Нан качан пайда болгон?

№1170

Адамзат колдонгон негизги азыктардын бири нан неолит же болбосо жаңы таш доорунда эле пайда болгон. Анда унга айлана элек дандарды (буудай, жүгөрү, арпа, сулу жана башка) сууга аралаштырып бышырышкан. Бара-бара түрдүү эксперименттердин натыйжасында данды майдалап унга айлантып, сууга аралаштырып ботко абалына келтирип, анан бышырганга өтүшкөн. Ал эми буудайды кантип тапкан? Бул суроого так жооп жок, ошентсе да окумуштуулар дан эгиндери адамзаттын жолунан кокустан чыккан деп божомолдошот. Мындан 15 миң жыл мурун эле, балким, аңчылык кылып жүргөндө, балким, баш калкалаганга жер издеп жүргөндө таап алышкан. Дан эгиндерин жеп көрүп, анын бир топ убакытка ток кармаарын байкагандан кийин адамдар ошол өсүмдүккө жакын жайгашып жашай башташкан. Бара-бара анын дандарын терип алып, тамак-аш экспериментине айлантышкан.

Камырга ачыткы кошуу ыкмасы биздин заманга чейинки 2600-3000 жыл мурун алгачкы жолу Египетте колдонулган. Андан гректерге, римдиктерге тараган. Камырды ачытуу үчүн гректер ун менен ачытылган жүзүм ширесинин аралашмасын колдонушкан. Римдиктер болсо камырды бир топ убакыт кармап, эскиртип туруп жаңысына кошуп көрүшкөн, бул ачытуу ыкмасын айрымдар азыркы күндө да колдонушат.

Римдик усталар нан бышырган мешти ойлоп таап, бул мешке нан жапкан наабайчы өтө баалуу-барктуу адам болуп саналган. Бийлик тарабынан жеңилдиктер берилген, мисалы, салыктан бошотуу сыяктуу. Римде заманбап мезгилге чейин жеткен наабайчынын 13 метрлик айкели турган. Наабайчылар сыяктуу эле буудай же башка дан эгиндерин өстүргөндү билгендердин статусу аңчылык, балык уулоо менен жан баккандарга караганда бийик болгон.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо