МЕКТЕПТЕГИ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ КИМ ТЫЯТ?

№435 4-10-март, 2011-жыл

Учурда Кыргызстандын интернет булактарында окуучу кыздардын катышуусундагы “боевик” популярдуу болууда. Анда мектеп курагындагы 5 кыз өзүлөрүнө теңтуш бир кызды мазактап, сабаганы тартылган. Жүрөктөрдү титиреткен бул окуяга кайрылбай коё албадык.

ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Көргөн кишинин үрөйүн учурган аталган видеодо “башкы ролдогу” кыздар – Бишкектеги №54-мектептин 8-классынын окуучулары экендиги аныкталды. Алардан кордук жеген кыз – ошол эле кыздардын классташы. Жабырланган кыз бул мектепке окуу жылынын башында келген. Видеону көрүп отуруп, токмоктогондоруна, сөгүнгөндөрүнө (анча-мынча эркектер да мындай сөгүнбөсө керек) өкүнбөй, кайра маашыр болгондорунан улам “чын эле биздин келечегибиз, улуу чыгармаларда даңкталган кыздар ушуларбы?” деп коркуп кетесиң. Чачынан сүйрөп, башка, ичке тепкилешип, өздөрүн мектептин кожойкелери катары көрсөтүшүптүр.
Окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон экен, бирок эми гана телефондон телефонго өтүп отуруп интернетке чыккан. Жаңы келген окуучу кыз башынан өткөн бул окуядан кийин кекечтенип калган. Ал эми 5 “баатыр” кызга милиция тарабынан кылмыш иши козголгон. Мектеп окуучуларынын айтымында, 5 кыз жаңы окуучудан жигиттердин көңүлүн буруп алгандыгы үчүн ушинтип өч алышкан.

“САБАГАН КЫЗДАР ЖАКШЫ ОКУГАН, ҮЛГҮЛҮҮ КЫЗДАР ЭЛЕ...”
Баарынан да мектеп мугалимдеринин “бул кыздар мектептин жакшы окуган, өздөрүн тартиптүү, үлгүлүү алып жүргөн алдыңкы кыздары эле...” деп айткандары кызык болууда. “Тартиптүү, үлгү боло турган окуучулар ушундай болсо, калгандары кантти экен?” деген да суроо туулбай койбойт. Бул эми кыздар, ал эми эркек окуучулар арасындагы “разборкалардын” кандай болуп жатканын бир Кудай жана бир өздөрү эле билсе керек. Биз мурда Гагариндей учкуч, Айтиевдей сүрөтчү болгубуз келсе, азыркы жаштардын арасынан кылмыш дүйнөсүнүн атактууларын кумир тутуп келгендерин четтен табабыз. Алар бой жеткенде кандай адам болоруна азыр эч кимибиз жооп бере албайбыз. Бул көйгөйдү эртерээк мамлекеттик деңгээлде чечпесе, кийин өлкөбүздү жалаң криминал башкарып калабы деп кооптоносуң.

МИНИСТРЛИК ЭМНЕ ДЕЙТ?
КРнын Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Райымбек Султанов мына буларды айтып берди:
– №54-мектепте болгон окуяны мен да интернеттен көрүп алып аябай жаман болдум. Министрликтен барып ата-энелер, коомчулук менен чогулуш өткөрүп келишти. Кыздардын ата-энелери балдарынын кылгандарына азыркыга чейин ишенбей жатканын айтып ыйлашыптыр. “Биздин кыздарыбыз ушундай ишке барат деп эч качан ойлобоптурбуз” деп сабалган кыздын ата-энесинен кечирим сурашкан. Кыздын ата-энеси сотко бериптир, эми күнөөлөрүнө жараша сот өз чечимин чыгарат.
– Билим берүү министрлиги окуучулар арасында рэкетчилик менен күрөшүү боюнча кандай иш-чараларды өткөрүүдө?
– Алгач балдарды «рэкетчилик», «талап-тоноочулук» деген сөздөрдөн алыс кармасак, мүмкүн, бул да өз үзүрүн берер эле деп ойлойм. Балдар арасындагы салык салуучулук балдар колониясында отуруп келген өспүрүмдөр, түрмөдө отуруп чыккандардан жугуп жатат болуш керек. Биздин министрлик да бул көйгөйгө кол куушуруп отуруп калган жок, атайын иш-чаралар иштелип чыккан. Облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырма бергенбиз, алар иштеп жатышат. Мектептердин өздөрүнүн атайын иш пландары бар, алар ошону менен иш алып барып жатышат. Айыл активдери, аксакалдар соту жана ата-энелер менен чогуу иш алып барышы зарыл. Тартип бузган балдарды ошолордун алдына салып, ата-энелерин кошо уяткарыш керек.

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖООП БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТЫП...
№54-мектепке барганыбызда мектептин директору Борисова Ирина Андреевна иш бөлмөсүндө жок болуп чыкты. Ал эми 8-а классынын класс жетекчиси Шаповалова Светлана Николаевна жооп берүүдөн баш тартып койду. Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Айнура Сооронова гана чакан маек куруп берди.
– Сизден телефонго тартылган видеотасма жөнүндө сурайын дедим эле, бул жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
– Бул тасманы көрүп, аябай таң калдык. Жалаң “4-5ке” окуган кыздар эле, тартиби да жакшы болчу. Эң жакшы делинген кыздарыбыздан мындайды күткөн эмес элек.
– Сабаган кыздарга кандай чаралар көрүлдү?
– Телефонго тартылган видеотасма бизге жеткенде эле бул кыздарды мектептен чыгарып салганбыз. Азыр эмне болуп жатышат билбейм.
– Ал эми токмок жеген кыз азыр окуп жатабы?
– Биз тасманы 17-февраль күнү билдик да, ызы-чуу түшүп калдык. Ошол убакытка чейин окуп жаткан, ал эми 18-февралдан бери ата-энеси дарыгерлерге көрсөтүп жүргөндүктөн, сабакка келе элек.
– Мектеп өспүрүмдөргө кандай тарбия берип жатат?
– Биз эми окуучуларга колдон келишинче тарбия берип жатабыз, бирок ар бир баланы үйүнө чейин барып карап жүрө албайбыз да. Тарбиясы начар окуучулардын тизмесин класс жетекчилери бизге алып келип беришет, биз өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлорго айтып, алар менен чогуу профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Үйлөрүнө чейин барып түшүндүрүү иштерин жасайбыз.
– Эмне үчүн ушундай окуялар көп кайталанып жатат? Мындай окуялар кайталанбаш үчүн эмне кылуу керек?
– Ата-эненин көзөмөлү керек. Мисалы, мен мектепте окуп жүргөндө да, студенттик кезде да үйгө саат бирден кечикпей барчумун. Азыраак эле кечиксем, апамдан уруш укчумун. Азыркы окуучулар сабак бүткөндөн кийин да топтолуп алып эле үйүнө барбай жүрүшөт. Андайларды “үйүңөргө кеткиле” деп кубалайбыз. Ата-энесине айтсаң, “биз жумушта болобуз, базарда отурабыз, күндүз караганга убактыбыз жок” деп айтышат. Үйдө жакшы тарбия берилсе, ал бала башка жерде деле өзүн тартиптүү алып жүрөт эле деп ойлойм.

ИИМ КАБАРЛАЙТ...
ИИМдин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ж.Кулманбетов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул болгон окуя боюнча кылмышка шектүү деп табылган 5 кызга Кылмыш кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча иш козголуп, азыркы убакта алдын алуу тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Шектүү деп табылган кыздар жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында каттоого алынды. Алардын ата-энелери менен бирдикте мектептеги алдын алуу кеңештеринде каралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айта кетчү нерсе, буга чейин кыздар арасында мындай кылмыштар катталган эмес.
ИИМ жана Жаштар иштери боюнча министрлиги биргеликте үстүбүздөгү жылдын 14-февралынан 19-февралына чейин республика аймагында “Рэкетке каршы” аттуу оперативдүү иш-чараларды өткөрүп, милиция кызматкерлери тарабынан 12 опузалап тоноо фактылары аныкталып-такталып, тергөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары тарабынан мектеп окуучуларынын арасында тартип бузууларды алдын алуу иштерин күчөтүү менен билим берүү тармактарынын өкүлдөрү менен биргеликте бир катар иштер жүргүзүлүүдө. 2010-2011-окуу жылы ичинде, биринчиден, мектеп рэкетин жоюу максатында мектеп ичиндеги терс көрүнүштөрдү убагында карап туруу үчүн 1745 орто мектепте алдын алуу кеңештери түзүлүп, анда коомчулуктан, ата-энелерден, мектеп администрациясынан жана окуучулардан турган 10543 өкүл иш алып барууда.

Чуулгандуу окуяга айланган видеону "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -7 
Комментарийлер(46)
05.03.2011. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagy videony korup Kyrgyz kyzdary y4yn betim kyzargan.Iiiiy betim.Ushun4alyk tyshyp kettik bele?
05.03.2011. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеону каяктан корсо болот?
05.03.2011. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,переходный возраст!
05.03.2011. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр балдарга караганда кыздар коп урушчу болду. кыздарга мода болуп кетти урушуп раборка тузгон азыр андайларды коп жолуктуруп калдык коп угам разборкага катыштым сеструхалар минти анти дегендер тиги мектеп менен уруштук дегендер,
Ата энеси тарбиялабаса кундуз иштесе деле кечкисин текшерип мектепке звантетип сурап туруш керек кичинесинен жакшы ыймандуу кылып тарбиялаш керек
05.03.2011. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыздары дуйнодо жок сулуу акылдуу деп кыздарды алдап келебиз э
Кыргыздын кыздарына соз жугузбай мактай берген болбойт экен
05.03.2011. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул роликти кантип корсо болот? Бул кыздарды катуу жазалаш керек

ИНФО:
Бул жактан: http://www.super.kg/media/?type=video&id=44613
05.03.2011. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас просто... как будто после избиения
05.03.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акмак кыздарды условно камаш керек дагы, ММК аркылуу турмодогу жашоосун, кыйналган, ал жактагы кыздардан таяк жеген видеону жалпы элге корсотуш керек. Буларды кеминде эле 10 жылга камаш керек. Акмактарды.
05.03.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлонолучу кыргыздын кыздарына башка улуттагылар башкача коз караш менен карй баштады
кыргыз кыздарын башка улуттагылар башы кыйын иштейт деп жумушка албайт
05.03.2011. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужаст просто как-будто после избиения они красивее станут?или за ними больше парней начнут бегать?жесть логика а девочка хорошо держалас не каждый так может.А такие девчонки как те,которые избивали далеко,не пойдут их за решетку надо.
05.03.2011. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир мугалим окуучуларды оз баласындай корсо Айнура Сооронова эжекеге окшоп жооп бербейт эле .Аларды окуудан айдап алардын келечеги не болот?Мен куноону алардын ата-энесине коем жакшы конул бурушпаган.негизи мектепте бирдемке болсо эле айдаласын деп коркута берет менимче башкача жолго отсонор дейм.ИИ анан азыр жаштар улгу катары коро турган адам жок кимге ишенишини да билбейсин.Кыздарды камап салбай жакшы болуп кетишине шанс беруу керек.Ар бир окуучуну ушинтип камай берсек келечек кандай болот
05.03.2011. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
позор для народа!!!!
05.03.2011. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кыздардагы бирин-бири кызганган адаттын айынан болуп атат да. Озу Адам атаны азгырып бейиштен чыгарылып жиберилишине да Обо-Эне себеп болгондой эле.Кыздардан баарын кутсо болот. Шайтан жок жерде кыздар шайтандык милдетти так аткарып коюшат. Кыскасы,айбанча иш болуптур.
23.07.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
imperator,ei imperator,bilip alyp anan syilochy,birinchi dinden kabar al,Adam a.s. beiyshten emne ychyn kuulgandygyn ,anan jaz ee,aga shaitan a.la.sebep bolgon,dindi okup keniri bilip al ,anan jaz,
05.03.2011. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
http://www.super.kg/media/?type=video&id=44613
06.03.2011. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман
06.03.2011. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп алып оозум ачылып калды.булар кыздар эмес эле айбандар го.эшектер жазанарды алгыла камалып чыксанар силерди эч ким албайт акмак бейбаштар.тусунор келишкен желмогуздар.жабыр тарткан кызга 5.молодец.жакшы эле милицияга берип коюптур.
06.03.2011. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун коруп алып тообо келтирдим,Кыргызымдын кыздары ушунчалык да согунобу ээ,оозунан ак ит кирип кара ит чыгып кетти го,эркектерибизда анчалык согунбойт газетага жакшы жарыя кылыпсыздар ата энелер корсун,видеосун телевизордон да корсотуш керек баарына сабак болот.
06.03.2011. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайын кыргыздар орусча туура жазганды билбегенден кийин келгиле кыргыз тилинде гана калтырайлы комментарийлерди кыйналбай эле.
07.03.2011. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin jazgan komentarilerim toluk chykpaptyr go?
Kantse dagy jaza alysh kerek, al emi ata-enesin kunoologon dele bolboyt, kaysy ata-ene ele oz kyzyn een bash bolushun kaalayt, al baykushtar ushul baldardy bagabyz dep elden ishtep tytynyp jurgondor da.
07.03.2011. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meeleri tormojenie bolup kalsa kerek,jakwi okugani akilinan emes ekenda,4indiginda mee dele jok ekenda bularda...ayabay krutoy sezip jatiwsa kerek owol u4urda ozdorun,emi4i emne owon4oluk kiyin bolup ketiwtibi..emi bir dagi mektep albayt oku4uluka,kele4egi kanday bolorun kim bilet,kuyogo tiebi-tiybei kaliwi da mumkun,bir waytandin azgirigina baw iemdep,but omurun buzuwuptur-a eto sovsem ne kruto!tak 4to WKOLNOKI,BUDTE PO PROWWE,TAK POSTUPAYUT LIJ SAMIE GLUPIE I TUPIE LYUDI!BUDTE LU4WE I DOBREE!
07.03.2011. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кыздарды улгу катары 5 жылдан абака отургузуш керек, ошондо гана мектеп окуучулары коркуп калышат...
07.03.2011. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
үлгүлүү деген кздар ушинтип сөгүнүп жатышса анда тартипсиз кыздар кандай болду экен? Көргүм келип жатат Жабырлануучуга эле жаман болду өмүр бою эсинде калат. Эмне анын ата-энеси кекечтенгенин 4 айдан кийин байкашыптырбы. Бул жерде мугалимдердин күнөөсү жок. Ата-энелер жана кыздар күнөөлүү Баланын жашынан кичипейил, элпек, боорукер кылып тарбиялаш керек Бала ызы-чуулуу үй-
07.03.2011. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jazasun berish kerek!!!
08.03.2011. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан дагы эркектер болсо бир жон дегени тан калдырат Эмне эркектерге боло береби Булар адам эмес гиеналар Ал бетте ата-эне куноолу Тарбиясы жок акмактар Бирок гумандуу чечим кабыл алыш керек Коомдон коргон нерселерин турайт да булар Бир кылган нерсеси учун чийип салуу болбойт Балким ар бири кетирген куноолорун сезип катуу кейип жатышкан чыгаар
09.03.2011. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tobo men minday videonu orustarda ele korchu elem kgnin okuchular ushunday bolup ketkendigin.bilbeptirmin ,aibandan airimasi jok eken
09.03.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Бир сайттан окугам ар бирине 5-жылдан беришти деп!
10.03.2011. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaaaaaaaaa:(
10.03.2011. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотто кандай окум берилгенин да жазгылачы.Ата-энесине бериш керек жаза.Шумдугун кургурлар десе.Тарткан кызды баш кылып соттош керек.Групповой дечу беле.
15.04.2011. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын кырк чачы улуу деген макалдын бир кылы да жок азыр. эх жашоо
15.04.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Согунгондорун кара акмактар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо