Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“Гиннесстин рекорддор китебин” ким ойлоп тапкан?

№1164

Сыра чыгарган компанияга таандык

Дүйнөдөгү эң-эң деп саналган кызыктуу учурларды, рекорддорду каттаган “Гиннесстин рекорддор китеби” же “Дүйнөлүк рекорддор китеби” качан жана ким тарабынан чыгарылганын билесизби? Адамдардын жана жаныбарлардын рекорддук иш-аракеттерин, жаратылыштын уникалдуу кубулуштарын каттаган китеп алгачкы жолу 1955-жылы сыра чыгаруучу “Гиннес” деп аталган ирландиялык компаниянын буюртмасы менен басылып чыккан. Мындай китеп чыгаруу идеясы компаниянын жетекчиси Хью Биверге таандык. Ал тааныштары менен аңчылыкка чыгат. Ортодо "кайсы куш баарынан ылдам учат?" деп талаш чыгат. Ал талашты тактай турган маалымат булагы жок экенин байкаган Хью мырза мындай талаштарды чечүү үчүн абройлуу бир ишкана маалымат-китеп чыгарса болорун ойлонот. Ошентип анын идеясы 1955-жылы 27-августта ишке ашып, “Гиннесстин рекорддор китебинин” 1-басылмасы жарыкка чыккан.

Рекордго жеткендерге акча төлөнөбү?

Китепке алгач компанияда иштеген Крис Чатэвэй  жана ага-ини Макуайртерлер жалаң илимий жактан изилденген, такталган маалыматтарды киргизишкен. Бара-бара адамдардын кызыктай жоруктары жана башка илимден сырт кубулуштар кызыгуу жарата баштаган. Басылманын авторлору өздөрүнүн эмгегин эң көп сатылган жана популярдуу китептердин катарына кошушат. Быйыл китеп 70 жылдыгын белгилейт.

Көпчүлүктү кызыктырган суроо: китепке рекордчу катары киргендерге акча төлөнөбү? Рекордчуларга эч кандай материалдык сыйлыктар берилбейт. Болгону аты-жөнү дүйнөлүк рекордчулардын катарына кошулат.

Эң алдынкы рекордчу

“Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү оңой эмес процесс. Компанияга рекорд жаратуу өтүнүч-арызы, жолугушуу, келишим түзүү сыяктуу бир нече тепкичтер бар. Андан сырткары жасала турган рекорд белгиленген 10 категориянын бирине туура келгидей нерсе болуш керек: байлык, атак-даңк, эрдик, искусство жана медиа, жетишкендиктер, адам, коркунучтар жана кырсыктар, спорт, билим, заманбап технологиялар.

Китептин эң алдынкы рекордчусу болуп Нью-Йорк шаарынын тургуну Ашрита Фурман эсептелет. Анын эсебинде 600гө жакын рекорд бар. Алгачкы рекордуна 27 миң жолу секирүү менен жеткен. Ал суу астында жонглёрлук кылуу, узун калем (23 метр) жасоо сыяктуу иш-аракеттери менен рекорд жаратып келет.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо