Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бир бүркүм. Төкмө акын эскертүү алды... 

№1163

Өлкөдө жыл башынан бери 110 жаран жол кырсыгынан каза тапты.

 Эмилбек Ысманов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

 Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетине “улуттук” деген макам берилди.

 Төкмө акын Асылбек Маратов УКМКга чакырылып, эскертүү алганын жазып чыкты.

 Ализа Солтонбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды.

 “Учкун” ишканасы жаңы үлгүдөгү кыргыз сомун басып чыгара баштады.

 Бишкекте абактарга дрон аркылуу баңгизат киргизип жүргөн деп шектелип 20 жаштагы жигит кармалды.

 Жумагүл Сатыбалдиева Баткен районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.

 Өлкөдө 28-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрү эскертилди. 

 Акыл Токтобаев “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

 Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү 30-июнга чейин узартылды.

 26-мартта Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 Улан Жолдубаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

 Нарында иштеген банк кызматкери Таластын тургунун 1 миллион сомго алдаган деп шектелүүдө.

 Баткенде мандарин өстүрүү пландалып жатканын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

 Түркиялык “AnadoluJet” авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек аба каттамын ишке киргизди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо