Бир бүркүм. Кримтөбөл 20 жылга кесилди...

№1148

Аксыда мектеп курган курулуш компаниясы 7 миллион сом кымырып калганы ачыкталып, иликтөө жүрүүдө.

 Бишкектин борбордук аянтын Жаңы жылга карата жасалгалоого 1,5 миллион сом жумшалганы айтылды.

 Равшан Сабиров эмгек, миграция, социалдык камсыздоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

 Ысык-Көлдөгү чокулардын бирине БУУнун ысымын ыйгаруу боюнча мыйзам долбоору парламенттен 2-окуудан өттү.

 “Женго” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досоновду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20 жылга эркинен ажыратты. 

 Бишкек шаардык соту экс-депутат Ирина Карамушкинаны камакта кармоо чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

 Караколдо кышкы туристтик мезгил расмий түрдө ачылды.

 Нурбек Букуев Онкология жана гематология улуттук борборунун директору болуп дайындалды.

 Улуттук банк “Айкөл Манас” коллекциялык алтын тыйынын жүгүртүүгө чыгарды.

 Жуманазар Орозбаев Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

 Камчыбек Ташиев: “Кыргыз деген сөз кырк кыз эмес, кырылгыс, түгөнгүс деген сөздөн келип чыкканын билип алалы”.

 Экс-депутат Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды.

 Депутаттар Армения жана Абхазиядан алынып келинген автоунааларды каттоого уруксат берүүнү сунуштап жатышат.

 Орусиянын Краснодар облусу 2025-жылдан тарта мигранттарды жумушка алууга толук тыюу салары маалымдалды. 

 Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун жакындары президентке кайрылып, аны үй камагына чыгарууну суранышты.

 ӨКМ: Жыл башынан бери өлкөдө 34 адам өрт кырсыгынан каза тапты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо