Мышык өмүрүнүн жарымынан көбүн уктап өткөрөт

№1167

Дүйнөдөгү жалкоо жаныбарлардын катарына кирген мышык тууралуу кызыктуу фактыларды окуп алыңыз.

1. Мышык бир суткада 16-18 саат уктай берет. Канчалык карыган сайын ошончолук көп уктайт. Жалпылап айтканда, өмүрүнүн 70 пайызын уктап өткөрөт.

2. Дүйнө жүзү боюнча мышыктардын негизги 33 породасы бар. Калган 100дөн ашык порода бири-бири менен аргындашкандан улам жаралган породалар.

3. Адамдыкына (60-90) салыштырмалуу мышыктын жүрөгү батыраак согот, тагыраагы, мүнөтүнө 110-140 ирет согот.

4. Эң кичинекей үй мышыгы Tinker Toy аттуу Гималай мышыгы болгон, салмагы жарым килограммдан бир аз ашып, боюнун бийиктиги 7 сантиметр болгон. Ал эми австралиялык Химми аттуу мышык дүйнөдөгү эң оор мышык болуп саналат. Анын салмагы 21 килограмм, белинин өлчөмү 84 сантиметр болгон.

5. Ургаачы мышык өмүрүндө болжолдуу 100 мый-мый тууй алат.

6. Мышыктын мурдунун териси адамдын манжа изиндей эле уникалдуу болуп эсептелет.

7. Мышыктын 517 булчуңу бар. Алардын 12си кулактарды башкаруу үчүн колдонулат.

8. Мышыктын скелетинде адамдыкына караганда 40ка көп сөөк бар.

9. Эң узак жашаган Англиядагы Пус аттуу мышык болгон. Ал 36 жашка чыккандан бир нече күндөн кийин каза болгон. Үй мышыктарына караганда жапайы жаратылышта жашаган мышыктар аз жашайт, 10 жыл жашаса көп жашады делет.

10. Мышыктын денесинин температурасы – 38 градус.

11. Мышыкка цитрус жемиштеринин жыты жакпайт. Аларды адамдар мышыкты айрым жерлерден качыруу үчүн колдонушат.

12. Мышыктын биоэнергетикасы адамдагы жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алганга жардам берет деген ишеним бар.

13. Мышыктын муруту – жыт билгич анан да айлана-чөйрөдө навигатор кызматын аткарат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо