“ШЕКТҮҮ ЗАТТЫ МАНТЫГА, ОРОМОГО, САМЫНГА КАТЫП КИРГИЗҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫШАТ”. Тергөө абагынын күзөтчүсүнөн маек

№1180

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкери, ички кызматтын капитаны Айдар Дайырбеков менен маектешип, кесибинин күңгөй-тескейин билдик. 8 жылдык тажрыйбага ээ адис кызыктуу кеп куруп берди. 

 

“Күнүнө абактагы 200дөй кишиге “передача” келет”

- Жумуш саат 8:30да башталат. Эртең менен саптык тизилүүдөн кийин мекеме башчыларынан күнүмдүк аткарылуучу тапшырмаларды алабыз. Тергөө камак жайында кылмышка шектелип жана айыпталып отургандардын жакындары    аларга тамак-аш, кийим, гигиеналык каражат жана башкаларды алып келе башташат. Бир күндө камактагы 200дөй адамга берилме (передача) келет. Жолугушууга келгендер да көп. Ошолорду кабыл ала баштайбыз.

Берилмелерди кабыл алуу пункту кандай иштейт? Келгендер алгач паспорт аркылуу текшерилет. Аларга кезекке турганга талон жана бланк берилет. Бланкка  келген адам мекеме жетекчисине берилмесин киргиздирүү үчүн арызын, өзүнүн аты-жөнүн жана берилмени алчу адамдын аты-жөнүн жазып толтурат. Алып келгендеринин тизмесин жазат.

Анан кабыл алуу пунктунун кызматкерлери кезек менен кабыл ала баштайт. Берилмелер текшериле турганын, алардын ичинен киргизүүгө тыюу салынган нерселер табылып калса, Укук бузуулар кодексинин 446-беренесинин негизинде 17 500 сом айып пул салынарын эскертишет.  

“Рентгендик текшерүүдөн да өткөрүлөт”

- Берилмелер алып келген адамдын көзүнчө текшерилет. Берилчү нерселердин салмагы, санитардык абалы, жасалуу жана сакталуу мөөнөттөрү каралат. Алардын саны бланктагы тизмелер менен так келеби, такталат. Киргизүүгө тыюу салынган нерселер бар же жок экендигин билүү үчүн текшерүүдө оозу жабык идиштер, кутулар ачылат. Нан жана нан азыктары, колбасалар кесилет. Чуурма азыктар (сыпучие) жана суюк тамактар башка идишке куюлуп, тамекилер сындырылып ичтери текшерилет. Кийим-кечек, гигиеналык каражаттар, кыскасы текшерилбген эч нерсе калбайт. Кызматкерлер тарабынан бир сыйра текшерилгенден кийин берилмелер рентгендик аппараттан өткөрүлөт. Биринчи текшерүүдө көрүнбөй, билинбей калган нерселер рентгенден 100 пайыз көрүнүп калат.

Камакта отурган ар бир адамга 1 айдын ичинде киргизилүүчү тамак-аш, кийим-кечек жана башкалардын жалпы салмагы 100 килограммдан ашпашы керек, бул  талап. Ошондуктан салмактары атайын журналга жазылат. Эки сыйра текшерүүдөн өткөн соң берилмелер алып келгендер толтурган бланк боюнча ээлерине таратылып берилет. Алар бланктагы тизмедегилер толук берилип жатабы карап, текшерип, кол коюп беришет. 

“Учтуу, кесүүчү буюмдар киргизилбейт”  

- Чөнтөк телефон, смарт-саат, баңгизаттар, учтуу, кесүүчү, айнек жана темир буюмдар, идиш-аяктар, пружиналуу дептер, боолору жана фурнитурасы бар кийимдер, зажигалка, акча, психотроптук дарыларды киргизүүгө тыюу салынат. Акча тергөө абагынын бухгалтериясы аркылуу гана киргизилет. Булардан тышкары,  энергетикалык жана ачытылган суусундуктар (максым, квас), колго жасалган туздалган, маринаддалган азыктар, козу карын, соус, чийки жана бат бузулуучу тамак-аштар (шаурма, хот-дог, гамбургер жана башка), спирт ичимдиктери, ичинде толтурмасы бар конфет, печенье, кондитердик азыктар (торт, пирог) жана башкалар дагы бар.

Тыюу салынган буюмдарды киргиздирбөө бул – тергөө абагынын ичиндеги тартиптин сакталышын камсыздоо, кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, андагылардын ден соолугуна кам көрүү болуп эсептелет. 

“Жашырып алып кирүүгө аракет кылышат”

- Тыюу салынгандардын ичинен көбүнчө чөнтөк телефон, смарт-саат, психотроптук дары, спирт ичимдиктерин түрдүү нерселердин ичине катып киргизүүгө аракет кылышат. Көбүнчө мындайды өзү келбей, берчүлөрүн туугандары аркылуу берип жибергендер кылат. Анткени бир нерсе болсо жоопкерчилик тартпай калыш үчүн.   Телефон, смарт-сааттарды оромо, манты, кыям, айрандын ичине катышат, кургак чайдын кутусуна салышат. 

Психотроптук дарыларды самын, алма сыяктуулардын бир жерин тешип, салып, анан ал жерди жаап коюшат. Кир кылып көрсөтсөк билбей калат дешип сыртын чаң, топурак кылып коюшат. Башка жемиштер таза болуп, тешиги бары чаң болуп турса дароо шекшийсиң.

Кофе банкасына да бекитишет. Оозун ачып, кофени идишке төккөндө чыгып калат. Өңүнөн билинбейт деп коньякты өңү кызыл, кызгылт суусундуктарга, аракты дүкөндөгү сууларга аралаштырып куюп, алып келишет. Оозун ачып текшере келгенде баары бир билинерин эске алышпайт. 

“Билбей алып келсе да 17500 сом айып пул салынат”

- Текшерүүдө киргизүүгө тыюу салынган нерсе табылса маалымат дароо мекеме жетекчилерине кабарланат. Акт түзүлөт. Кармалган адамдан түшүнүк кат алынат. Реестрге катталат, Укук бузуулар кодексинин 446-беренесинин негизинде алып келген жаранга 17 500 сом айып пул салынат. Билбей алып келип алса да салынат. Айып пулду төлөөгө 130 күн убакыт берилет. Бул убакта төлөбөсө үстүнө дагы 17 500 сом туум кошулат жана бул жааттагы материал айып төлөөчү адам жашаган аймактын сот аткаруучуларына жиберилет, өндүрүлөт.

“1 айда 2 жолу жолугушууга уруксат”

- Кылмышка шектелген жана кылмышка айыпталгандарга туугандары, жакындары менен 1 айда 2 жолу 3 сааттан жолугууга уруксат. Бир киргенде 2 адам кирсе болот. Жакындары жолугушуу үчүн уруксат кагазды иши тергөөдөгүлөргө   тергөөчүдөн, иши сотко өтүп, бирок камакка жибериле электерге соттон алып келишет. Тергөөсү бүтүп, соттун чечим күтүп жаткандарга тергөө камак жайынын  жетекчилеринен алып келишет. Жолугушуу ортосу айнек менен тосулган жайда телефон аркылуу сүйлөшүү менен өтөт. 

“Бардык жерде видеокөзөмөл бар”

- Берилмелер пунктунда, жолугушуу жайында, кыскасы бардык жерде видеокөзөмөл бар. Андан тышкары, кызматкерлерде төшкө тагып (илип) алчу камералар да болот. Андыктан “берилмелер ээлерине толук берилбейт, тамак-аштын каалаганын, жарымын алып калышат” деген сөздөр калп. Ошондой эле “кызмат абалынан пайдаланып тергөө абагындагы туугандарын телефон аркылуу ар ким менен байланыштырат” деген да болбогон нерсе. Мекемеде компьютердик борбор бар. Анда мекемедеги ар бир камера тартып жаткандарды көрүп, байкап турган адис отурат. Бардык кызматкерлерге чөнтөк телефон алып кирүүгө тыюу салынган. Биз ички телефон, рация аркылуу маалымат алышабыз. 

“Иштин оң жана терс жактары”

- Биринчиси - сырттан күнүгө келген ар кандай маанайдагы адамдар менен иштешүү, ар бирине өзүнчө мамиле керектелет. Кыйкырып-өкүрүп, провакция кылгысы келгендер кездешет. Андыктан кандай кырдаал, мамиле болсо да эмоцияга алдырбай, салкын кандуу, токтоо болушубуз, мыйзам чегинде иш кылуубуз зарыл.

Экинчиси – майрамдарда эс албай иштейбиз.

Үчүнчүсү - кыраакылык, сактык керектелет. Ишибиздин жакшы жагы -  мекенге, элге кызмат кылып жатканыбыз.

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо