Дүйнөнү багынткан Лабубу оюнчугу тууралуу кызыктуу фактылар

№1173

Дүйнөнү багындырган акыркы тренддердин бири – лабубу куурчактары. Он миңдеген акчасын бул оюнчуктан аябай сатып алып жатканынын сыры эмнеде? Кайдан чыкты, ким ойлоп тапты деген суроолорго жооп издедик.

Лабубу деген эмне?

Лабубу – бул “The Monsters” деп аталган иллюстрациялык чыгарманын каармандары. Комиксти 2015-жылы гонконгдук сүрөтчү Касинг Лунг тартып чыккан. Чыгармада Лабубудан сырткары Зиммомо, Тайкоко, Спуки, Пато сыяктуу каармандар да бар. Бирок коомчулук Лабубуну өзгөчө жакшы көрүп, дүйнөгө белгилүү болушуна салым кошту окшойт. Кызыгы, 2015-жылы жарыкка чыккан комикстин каарманы 2025-жылы популярдуу болгонунда. Лабубулар – кичинекей, курч тиштүү, эльф сымал тик кулактуу жаныбарлар. Алар токойдо жашашат. Чыгарманын автору лабубуларды жаратылыштын кооздугунан, илгертен айтылып келген жомок, мифтерден таасирленип жаратканын айтат. 

Кантип популярдуу болду?

2019-жылы Касинг Лунг дүйнөгө белгилүү оюнчуктарды чыгарган “Pop Mart” компаниясы менен келишим түзөт. Анан жарыкка Лабубу оюнчуктары, брелоктор, сувенирлер чыга баштаган. Оюнчуктун кеңири тарашына интернет инфлюэнсерлердин салымы чоң. Компания оюнчуктарды “сюрприз бокс” менен чыгарат. Анда кайсы куурчак кандай дизайн менен жасалганын көрө албайсың, сатып алып ачкандан кийин гана билинет. Коллекционерлер болсо бардык каармандарды чогултуш үчүн улам сатып алып, компаниянын сатуусун жогорулатышкан. Атактуулардан биринчилерден болуп түштүк кореялык “BLACKPINK” тобунун ырчысы Лиса сумкасына Лабубу брелогун тагып көтөрүп чыккан. Ырчыда бир нече Лабубу бар, аны ар кайсы сумка же башка буюмдарына аксессуар катары кошуп көтөрүп жүрөт. Андан кийин бул “кичинекей монстрларды” “Pronounce” бренди колдонуп, Миланда өткөн мода көргөзмөсүндө лабубулардын сүрөтү менен кийимдерди чыгарышкан. Анан атактуулардын арасында Лабубу “бум” жаратып, көпчүлүктүн (Рианна, Розэ, Ким Кардашьян жана башка) аксессуарына айланган.

Популярдуу оюнчуктун оригиналынын баасы – 80 доллардан башталат делет. Учурда оюнчуктардын “самопалдары” көп. Андыктан жеткиликтүү баада деле тапса болот.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо