Түптүн Байзак айылы, Үркүндүн изи...

№1180

Жайгашкан орду – Ысык-Көл облусу, Түп району, Сан-Таш айыл аймагы

Кожолуктун саны – 321

Элдин саны – 1960

Кудайберген Байзаков, айыл тургуну:  “Айылдын эски аты – Кара-Чуңкур”

- Мен ушул айылдын атын алып жүргөн Мамбет уулу Байзактын небереси болом. Божомолдор боюнча, чоң атам 1859-жылы төрөлүп, 18 жашында болуш болгон. Биздин айылдын орду илгери Кара-Чуңкур деп аталган экен. Саздуу, кара баткактуу ойдуң жер болгондуктан ошондой аталыптыр. Бул жерди чоң атам балдары, туугандары болуп жердеп турушкан. Айылдын аты менен чоң атамдын кандай байланышы бар экенин айтып берейин.

1916-жылы Орус империясы Орто Азияда колониялдык саясатын жүргүзүп баштайт.  Эл удургуйт, аймактагы көп эл Кытайга качат. Аскер башчылары атама “бизге ушундай буйрук келди. Кытайга качкан элди көчүрүп келесиң, болбосо мында калган элге кысым көрсөтүлөт. Көчүп келсе, орус аскерлери элге тийбейт” дешет. Атам туугандары менен Кытайдын чек арасына жакын качып барган элди кайра көчүрүп келет.

Бир күнү эки аскер адамы канаттууларды атып отуруп, бири кокустан экинчисин атып алат. Муну чоң атамдын дагы бир баласына төңкөрүп, “Акматбек атты” деп ага жалаа жаап, камап салышат. “Бошоткула, бул жалаа” дешсе тигилер укпай коюшат.

Ошондо чоң атам алардан түңүлүп, туугандары менен жашыруун кеңешип Кытайга кетүүнү чечишет. 200дөй үй-бүлө малын айдап алгач Кытайдын Кашкарына барат. Жолдо башка кыргыз качкындары кошулуп отурат. Азыктары түгөнгөндө чоң атам малын азык-түлүккө айырбаштап  элди ачка калтырбай алып жүрүп отурат.  Анан 3-жыл дегенде Текеске жетишет. 

Кийин заман тынчып калганда туугандары менен кайра эл-жерине келет. Ошондо чоң атамдын атынан бул айыл эл оозунда “Байзактын айылы” аталып кетет. 1930-жылдары колхоздоштуруу башталып, эл отурукташат. Айыл документтерде Кара-Чуңкур деп аталып, Сан-Таш совхозуна карайт. Айылыбызга Байзак аталышы 2007-жылы берилген.

 

Азамат Байзаков, айыл башчысы: “Жайыт кенен болгондуктан мал көп”

- Айыл райондун борборунан 29 чакырым алыс жайгашкан. Бизден ары 45 чакырымдан кийин Каркыра жайлоосу башталат. Ошого жакын болгондуктан эл “Каркыра”, анан “Чымынды-Сай” жайлоолоруна чыгат. Айылда бала бакча, оорукана, маданият үйү, мектеп, спорт зал бар. Мурунку 1960-жылкы суу түтүктөрү эскирип, иштен чыгып калган эле. Эл 4-5 ай сууну булактан ташып ичип калышты. Анан эски суу түтүктөрү жаңылары менен алмашылып, учурда таза суу жеткиликтүү.

Айылдагы борбордук жол гана асфальтталган, калган көчөлөргө шагыл- кум төшүлүп, тапталып бүттү. Эми качан асфальтталары белгисиз.

Аймакта жайыт кенен болгонго элибиз мал чабарчылыгы менен алектенет. Уйду көп кармашат. Сүтүн сүт заводго өткөрүшөт. Кышкыга жайлоодон сүзмө, курут даярдап келишет.

Арпа, картошка, кулпунай, малина, карагат көп эгишет. Өздөрүнөн ашканын сатып киреше таап алышат. Ушуга байланыштуу сыртта мигрант болуп иштеп жүргөндөр аз.

Гүлмира Алиева, мадиният үйүнүн башчысы: “Илгеркидей куурма чай даярдап ичебиз”

- Бизде илгертен келе жаткан ушул аймакка тиешелүү салт бар. Кыз тарап кызына сеп алып барганда күйөө баштык (айрым жерлерде күйөө куржун деп аталат) даярдашат. Баштыкка суусундук,  шарап, таттуу, боорсок, койдун төшү сыяктуулар салынат. Аны күйөө баланын достору акча берип сатып алышат.  Баланын туугандары ичиндегилерден ооз тийишип, калганын бөлүп алышат.

Айылда кадимкидей эле тиричилик. Илгеркидей куурма чай жасап ичебиз, ал кантип жасалат? Койдун майына унду кызарта кууруп, үстүнө муздак сууну куюп кайнатабыз. Анан үстүнө сүттү,  демделген чамасы жок чайды кошуп, кайнап чыкканда оттон чыгарып, идиштерге куюп, дасторконго сунабыз.

Бактыгүл Шаршеева, биология мугалими: “Суубузда ондатра көп”

- Айылыбыз тоого жакын. Тегерек-чети токой, анда терек, ит мурун, бөрү карагат, чычырканак, долоно, четин, жапайы алма өсөт. Тоодо арча-карагай, кекилик, айры куйрук, түлкү, чөө кездешет. Токойдогу сууларда ондатра көп. Илгери ондатраларды атып, тумак тигип кийишчү, ошол себептүү тукуму кыйла азайып кеткен.

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо