Вазелин эмнеден жасалат?

№1159

Вазелин дүйнөдө тонналап сатылган каражаттардын катарына кирет. Анткени ал көпчүлүк косметикалык каражаттардын курамында бар, ошондой эле медицина, электротехникалык өнөр жайда жана башкаларда да кеңири колдонулат. Вазелин качан, кантип пайда болгон? Ушул суроонун жообун билесизби? Билбесеңиз, окуп билип алуу ашыкча болбосо керек. 

Мунайдан алынат

Аталган каражатты 1859-жылы англиялык химик Роберт Август Чезбро ачкан. Окумуштуу алгач изилдөөсүнө мунай желеси деген аталыш берген. Анткени вазелин мунайдан (нефть) алынып, иштелип чыккан. Бирок бул аталыш рынокто сатып алуучуларды өзүнө тартпагандыктан, вазелин деп өзгөрткөн. Аталышы немис тилинен «wasser» – “суу” жана грек тилинен «elaion» – “зайтун майы” деген түшүнүктөрдү камтыйт. Роберт Чезбро мунай кенинде иштеп жүргөн жумушчулар денесиндеги жаракаттарга капкара, жабышчаак нерсе сүйкөшөрүн байкайт. Жумушчулардан сураганда кара ботко кесилгенден, күйүктөн алган жаракаттарды бат айыктырууга жардам берерин айтышат. Анан окумуштуу баягы боткону бир бочкага толтуруп алып лабораториясына алып келет. Курамы минералдык майлар жана парафин болуп чыгат. Биринчи тазалоодо кара ботко сары түскө келет, толугу менен тазалоодон өткөндө түссүз, майлуу мазга айланат.

Канайым Виктория тарабынан сыйланган

Продуктусун патенттегенден кийин Роберт Чезбро 1870-жылы Бруклинде алгачкы вазелин чыгарган фабрикасын ачып, АКШнын штаттарын аралап сатуу турнесине чыгат. Ал кардарларына вазелиндин дарылоочу касиетин көрсөтүү максатында атайын колун кесип же күйгүзгөн учурлары болгон делет. Жаракатына везелинди сүйкөп, терини бат калыбына келтирүүчү медициналык каражат катары жарнамалаган. Окумуштуунун аракети текке кеткен эмес, 1880-жылдары вазелин бүт дүйнөгө тарап кеткен. Англиянын канайымы Виктория 1883-жылы Роберт Чезброго рыцарь наамын берип, өзү күнүгө вазелин колдонорун белгилеген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо