Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Долон ашуусунда тормозу иштебей калган автобус кырсыкка кабылды

№1180

22-июль күнү кечинде Нарын облусундагы Долон ашуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өлкөнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматтарга караганда, Ак-Талаадан Бишкекти көздөй бараткан Setra үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган автобус ашуудан ылдый түшүп келе жатып тормозу иштебей калган. Жолдон чыгып кетпеш үчүн айдоочу автобусту башка тарапка бурган. Бирок автобус Lexus үлгүсүндөгү жеңил унаанын капталын сүзүп өтүп, андан соң ачык жерге барып араң токтогон.

Кырсыктын кесепетинен бир аял каза болуп, 16 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Маалыматка ылайык, баардык жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аталган факт Кочкор райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөө амалдары башталды. Кочкор РИИБи автобустун техникалык абалы жана кырсыкка себеп болгон жагдайлар иликтенип жатканын белгиледи.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо