Чет элдик номурлуу автоунаалардын ээлери УКМКнын алдына митингге чыгышты

№1162

17-мартта Бишкекте УКМК имаратынын алдында Абхазия, Армения сыяктуу өлкөлөрдөн алып келинген автоунаалардын ээлери кайрадан нааразычылык акциясына чыгышты. Алар автоунааларын легалдаштырууну тездетүүнү жана унааларды мыйзамдаштыруу үчүн мамлекетке төлөнүүчү 100 миң сомдук төлөмдү 50 миң сомго чейин түшүрүүнү талап кылышты. Андан тышкары унааларын сатууга уруксат берүү маселесин көтөрүштү. УКМКнын маалыматына таянсак, өлкөдө 15 миңден ашык чет элдик номурлуу унаа катталган, алардын 90 пайызы оң рулдуу. Президент Садыр
Жапаров 10-январда андай автоунааларды легалдаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Өкмөт эки ай жол-жобосун иштеп чыгып, үч этаптан турган легалдаштыруу процедурасы башталууга тийиш эле. Биринчи кезекте документтери бар чет элдик автоунаалар каттоого алынып, мамлекеттик номур берилет. Экинчи этапта техникалык абалы талапка жооп берген автоунаалар катталат, ал эми үчүнчү этапта унаа ээлерине аларды сатууга, бөлүктөргө ажыратууга же өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Бирок унаа ээлери бул шарттарга макул эместигин билдиришип, өкмөттөн процедураны жеңилдетүүнү жана төлөмдөрдү төмөндөтүүнү талап кылышууда. Нааразы тараптар буга чейин Бишкектин Горький аянтында да митингге чыгышып, ушул эле талаптарды айтышкан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо