Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Адамдагы эң чоң орган – ТЕРИ

№1148

• Адам организминдеги эң чоң жана эң салмактуу орган – тери болуп эсептелет. Тери алдындагы клетчаткаларды кошкондо адамдын 15-20 пайыз салмагын түзөт. Жалпы үстүнкү аянты орточо эсеп менен 1,5-2 чарчы метр. Калыңдыгы – 0,5-5 миллиметр.

• Тери үч катмардан турат: эпидермис, дерма жана гиподерма. Анда 9-12 миллиард клетка жайгашкан.

• Тери адамга түгөй табууга жардам берет. Ар бир адамдын терисинин жыты ар башка болот. Жаратылыш адамга теринин жытына жараша түгөй тандоо касиетин берген.

• Тери көп жуунганды жактырбайт. Теринин үстүнкү эпидермис катмарын коргоочу микроорганизмдер бактерияларга каршы туруучу “жоокерлер” десек болот. Ысык суу жана түрдүү жуунуучу каражаттар теринин табигый коргонуучу катмарын, майларды жууп, “жоокерлерди” алсыратып салат. Натыйжада тери кургап, кычышуу пайда болот.

• Адамдын үйүндөгү чаңдын үчтөн бир бөлүгүн тери кабырчыгы түзөт. Тагыраагы, 1 мүнөттө адамдан 40 миңден ашык теринин өлүү клеткалары түшүп турат. 70-80 жыл жашаган адамдан түшкөн тери кабырчыктарынын салмагы 18 килограммга чейин жетиши мүмкүн дешет окумуштуулар. Кинолордо иттер адамды из, жыт менен табат делет го. Чынында, иттер дал ушул өлүү түшкөн тери кабырчыктары аркылуу табышат.

• Тери – адамдын ден соолугунун күзгүсү. Дарыгерлер алгач теринин абалына карап бейтаптардын ооруп жатканын биле алышат. Анан да тери гормоналдык орган болуп эсептелет. Анткени эстроген, кортикостероид, катехоламин сыяктуу гормондорду өзү синтездейт. Андыктан терини эндокриндик системдин жардамчысы десек болот.

• Тери – эмоционалдуу орган. Эмоция бир гана мээге тиешелүү дегендер жаңылышат. Анткени тери эң сезимтал орган болуп эсептелет. Ал температуранын өзгөрүшүнө, басымга, вибрацияга, үнгө, ооруга, ырахаттанууга жана башкаларга реакция жасайт. Тери эмоционалдык стресске да өтө сезгич келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, экзема, псориаз жана безетки сыяктуу теринин сезгенүүлөрү стресс учурунда күчөп кетет. Эгер териде сезгенүү жок болуп, ошол эле учурда адам стресске кабылса, тердөө, муздак тер басуу, кычыштыруу, кызаруу же белгисиз дөмпөйгөн нерселер пайда болушу мүмкүн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо