырктын кырынан ооп бараткан Бек агабыз кайната болгон убагы.

АЛТЫНБЕК АЛЫМОВ
“Отуздан ашып бойдок экен” деп кызыккандарга “айылдык кыз, никем бар менин” деп ырдачу. “Аа, башы бош эмес турбайбы” деп селкилер ойлонуп бүтө электе “койкоюп тосуп төшүңдү, койнуңа чакыр өзүмдү” деген ыры чыгып калбаспы, Алтыкебиздин. Ак кушка салыштырса, демек, киндик кан тамган Көлүнөн го, сүйгөнү дегенбиз. Жубайы Мээримди Жумгалдан жолуктуруп Бек байкесине бажа болгону аз келгенсип, иниси Ильязды да бажа кылып алды.

АЙБЕК КАРЫМОВ
Көзөмөлүнө алып, канатына калкалап, көңүлүнө жактырып жүрүптүр, Айбек Гүланданы. Аялдын жакшысы Ак-Талаада дедиби же экөөнү чыгармачылык бириктирдиби, айтор, токтогулдук Айбек жигит да Нарынга күйөө бала болуп, сахналаш бажаларынын санын көбөйттү. Учурда Раяна аттуу кыздуу болуп, эки кабаттуу үйдө эркелешип күн кечирип келишет. Анан да Айбек мырза топ эле түзөт, топ эле түзөт. Же түзгөн эстрадалык тобунун аты эркетайына жакпай калуудабы же Айбек мырзада акча көппү деген ой келди.

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ
Ильяз деп соккон жүрөктөр азыр бир аз басаңдап кагып турат. Себебин Ильяз Абдыразаков Нарындын сулуусу Мединага баш кошкону менен байланыштырсак болчудай.
Бул жигиттин тоюнда Алтынбек Алымов “Ильяз экөөбүз ага-иниден эми бажага өттүк” деген. Ошол бойдон бажа болгон эки ырчыдан кабар жок. Же тымызын төртөө отуруп алып ыр жазып, обон чыгаруу менен алекпи, айтор, чыгармачылыгы жымжырт болуп туру. Бажалардан эл жаңы ырларды күтөрүн кулак кагыш кыла кетели.

САНЖАР БЕРДИБЕКОВ
Өкүл атасы Бек Борбиев Нарындын күйөө баласы болсо, Санжар Бердибеков да өкүл атасына бажа болуп, баш тырмашып калышты. “Сүйгөн элем Айгүлдү, Айгүл сүйгөн жок” деп тамашалуу ырдаганы менен, келинчегине болгон ашыктык оту эч качан өчпөй “аялым го, аялым” деп эркелетип келет. Кыскасы, турмуштун ысык-суугун 11 жылдан бери бирге татып келаткан Базар-Коргондун келини менен Нарындын күйөө баласы эки баланы тарбиялап келишет.
Кээде куудул бала каталык кетирип койсо, өкүл атасы да, бажасы да болгон Бек мырза өзү тарбиялап коюп жүрөт. Ал эми булар баш тырмашабы же ата-бала болуп сыйлашабы, калганы көшөгө артында боло турган нерсе.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(12)
18.02.2011. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен....
18.02.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"chigarmachiligi jimjirt bolup tyry" degen sozdu Super infonun administratsiyasi jakshilap teksherip ondop koyushynardi syranam.
"chigarmachiligi jimjirt bolup tyrat".
19.02.2011. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо акелерибиздин баарын тен Наарын шаарыбыздын сулуулары илип кетишкен го азаматтар.

Баарыныздарга бакыт каалайм,алган жубайыныздар менен таттуу омур суруп бактылуу болунуздар!
19.02.2011. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жезделерим бар кен да...
19.02.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарандын кыздары сулуу келишет окшойт биздин чыгармачыл байкелердин журогун ээлеп алышыптыр Нарындын Колдун кыздары баари-бир кыйынго
19.02.2011. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы
19.02.2011. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жезделер ынтымактуу болгула сиздерге ийгилик
20.02.2011. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Burul Ismailova Talastan okwoit je Aksydanby (juru)sozdoru bawkacha go
21.02.2011. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эле тияктык-бияктык болуп болуно бересинер, акыры бир жерде, Кыргызстанда чогуу жашап жатабыз го. Туру-журу деп жазылбайт деп ким айтты? Айтылып жаткан ойду теренирээк бериш учун колдонула берет, туптуура эле жазылып турат.
22.02.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул Исмаилова Ноокаттан деп уккан элем мен. "туруватат" дегиси келгендир :)
22.02.2011. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туру деген сөз оозеки түрдө белгилүү бир аймакта гана колдонулса, адабиятта көркөм сөз каражаты катары да пайдаланыла берет. Андыктан бул сөздү эч кандай ката катары көрбөйм.
24.02.2011. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындын кыздары кыйын болушат! Карап туруп эн жакшыларына тийип алышат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо