Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УКМК курулушта орун алып жаткан кырсыктарды иликтей баштады

№1170

Бишкек шаарынын Архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Тилек Кадыкеев жана курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК 14-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын кармалышына курулуш объектилеринде болгон кырсыктар, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги себеп болгону айтылды. УКМК курулуштагы кырсыктарды иликтөөгө киришти. Маалыматта берилген статистикага таяна турган болсок, акыркы үч жылда курулуштагы кырсыктардын саны он эсеге өскөн. 2022-жылы бийиктиктен кулаган 11 факты катталса, 2023-жылы 73,  2024-жылы 172 окуя катталган. Ал эми 2025-жылдын алгачкы үч айында эле 30дан ашуун кырсык катталган. УКМК курулушта коопсуздук эрежелеринин сакталбай жатканын, буга айрым аткаминерлердин көз жумуп, пара алып, компанияларды калкалап жатышканын баса белгиледи. Ошондой эле көбүнчө  курулуш компаниялары жабыркагандардын жана каза болгондордун жакындарына акча берип, ишти жаап койгон учурлар дагы мындай кырсыктардын өсүшүнө себепкер болууда деп айтылды.

Ал эми адистер кырсыктардын себеби — көзөмөлдүн жоктугу жана жоопкерчиликсиздик экенин белгилешсе, УКМК мындай көрүнүштөрдү ооздуктоо үчүн иликтөөлөрдү мындан ары уланта турганын билдирди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо