Депутат Султанбай Айжигитовго парламентте микрофон тийбей жатат

№1161

Кыргыз-Тажик чек арасынын чечилиши боюнча өткөн аптада сын пикир айткан депутат Султанбай Айжигитовго Жогорку Кеңеште кесиптештери микрофон бергиси келбей жатышат. 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Айжигитов “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылганы боюнча билдирүү жасоого 10 мүнөт убакыт сурап төрага Нурлан Тургунбек уулуна кайрылды. Төрага сунушту добушка коюп, бирок көпчүлүк депутаттар “микрофон берилбесин” деп добуш беришти. Буга нааразы болгон Айжигитов “эми өз пикиримди айтууга да уруксат бербейсиңерби? Депутатсыңарбы же кимсиңер? Бул жер парламентпи же нотариалдык кеңсеби?” депутаттарга сын айтты.  

Депутат Айжигитов парламенттин 13-марттагы жыйынында да борбордук трибунага чыгып сүйлөө үчүн 10 мүнөт убакыт сурады. Кайрадан депутаттар колдоого алышкан жок, каршы добуш беришти. Мындан кийин Султанбай Айжигитов буларды айтты:

“Чек ара боюнча сүйлөбөйм, эмне мынча коркосуңар? Өзүңөрдөн өзүңөр эле парламентти элге жаман көрсөтүп жатасыңар. Мындан ары жума сайын сөз сурайм, акыры бересиңер. Анткени бул депутаттын укугу”.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо