Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Арсен: «КРИЗИСТЕН» ЫРЛАРЫМ АРКЫЛУУ КУТУЛАМ»

№434 25-февраль - 3-март, 2011-ж.

Биздин каарман “Ош менен Көлдү көрө элек мезгилимде Кытайга бардым. Өнүккөн өлкө экенинде талаш жок, бирок баары бир мекениме жетпейт” дейт. Анда ыр ышкыбоздоруна кайгылуу ырлары менен таанылган Арсендин жылуу маегин сунуштамакчыбыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Жумабеков Арсен Бакирович
Туулган жери – Талас облусу, Көк-Ой айылы
Туулган жылы – 1988-жыл, 9-сентябрь
Бою – 184 см, салмагы – 84 кг
Жылдыз белгиси – Бийкеч
Бош убактысында – Спорт менен машыгып, келбетине кам көрөт
Жактырган тасмасы – “Троя”

– Арсен, эртең менен чалбай түштө чалсам, уйкулуу үн менен “алло” дедиң. Уйкучусуңбу же көп иш бүтүрүп колуң бошобойбу?
– Чыгармачыл адамдардын жашоосу түштөн кийин башталат. Өзү, ырчылар, уйкучу калкпыз. Анткени чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп эле түн бир оокум болуп кетет да, анан кеч турмай. Мен күнүгө таңкы саат 4-5те жатам. Себеби жаштыкты туура пайдаланып калгым келет. Кафеде 5 саат ырдайм. Андан кийин досторум чалышат, кино, футбол көргөнү барабыз.
– Эмне үчүн ырчылык жашоону тандап алдың?
– Атам кайтыш болуп, кыйынчылыктар баштан өткөн. Чоңоюп, атамдын жолун жолдомокко Бишкектеги Финансы техникумуна тапшыргам. Ошондо окуп жүргөндө эле ырчылар Мирбек, Омар менен тааныш болчумун. Кийин кафеде ырдап калдым. Алар “картайганча эле кафеде ырдап жүрө бересиңби, эми сахнага чык” дешчү. Окууну бүттүм, бирок ырды тандадым. Мен ырчы болгонго чейин башкача бала элем. Жүрөктөгү букту, жан дүйнөмдөгү байлыкты, сезимимди ырчылык ачып берди. Мен азыр мурдагы Арсен эмесмин. Эч кимден коркпойм. Адам деген максатына жетишүү үчүн эч качан коркпош керек экен. Кээде жан дүйнөмдө “кризис” болуп калат. Бирок ошондон да ыр аркылуу кутулуп чыгып кетем. Кудайым ырчылыкты насип кылганына ыраазымын.
– Азыркы ырчыларды “жаштар толкуну”, анан “жаандан кийинки козу карындай” деп тергеп коюшат эмеспи. Сен кайсы тарабына кирем деп ойлойсуң?
– Бул агымдын кайсынысына киреримди деле билбейм. Болгону, өзүмө жаккан чөйрөдө жүргөнүмдү жакшы билем. Эч кимге теңелгим, атаандашайын деген деле оюм жок. Ырчы деген сөздүн артында көп мээнет туруш керек деп эсептейм. Ырчы ырдап гана тим болбостон, бийлеп, музыкалык аспаптарда ойноп, музыканын өйдө-ылдыйын түшүнүп, билиши керек. Канчалык талант болбосун, билим керек да. Ошон үчүн быйыл консерваторияга тапшырсамбы деп турам. Гитарада, фортепианодо ойногонду билем.
– Күүгүмдө кызыл күрмөчөн кызды колтуктап бараткан экен­сиң?
– Каерден көрдүң?
– Бишкектин Чүй проспектисинен.
– Аа, эми андайлар боло берет. Жашпыз да, жүрөк жаш, башыбыз бош дегендей.
– Жигиттин үйлөнгүсү келгени жайнаган көздөрүнөн, кыздын турмушка чыгууга даяр экени жоодураган жүзүнөн билинет дейт. Сенин көзүң жайнап, өзүнчө эле...
– Ха-ха-ха!.. Азырынча эч ким менен сүйлөшпөй элемин. Бирок көңүл калуу жаман экен. Москвада окуган бир кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Ойлогом, баары жакшы болот го деп. Болочок жарым ушул деп элестетип, кыялданып да алган элем. Тилекке каршы, мамилебиз жакшы болбой калды. Менде да намыс бар, өзүмдү андан төмөн карагым келбеди. Ошондуктан азыр “Арсен, эч ким менен сүйлөшпө!” деп чоң белги коюп койдум. Ким билет, жакшы бир кызга жолуксам, экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшсөк, жарым жылга калбай үйлөнүп алышым мүмкүн.
– Кыз жандап, жаанда жанаша чуркап, көздөр чагылышкан убагың эсиңе түшүп кетти окшойт, ээ?
– Мен өтө романтикмин. Өзүм жаш болгонум менен, кыздарга кары көрүнөт окшойм. Ушул жашка келгени өзүм менен тең же кичүү кыздар менен жүргөн эмесмин. Сүйлөшкөн кыздарым өзүмдөн 4-5 жаш улуу болчу. Бардыгы эле карышкырлар эле да, баарын түшүнгөн. Көздөр чагылышкан күндөр анча деле эсте калбаптыр. Жыл жаңырар алдында бир кыз менен жолуктум. Аба ырайынын сууктугуна карабай, ошол убакта эмнегедир күндүн батканы бир укмуш көрк берип турду. 5 айдан бери кездеше элек болчубуз, өзүнчө эле романтикалуу жолугушуу болгон. Ошону эстеп кеттим.
– “Бош убактым болбой, туугандарымды таарынтып алдым” деп жүрдүң эле, алардын көңүлүн кантип алдың?
– Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, мен улуусумун. Атамдын эжесинин балдарынын жалгыз эле таякеси мен болом да. Анан ошол жээндерим Нарынга чакырганынан бара албай калып таарынтып алган элем. Гезитке чыкканымды көрүп, анан кубанып, жазылып калышты.
– Бактылуу балалык, айылдын айлуу кечтери тууралуу эмне айта аласың?
– Бактылуу балалыгым 7 жашка чейин эле болду го дейм. Андан кийин оокат-тиричиликке аралашып кеткем. Аталаш иним экөөбүз 12-13 жашыбызда гектарлаган жерлерге буурчак айдап, трактор издеп эмгектенчүбүз. Азыр эстесем, ошол күн деле жыргал экен да. Чоңойгондон кийин жеңил болуп калды. Үйдөн паласты сүйрөй чыгып, токой жээктей достор менен гитара чертип, кыздарга таң аткыча серенада ырдаган күндөр мына кечээ эле өткөн. Ошентип, Таласта өсүп-чоңойгон ак көңүл Арсендин айылы, балалыгы, аруу махабаты ырларында берилип келе жатат.
– Ырчы Каныкей эч кимди чакырбай, концертине сени чакырган экен...
– Каныкей менен кесиптеш катары жакшыбыз. Жылуу учурашып, жакшы сүйлөшөбүз. Ал эми сахнадан сырткары жолукпайбыз деле. Концертинде чакырды, ыраазы болуп калдым, ырларымды жакшы көрөт экен. Мындан сырткары Кундуз, Макс Бегалиев, Омар менен жакшы достордонмун.
– Омар демекчи, ал экөөңөр акыркы кезде гезит беттеринен түшпөй калдыңар?
– Финтехте Омар да окучу. Бир жолу экөөбүз сүйлөшө кеттик. Ошондон баштап эле жылдызыбыз, мүнөзүбүз төп келишти окшойт, жакын доспуз. Колумдан жетелеп сахнага сүйрөгөн да Омар. Америкага болгон сапарыбыз да кызыктуу болду. Анда ыраматылык Микаэль, анан Макс, мен, Омар болуп бир квартирада жашап жүрөбүз. Омар экөөбүз сүйлөшүп алдык, эч нерсе кылбайбыз деп. Кечке уктайбыз, компьютерде ойнойбуз. Микаэль тамак жасап, Макс үйдү жыйнаштырып эле жүрөт. Эки күн жыргадык да, анан кой деп тентектикти токтоттук.
– Сени Актан Исабаевге окшоштурушат экен...
– Мен бул сөздү көп адамдан угам. Албетте, жагымдуу. Бирөөлөр “сен Актандын иниси болосуңбу?” деп сурашат. Баарына эле жок дей беремби деп кээде тамашалап, “ооба, иниси болом” дейм. Чынында, келбетим деле, үнүм деле окшошпосо керек. Актан байкени сыйлайм, ага жетиш кайда, анын үнү бийик, меники аста чыгат. Экөөбүздүн үнүбүз асман менен жердей эле, а келбетибиз боюнча сакалыбыз эле окшош болбосо.
– “Арсендин ырларынын сөзүн уга албай кыйналабыз, үнү жок” деп сындашарын уктум, буга кандай карайсың?
– Ар кимдин өзүнүн көз карашы болот да. Мен жөнүндө ким кандай ойду айтпасын, мен баарын туура кабыл алам, алардын мен тууралуу айтканын жакшы көрүнүш катары баалайм. Үнүм акырын чыгышы мүмкүн. Бирок бара-бара оңолобуз. Мен ар бир ырымдын сөөлөтүн өзүм түзөм, көбүнчө сүйүүнүн азабын тарткан ырларды ырдайм. Ошондон улам айтылса керек. Буюрса, алдыда шаңдуу ырлар жаңырат.
– Учурда продюсер менен ырчы урушу көп кездешүүдө, продюсериң Миргүл экөөңөрдө пикир келишпестик коркунучу жаралбайбы? Сени ким каржылайт?
– Миргүл мага гана эмес, Омарга, Кундузга, Максат Бегалиевге жардам берип жүрөт. Мен ойлойм, бизде чыгармачылыктан да биринчи орунда достук турат деп. Анткени баарыбыз түшүнүшүп иш алпарабыз. Ошондуктан мындай маселе жаралбаса керек. Ыр жазып, клип тартканга Миргүлдүн да салымы бар. Өзүмдү өзүм эле каржылайм.
– Клиптериңе тартылган сулуу кыздарды продюсериң тандайт экен да анда?
– Кыздарды өзүм тандайм. Көчөдөн бир сулууну көрсөм, дароо эле клипке тартылуу сунушун киргизем. Кээде интернеттен клиптеги каарманымды таап алган учурлар болот. Кээ биринде болсо, өзүбүздүн эле дос-тааныш кыздарыбыз тартылып беришет.


Жылмайып коюңуз!

Спорт Ордосу. Алдыңкы катарда отурган кыз жанында отурган Арсенге кайрылып:
– Жигиттин үнү начар экен, ырдап жаткан ким экенин билесизби?
– Ооба, бул Омар да, менин досум,- деп жооп берет Арсен.
– Ой, кечиресиз. Чын эле, бул жигиттин үнү абдан жакшы экен, жөн гана ырдын обону начар. Сыягы, обончу начар окшойт.
– Ырдын обону меники...

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Маек - Арсен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
25.02.2011. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen, jelayu tebe bol'shih tvorcheskih uspehov!!!
25.02.2011. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очень классный человек. Уважаю:)
27.02.2011. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uvajayu ego tvorchestvo i chelovechnost'!!!
SUPER.KG видео
28.02.2011. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat!
28.02.2011. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jonokoi,tushunuktuu jana adamkerchiilktuu jigit,
Chygarmachylyk jaatynda kop-kop iygilikterdin jaraluusun kaalaimyn:)
28.02.2011. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krasava...
SUPER.KG видео
01.03.2011. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz4a m-n orus4any aralashtyryp suylogony bolboso ele, yny jagat byl yr4ynyn.
SUPER.KG видео
01.03.2011. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр баары эле mix м-н суйлошот да! Азамат! Чын эле (каары эмес) чон корунот экен. Баардык ырларынын маааниси жакшы. Башкалардай тажатчу ырлар эмес. Чындыгында ырчыларды бири-бирине окшотпой озунчо кабыл алганыбыз жакшы!Чыгармачылык ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
22.07.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashkalarga karaganda kyrgyzchany jakshy ele suyloytken,jakty!!
SUPER.KG видео
06.11.2011. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen the best! Forever. Jany 4ugup kele jatkan juldyzdarga toskol bolbosonuzdar,
SUPER.KG видео
24.11.2011. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лично я в него влюбилась
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо