Дүйнөлүк шоу-бизнес жаңылыктары

№1149

Ашказанын кичирейткен опЕРациядан кийин актриса Халима Ибрагимова каза болду

Өзбекстандын театр жана кино актрисасы Халима Ибрагимова 7-декабрь күнү каза болду. Актриса карьерасында көптөгөн тасмалардын жылдызына айланган. Көпчүлүк аны орустардын “Универ: новая общага” сериалы аркылуу да тааныйт. Акыркы жолу ал күйөрмандары менен 25-ноябрь күнү соцтармак аркылуу байланышка чыгып, ден соолугунда олуттуу маселелер болуп дарыланып жатканын айткан. Халима Ибрагимова каза болгондон кийин анын өлүмүнүн себебин жакын курбусу, кесиптеши, ырчы, актриса Юлдуз Усманова айтып берди. “Халиманын омуртка аралык грыжасы бар эле. Врачтар “же операция жолу менен грыжаны алдыр, же арыкта” дешкен. Ал мага айтпай арыктоо максатында ашказанын кичирейткен операция жасатыптыр. Байланышка чыкпай калганынан телефон чалсам, “операция болгон жерим ириңдеп кетти” деди. Экинчи операцияда жаракатты жапканга териси жетпей, чоң көлөмдөгү жаракат ачык бойдон калды. Кан басымы да көтөрүлүп, кандагы канттын деңгээли 30га чыгып, түшпөй койду. Өзү деле ичер суусу түгөнүп баратканын сезип жатты...” деп эскерет.

Халима Ибрагимова 45 гана жашта эле. Артында 1 уул, 1 кызы калды.

Снуп Догг кызынын үлпөт тоюна 1 миллион доллар белек кылды

Америкалык рэпер, музыкант, актёр, продюсер Снуп Догг кызына кымбат белек тартуулады. Тагыраагы, анын 25 жаштагы Кори Бродус аттуу кызы жакында турмушка чыгат. Бул жакшылыкка рэпер кызына 1 миллион доллар белек кыларын айтып, “менин үйлөнүү тоюм болсо
100 доллар эле коротуп, калганын чөнтөккө салат элем” деп тамашалаган. Кори азырынча атасынын белегин ала элек, анткени жылдын башында инсульт алган эле. Кыз 6 жашынан бери волчанка дарты менен күрөшүп келгенин, учурда күнүнө 10дон ашык дары-дармек ичерин айтат. Буюрса, Коринин ден соолугу туруктуу абалга келсе, рэпердин үй-бүлөсүнө жаңы мүчө кошулуп, күйөө балалуу болушат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо