Дүйнөдөгү эң биринчи тасма француздардыкы

№1180

21-кылымда кино, анын түрдүү жанрлары, тартууда колдонулган атайын эффекттер, техника, монтаж, графика таң калтырып бүтпөйт. Тескериснче, улам бир жаңылыгы менен көз сүйүнтүп келет. Ал эми дүйнөдө эң биринчи тартылган тасма кандай болгон? Расмий түрдө эң алгачкы тасма 1895-жылы “Поезддин “Ла-Сьота” вокзалына келүүсү” аталыш менен чыккан. Үнсүз (немое кино) тартылган документалдык фильм француз ойлоп табуучулары бир тууган ага-ини Люмьерлерге таандык. Расмий 1895-жыл делгени менен ага чейин “Жумушчулардын фабрикадан чыгышы” деген документалдык фильм тартууланган. Бирок ал “Поезддин “Ла-Сьота” вокзалына келүүсү” сыяктуу көпчүлүктүн көңүл борборунда боло алган эмес. Экинчи үнсүз тасмада көрөрман күтпөгөн эффекттер колдонулган үчүн аны ужас жанрына да кошуп келишет. Тасманын “Поезддин келүүсү” деген экинчи аталышы да бар.

Сюжетте эч кандай оор нерсе жок. 45 секундга созулган тасмада вокзалга келип токтогон поезд жана анын тегерегинде басып жүргөн адамдар тартылган. Анан эмнеси менен көрөрманды коркутту дейсизби? Буга чейин кинематограф жок эле. Киного байланыштуу жабдыктар акырындан ойлонуп табылып, иштелип жатканы менен, эффективдүүлүктү ага-ини Люмьердин синематограф аппараты көрсөткөн. Айланадагы нерселерге “жан кирип”, сүрөттөгү карандаштын таасири эмес, өзүң буга чейин көзүң менен көргөндөй кыймылды экрандан көргөндө бир чети таң калуу, чочулоо, коркуу, кызыгуу сезимдери жаралган. Үйдө креслодо отуруп алып өзүн көздөй жүрүп келе жаткан поездди көрүү адамдарга сыйкырдуу көрүнүштөй сезилген. Экрандан чочуп качкандар да болгон дешет. Фурор жараткан тасмадан кийин бир тууган Люмьерлер кинонун “аталары” наамына ээ болушкан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо