Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мыйзамсыз курулуштарды бузуу кампаниясы айылдарга жетти

№1164

Мыйзамсыз курулуштарды бузуу демилгеси алыскы айылдарга чейин жетти. Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков Кара-Кулжа районунун Жийде айылындагы бардык үйлөрдү бузуу тууралуу чечим бар экенин айтып чыкты. Айтымында, аталган айылда 150дөн ашуун түтүн жашайт. Алардын турак жайлары автожолдор жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык бузулушу керек болгон. Депутат бул ишти этап менен жүргүзүүнү сунуштады.

Төрага Нурлан Тургунбек уулу айылдарда жолду кеңейтүү үчүн тургундарды мажбурлоо жүрүп жатканын айтты.

– Тынч жаткан элди козутуп жатышат. Жолго көбүрөөк чыгып кеткен курулуштарды бузууга эл өзү деле макул. Бирок кээде аткаруу бийлиги аша чаап кеткен учурлар болуп жатат,- деди төрага. 

Ал эми депутат Дастан Бекешев шаарлардын жана айылдардын башкы пландарын ачыктоону талап кылды.

– Тилекке каршы, жарандарга деталдуу пландоо планы көрсөтүлбөйт. Жолду кеңейтиш керек болгондо “бул жерден кызыл сызык өткөн” деп айтышып, 1970-жылдагы же 2000-жылдагы документтерди көрсөтүшөт. Негизи эле кызыл сызык каерден өтүшү керектигин ким чечет? Кызыл сызыктын айынан көптөгөн жарандар мүлктөрүнөн ажырап жатышат,- деди Бекешев.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо