Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кышында свет 1-2 сааттан өчүрүлөт

№1150

Үстүбүздө кыш, жазга көп бар. Өлкөдө свет маал-маалы менен өчүрүлүп, турмушу электр жарыгына тыгыз байланган эл буга нааразычылык билдирүүдө. Бийлик элди дагы 3-4 жыл чыдоого чакырды.

Ким күнөөлүү? Мурдагылар...     

Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөрүн президент Садыр Жапаров 14-декабрда “Кабарга” курган кезектеги маегинде ырастады. Ажо өлкөдөгү энергетикалык кризис үчүн кайрадан мурдагы бийликти күнөөлөдү. “30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес, жыл сайын бирден ГЭС салып турушканда азыр мынчалык кыйналбайт элек” деди ал. Маалыматка таянсак, учурда Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын алып жатат. Ал эми өчүрүүлөр көмөкчордондорду күйүп кетүүдөн сактоо үчүн жасалууда.

– Бир-эки саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул иш-чара узакка созулган өчүрүүлөрдөн сактап турат. Кымбат баалуу көмөкчордондор күйүп кетсе, күндөп-түндөп созулган өчүрүүлөр болуп кетет. 30 жыл чыдаган элибиз дагы 3-4 жыл чыдап турса. Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу бүтсө, электр кубатынын тартыштыгы толук жоюлат. Керек болсо, 2030-жылдан кийин кышкысын да электр жарыгын экспорттой баштайбыз, – дейт президент.

Электр жарыгы качан жетиштүү болот?

2021-жылы президент “электр энергиясындагы тартыштыкты 2024-25-жылдары жоюп, электр жарыгын экспорттой баштайбыз” деп билдирген. Ондогон чакан ГЭСтер курулары, алар өлкөнү энергетикалык кризистен сууруп чыгары айтылган эле.

2023-жылы Министрлер кабинетинин ал кездеги жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргызстан 2026-жылдан баштап электр энергиясын экспорттоп баштайт” деген. Көрүнүп тургандай, убадаланган энергетикалык жыргалчылык улам артка жылууда. Расмий маалыматка таянсак, акыркы 2 жылда өлкөдө 25 чакан ГЭС курулган, бирок алар энергетикалык абалды жакшыртып жибере элек.   

Үстөккө-босток...

Элде светтин тез-тез өчүп жатышы гана эмес, жаратылыш газынын жетишсиздиги да нааразычылык жаратууда. Садыр Жапаров мунун себебин “5 жаңы конушту газдаштырдык, анын үстүнө кошуна өлкөлөрдө дагы газ жетишсиз болуп жатат” деп түшүндүрдү. 2013-жылы “Кыргызгаз” ишканасы Орусияга 1 долларга сатылган. Келишимге ылайык, Кыргызстандагы ондогон жаңы конуштарды газдаштыруу, газ инфраструктурасын жаңылоо, газды өлкөгө үзгүлтүксүз жеткирүү милдети Орусиянын моюнунда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо