Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

9 айда элге 74 миллиард сом насыя берилди

№1148

2014-жылдын 9 айында кыргызстандыктарга 21 коммерциялык банк жана 581 банктык эмес каржы-кредиттик уюму насыя берди. Бул тууралуу 3-декабрда Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Жыл башынан бери алар тарабынан 2,7 миллион насыя берилген, мунун ичинен 294 миң насыя же жалпы кредиттердин 11 пайызга жакыны бизнес менен алектенген жеке жактарга берилгени айтылат маалыматта. Андай кредиттерди алган аялдардын саны 142 миң экени, бул кредит алган жеке жактардын 48 пайызын түзөт. Ал эми банктык эмес каржы-кредиттик уюмдары тарабынан бизнес үчүн аялдарга берген насыялар аталган максатка берилген жалпы насыялардын 55 пайызын түзсө, бул көрсөткүч коммерциялык банктарда 40 пайызды түзөт.

Жеке жактарга бизнес үчүн берилген насыялардын жалпы көлөмү 2024-жылдын 1-октябрына карата 74 миллиард сомду түздү. Мунун 37 пайызын же 27 миллиард сомду аялдар алышкан. 18 миллиард сомдон ашыгын ишкер аялдарга банктар, 9 миллиард сомун каржы уюмдары беришкен.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо