Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сугат суунун жаңы тарифи талкууга түштү

№1164

Өлкөдө сугат сууга жаңы тарифтер киргизилди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев буга чейин сугат суусуна чогултулган акча натыйжасыз пайдаланылып келгенин айтат. Министрдин айтымында, өлкөдө 28 миң чакырым сугат каналы бар, анын 22 миңин сугат сууну колдонуучулар ассоциациясы көзөмөлдөгөн. Бирок топтолгон 1-1,5 миллиард сомдун кандай сарпталганы белгисиз болгон. Жаңы систем боюнча, 15 райондо, сугат суу тартыш болгон аймактарда 1 гектар жер үчүн 250 сом, калган аймактарда 500 сом төлөнө баштайт. Эгер суу жетиштүү берилбесе, фермерлер сумманы толук төлөшпөйт. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бул жаңы тарифтер боюнча элде нааразычылык бар экенин белгилеп, Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды. Ал министрликти реформалоо зарыл экенин айтып, тариф саясаты так аныкталбай жатканын белгилейт. Депутат “айыл чарба иштери башталды, бирок министрлик дагы эле чечим кабыл албай жатат” деп нааразы болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо