АЯЛДЫК ЭНЕРГИЯНЫ КАНТИП АЧУУ КЕРЕК?

№1181

Жалгыздык сезимине кабылып көрдүңүз беле? Айланага көз чаптырсаңыз, сөзсүз түрдө татынакай, бой-келбети келишкен, жакшынакай жумушу бар, бирок түгөйү жок жалгыз жүргөн айым таанышыңыз бар болуп чыгат. Эмнеге алар жалгыз бой жүрүшөт? Мунун себеби алардын “аялдык энергиясы” жабык экенинде дешет психологдор.

Аялдык энергия деген эмне?

Аялдык энергия деген – аялдын физикалык, менталдык, жан дүйнө, эмоционалдык абалынын жуурулушунан келип чыккан ички энергиясы, ички күчү. Ал энергияны көз менен көргөнгө, кол менен кармаганга болбойт. Бирок жанында болгон адамга вибрация аркылуу сезилип турат. Ички энергиясы толук, күчтүү аял өзүн бактылуу, баалуу, сулуу, сүйкүмдүү, төгөрөгү төп келген адам сезет. Сыртынан билинбегени менен энергиялык нур чыгарат. Анын бул сезими башкаларга вибрация менен жетип, алар да ошол бактылуулукка, сулуулукка, жылуулук нуруна тартылышат. Бул энергияны билгенибиздей эле акчага сатып ала албайбыз, бирок ачканга, толтурганга, чакырганга аракет кылсак болот.

Аялдык энергиясы ачык болгондо...

Мындай айымдар көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп турушат. Алар менен баары сүйлөшкүсү келет, мырзалардан комплимент көп угат, гүл жана башка белектерди себепсиз алат, жардам колун сунгандар, колдогусу келгендер көп болот. Аялдык энергия сырткы сулуулукка байланбайт, ички энергиясынын күчү менен мырзаларды өзүнө тартат.

Аялдык энергиясы жабык болгондо...

Акылдуу, келбети 90-60-90, жүзү татынакай, жакшы жумушта иштеген, өзүн камсыз кылган аял, бирок жанында жандаган жан шериги жок... Эмнеге? Мындай айымдардын аялдык энергиясы жабылат да, башка энергиялар алдынкы планга чыгат. Өзүн-өзү камсыздоо, акча табуу, бутуна туруу, карьера түптөө, билим алуу жана башка иш аракеттер менен жүрүп, табияттагы эркектин аңчылык ролу аялга өтүп кетет. Андай айымдарды эркектер назик аял эмес, күчтүү атаандаш катары көрүшөт. Үй-бүлөдө бир эле башкаруучу болуш керек деген ой кетет көпчүлүгүндө. Анан кетенчиктөө башталат.

Аялдык энергия жабылган дагы бир жагдайды айталы. Аял өзүнө убакыт таппай калат. Тагыраагы, тапса болот, бирок ал ошол убакытты башкаларга берип коёт. Балдарын тарбиялоо, алардын курсагын тойгузуу, кийим-кечегин жуу, үй жумуштары жана башка толгон токой түйшүктөр, жолдошунун, туугандарынын керектөөлөрү... Үй тиричилиги аялдын бардык энергиясын алганда анда назик болууга каалоо эмес, күч да калбай калат. Аялдын кейпи кетет, жүдөйт, бетин бырыш басат, бели бүкүрөйөт, курсак чыгат, чачы-башы таралбай калат. Анан жолдошу чыр чыгарат. Аял ого бетер өзүн күнөөлүү сезип, аялдык энергиясын түпкүргө катып салат.

Үчүнчү жагдай. Кызда бала кезинен аялдык энергиясы блоктолуп калат. Бул “эркек ким?” деген суроого жооп таппагандан улам келип чыгат. Атасы жоктордо эркек кандай болуш керек, апасына кандай мамиле кылышы керек, кызына кандай мээрим, тарбия бериши керек деген элементардык нерселерди билбей чоңойгон кызда “аялдык энергия” жакшы өнүкпөйт. Туура өнүктүргөндү билбейт. Атасы бар, бирок “жоктор” да бар. Үй-бүлөсүнө, аялына, балдарына көңүл бөлбөйт же уруп-согот, ичет-чегет, бакпайт, акча таппайт дегендей. Мындай үй-бүлөдө чоңойгон кыздар эркектерге жек көрүү сезими менен чоңоюшу ыктымал. Инстинктивдүү түрдө эркектерден качат, баары атамдай деп ойлойт, анан энергия жабылат.

Кантип аялдык энергияны ачабыз?

Сүйүү. Бардык нерсени бузган да, түптөгөн да сүйүү деп бекеринен айтылбайт. Өзүңүздү сүйүңүз, өзүңүздөгү ар бир клетканы сүйүңүз. Сиздеги бар нерсеге дүйнөдө миңдеген киши жетпей жүргөнүн эстен чыгарбаңыз. Сүйүүңүздү бөлүшө билиңиз, ай

Ыраазы болуу. Билинбегени менен ыраазы болуу ыкмасы көп жаман нерседен куткарат. Негативдүү ой жүгүртүү аялдагы назиктикти уурдап, стресс, агрессияны жаратат. Ойлоно келсек, ар бирибиз ыраазы боло турган нерселер көп: эртең менен ойгонгонуңузга, тамак ичүү, басуу, сүйлөө, ойлонуу жөндөмүңүз барына ыраазы болуңуз. Рахмат деген сөздү өзүңүзгө да, өзгөлөргө да айта билиңиз. Атайын күндөлүк ачып, ага күнүгө эмнеге ыраазы болгонуңузду жазып туруңуз. Сизди бактылуу кылган учурларды жазып, аларды кайталап окуган да жакшы.

Айланаңызга сүйүү менен караңыз, сүйгөнгө себеп көп, байкап көрсөңүз. Жек көрүү, жаман көрүү деген сезимдерден эч ким пайда таппайт.  

Кам көрүү. Ооба, убактыңыз жетишпей, түйшүгүңүз көп болуп жатышы мүмкүн. Ошентсе да өзүңүзгө кам көрүңүз. Үйдө болобу, көчөдөбү жарашыктуу кийиниңиз, чачыңыз дайыма таза болсун. Үйдөн деле атыр себинип, боёнуп жүрүү керек. Чачыңызга, бетиңизге, колуңузга, моюнуңузга кам көрүңүз. Бул нерселерди башкалар үчүн эмес, өзүңүз, өзүңүздүн көзүңүз үчүн жасаганга көнүңүз. Аялдардын негизги кийими – бул көйнөк эмеспи. Ыңгайына карап шым, бир футболканы баса кийип жүрүүнү токтотуу керек. Көйнөк, юбка кийгенге өтүңүз, байкасаңыз шым кийип жүргөндө басыгыңызга да көңүл бурбай каласыз. Көйнөк кийгенде созулуп, назик болуп каласыз.

 Жылмаюу. Көчөдө көргөн адамдардын дээрлик 60-70 пайызы кабагын салып ойго батып бараткандай сезилет. Аларды көрүп кошо кайгыргың келип кетет. Жылмайган адамды көргөндө “эмнеге күлүп баратат болду экен?” деп сенин жүзүңдө да жылмаюу пайда болот. Жылмаюу адамды сулуу, сүйкүмдүү, жугумдуу кыларын эске түйүү керек.  

 Назик. Назик эмес айым болбойт. Болгону назиктикти көрсөтө алган жана көрсөтө албагандар болот. Назиктикти үндөн баштаңыз. Дарылдап, үндү бийик чыгарып сүйлөө жарабайт. Жумшак сүйлөңүз, сөзүңүз так, орундуу болсун. Орунсуз сөз сүйлөгөндүн ордуна жылмайып унчукпай койсоңуз образыңызда табышмактуулук пайда болот. “Табият берген үн да” деген шылтоо, акырын, жумшак сүйлөй аласыз. Бир аз машыгып коюңуз, адатка айланат.

Кечирим. Психологияда ата-энесине, туугандарына таарынычы бар адамдардын жеке жашоосунда маселе жаралышы мүмкүн делет. Андыктан атаңызга, энеңизге, туугандарга кандай таарыныч болсо да коё бергенге, кечиргенге аракет кылыңыз.

Ден соолук. Аялдын ден соолугу чың болсо, жүзүнөн нур чачырап турат. Андыктан өзүңүздү физикалык жактан да тың болгонго үйрөтүңүз. Убагында дарыгерге кайрылып, көйгөйлөрдөн арылуу керек. Тамакка табылган акчаны дарыгерге да тапса болот.

Сексуалдык энергия. Аялдык энергия менен сексуалдык энергия эриш-аркак жүрөт. Андыктан сексуалдык энергияны да ойготуу керек. Бий, йога, фитнес, массажга барыңыз, спорт түрлөрү менен машыгыңыз. Өзүңүзгө түрдүү хобби табыңыз. Ар тараптуу аял эркектин кызыгуусун сөзсүз арттырат. Аялдык энергия, назиктик, сексуалдуулук тууралуу китептерди окуңуз, тасмаларды көрүңүз.

Позитивдүү, бактылуу, акылдуу, назик аялдар менен көп баарлашыңыз, үлгү алыңыз.

Дүйнөдө идеалдуу адам, идеалдуу аял жок. Ар ким өзүнүн идеалын өзү түптөйт, андыктан өзүңүз үчүн идеалдуу аял болушуңуз керек. Сиз идеалдуу айымсыз!

 

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо