Мугалимдерге сапатсыз ноутбук: Акылбек Жапаров баштаган чиновниктерге сөгүш жарыяланды

№1147

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров баштаган бир нече чиновникке жана кызматкерлерге сөгүш жарыялаганын 25-ноябрда президенттик администрациядан кабарлашты. Себеп – Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектеп мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы. Тагыраагы, мугалимдерге сапатсыз ноутбуктардын сатып алынышы себеп болгону айтылды. 

Сөгүш Акылбек Жапаровдон тышкары анын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жыпариса Рысбековага, башкармалыктын эксперти Медербек Өмүрбековго да жарыяланды.

Быйыл жайында президент Жапаров өлкөдөгү орто мектептердин мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берген. Бул үчүн бюджеттен 600 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн, быйыл жыл аягына чейин мугалимдердин 50 пайызы ноутбук менен камсыздалышы керек эле. Калганы кийинки окуу жылында камсыздалары убадаланган болчу.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо