Султан Садыралиев, «ЭГИЗ ЖҮРӨК»

№433 18-24-февраль, 2011-жыл.

Жаңы клип

Султан Садыралиев: “Бул клипте жан дүйнөмдүн учурдагы абалы чагылдырылды”,- дейт. Кайсы клип дебейсизби? Сөз ырчынын “Эгиз жүрөк” аттуу жалпыга жапырт тарала баштаган ырына тартылган клип тууралуу болмокчу.

Режиссёру – С.Откеев
Оператору – А.Өмүркулов
Сарпталган каражаты – 1500 доллар

“КЛИПТЕ ЖАН ДҮЙНӨМДӨГҮ АБАЛДЫ ЧАГЫЛДЫРДЫМ”
Акыркы кезде Султан кайгылуу ырларды көп жаздырып, аларга ошол маңыздагы клиптерди тартып жүрдү эле. Ырчынын бул клиби такыр башкача. “Эгиз жүрөк” деген ырына тартылган клипте кандайдыр бир сюжет болбосо да, бактылуу жаштардын таттуу мүнөттөрү, көз ирмемдери чагылдырылган.
“Эгиз жүрөк” клиби тууралуу Султан: “Мен дайыма жан дүйнөмдүн, жүрөгүмдүн абалын чыгармаларымда чагылдырып берем. Ооба, буга чейинки ырларым да, аларга тартылган клиптер да кайгылуу болчу. Ал ошол чакта болгон, баштан өткөн кайгылуу абал эле. Учурда мен эң бактылуу мырзалардын катарындамын. Мына ошону клипте көрсөтүп отурам”,- деди.

ЖУБАЙЫНА ОКШОШ КААРМАН
Султан “жаңы тартылуучу клибиме жубайым Аселди катыштырам” деген эле. Клипти алгач көргөндө биз да Асел деп ойлогонбуз. Каарман сырткы келбети боюнча ырчынын келинчегине окшошуп кетет, бирок Асел эмес. Аты – Рейна, 20 жашта. Учурда Борбор Азиядагы Америка университетинде 4-курста окуйт.
“Эмне үчүн жубайым тартылат дедиң эле?” деген суроого Султан: “Рейнанын сырткы келбети менин Аселиме окшош экен. Анан алдын ала анонс болсун деп айткам да, атайын окшош кыз издегем (күлүп). Ал эми жубайым менен бирге тартылуу алдыңкы пландарда бар”,- деп жооп берди.

ЖАРЫКТЫН АЛДЫНДА КЫЙНАЛГАН
Клип тартуу үчүн 10 күн даярдык көрүп, 1 күндө ишке ашырышкан. Режиссёр Сүйүн Откеев: “Биз күнүмдүк позитивдүү жашоону чагылдырган клип болуусун каалаганбыз. Бул клип эмнегедир жеңил тартылды. Султан да эркин ойноп, каарман кыз да таланттуу экен, сонун тартылып берди. Көпчүлүк “корей тасмаларындагы кыздарга окшош экен, атайын тандадыңарбы?” деп сурап калышты. Чынында, кыздын образын корейлерге окшоштуруу жөнүндө ой жок эле. Муну клип тартылып бүткөндө гана байкадык”,- дейт.
Ал эми клип тартууда болгон кыйынчылыктар тууралуу Султан: “20га жакын күйүп турган лампочканын арасында ырдоо оор болду. Тердеп-кургап, кайра-кайра аарчынып... Алардын баары кадр артында калды”,- дейт.

Бул клипти Медиа-порталдан көрө аласыздар.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
18.02.2011. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын ырдаганы, ырлары аябай жагат. Келинчеги татынакай экен.
18.02.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты клип сонун тартылыптыр,ыры да мыкты экен азаматсын Султан.
19.02.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaly ekoo ayabai okshosh ko
19.02.2011. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз татынакай экен, Азамат жакшы ойноптур.
20.02.2011. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыры менен клиби бири бире жарашыптыр клиптерине татынакай кыздарды кайдан таап аласын? эн жакшы!
20.02.2011. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
klipty kai jerden korso bolot?
22.02.2011. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мага жаккан деле жок....клип...
22.02.2011. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыры жакшы бирок клип анча эмес кечке эле 15 сомдук лампочкалардын алдында туруп алып кыялдана бериптир го бул клипке 1500 доллар кетпесе керек деп ойлойм
24.02.2011. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рейна мага аябай жакты!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо