Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Муфтият паранжа, никабга каршы экенин билдирди

№1165

Паранжа жана никаб маселеси боюнча талкуу уланууда. Муфтият бул боюнча атайын билдирүү жасап, никаб кыргыз салт-санаасына жат экенин белгиледи. “Мамлекет коопсуздукту камсыздайт. Үрп-адатка каршы кийимге фатва берилбейт. Никаб – биздин коомго бөтөн көрүнүш”, – деп билдирди муфтият. Ошондой эле айрым адамдар никабды жамынып, коомдук коопсуздукка шек келтириши мүмкүн экенин, жүздү ачык алып жүрүү зарылдыгын эскертти.

Бул билдирүү Жалал-Абадда жана Ошто никаб кийгендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан учурга туш келди. Мыйзамга ылайык, коомдук жайларда жүздү жашырган кийимдерге тыюу салынат. Эрежени бузгандарга 20 миң сом айып салынышы мүмкүн. Президент Садыр Жапаров дагы “Кабарга” курган маегинде коомдук коопсуздук биринчи орунда экенин, никабга тыюу салууну “туура кадам” деди.

– Муфтият кандай фатва чыгарса, ал бүткүл өлкө боюнча аткарылышы керек. Муфтият жөндөн-жөн эле оюна келген фатваны чыгара бербейт, илимге таянат. Бизде никабга дагы, паранжага дагы муфтият тарабынан тыюу салынган, аны жарандар милдеттүү түрдө аткарышы керек. Күч органдары да бөрк ал десе, баш албашы зарыл. Жоолукчан, бирок жүзү ачык жүргөндөргө тийишпегиле, – деди Жапаров.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо