КИНДИК – ДЕНЕНИН ЭҢ КИР БӨЛҮГҮ

№1180

Адамдагы ар бир органдын өз милдети бар. Буттун манжалары тең салмакты сактоого керек болсо, каш көздү тердин киришинен коргойт. Ал эми киндик эмне милдетти аткарат? 

 

Илимий аталышы  – умбиликус

Киндиктин илимий аталышы – умбиликус. Диаметри 1-2,5 сантиметрге чейин болот. Сүт эмүүчүлөрдөн кеңгуру, коала, опоссум, ехидна, өрдөк тумшуктардан башканын баарында бар. Формасы ар адамда ар кандай болору белгилүү. Өспүрүмдөрдө дөмпөйгөн абалда болсо, чоңойгондо ичкери карай кирип, чуңкурча болуп калат.  

Түйүлдүккө азык-зат жеткирет

Баланын тону аркылуу киндик менен энеден түйүлдүккө азык-заттар жана кычкылтек келет. Башкача айтканда, киндик түйлдүктү тон менен байланыштырып турат. Киндиктин артында урахус каналчасы жайгашкан. Ал аркылуу түйүлдүктүн заарасы чарайна сууга кошулат, ал суу улам жаңыланып турат.

2400 түрдүү бактерия жашайт

Киндик дененин эң кир бөлүгү. Окумуштуулар анда 2400 түрдүү бактерия, андан тышкары, грибоктор да жашай тургандыгын аныкташкан. Алардын көбүнүн зыяны жок. Абдан кирдеп кеткенде киндик сезгенип, кызарат. Бул көбүнчө жай мезгилинде кездешет. Ымыркайларда киндиктин чыгып кетиши учурайт.

Узакка жуунбай жүргөндө киндик кийимге сүрүлө берип, ичине кийимдин булалары, кир чогулуп, тоголок жүндөй болуп да калат. 

Кызыктуу жагдай: киндиктен коркуу – илимде омфалофобия деп аталат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо