“Бала – береке” төлөмү берилет

№1151

Бийик тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелер үчүн бир жолку “Бала – береке” төлөмү берилет. Тийиштүү жарлыкка 23-декабрда президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлду. Жарлыктын максаты – калктын санынын өсүшүнө шарт түзүү, алыскы жана шарты катаал аймактарда жашаган энелерди, балдарды колдоо.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-январынан кийин 4-баласын төрөгөн энелерге 100 миң сом берилет. Ал эми 5-баласын төрөгөндөргө 600 миң сом, 6-бала үчүн 800 миң сом, 7-баласы үчүн 1 миллион сом, 8-баласы үчүн 1 миллион 200 миң сом, 9-баласы үчүн 1 миллион 500 миң сом берилмекчи. Ал эми онунчу же андан кийинки баласын жарыкка алып келген энелерге 2 миллион сом берилери айтылды. Аталган төлөм бала 1 жашка чыкканда төлөнөт. Президенттик администрация өкмөт 6 айдын ичинде өзүнүн иш кагаздарын ушул жарлыкка ылайык келтирүүгө, “Бала – береке” төлөмүн берүүнүн тартибин жана шарттарын, каржы булактарын аныктоого тийиш экенин маалымдады.

Эскерте кетсек, өлкөнүн коопсуздугу үчүн калктын санын көбөйтүү керектигин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтып чыккан. Коомчулукта төрөттүн саны өсүш үчүн элдин жашоо турмушу жакшырып, балдардын ден соолугу, билим алуусу, коопсуздугу үчүн жакшы шарттар түзүлүшү керек деген пикирлер көп айтылып жатат.  


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо