Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Университетте 2710 студент окуудан айдалды

№1178

9-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде системдүү түрдө орун алган мыйзам бузуулар аныкталды. Тагыраагы, окуу процессине катышпаган, бирок студент катары катталган адамдардын ири тобу аныкталып, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин алкагында 2710 студент окуудан чыгарылды. Бул сан  2019-жылдагы маалымат боюнча, жалпы студенттердин 15,9 пайызына туура келет. Учурда тергөө окуу жайдын окутуучуларынын жана администрация өкүлдөрүнүн мыйзам бузууларга катышын аныктап жатат.

Аталган университет – өлкөдөгү алгачкы улуттук макамдагы жогорку окуу жайлардын бири. 2019-жылга карата анда билим алып жаткан студенттердин саны 17 000ге жетсе, окуу жайда 1900дөн ашуун окутуучу эмгектенет.

Белгилей кетсек, буга чейин да Бишкектеги башка жогорку окуу жайларда ушуга окшош фактылар катталып: Ишеналы Арабаев атындагы университеттен 59 чет элдик студент, Исхак Раззаков атындагы окуу жайдан 153 студент окуудан чыгарылган. УКМК билим берүү тармагындагы мындай мыйзам бузууларга каршы иштерди улантарын билдирди.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо