Максат Текесбаев: “АКШда мигрантка адамдай мамиле кылышат”

№1181

Ата журтунан миңдеген чакырым алыста жашап, тагдырдын түркүн сыноосун башынан өткөрүп жаткан кыргызстандыктар арбын. Алардын ар бири - өзүнчө дүйнө, өзүнчө тарых. Бүгүн биз дал ушундай мекендештердин бири, ар кандай сыноолор аркылуу бышкан, дүйнөнүн ар кайсы аймагында жашап, жашоонун маңызын жүрөгү менен сездим деген Максат Текесбаев менен маектештик. Ысык-Көлдүн кооз жээгинен башталган балалык, Сибирдин катаал шамалында такшалган өспүрүм курак, Москвадагы түмөн түйшүктүү күндөр жана эми АКШда жаңы турмуш... Бул маекте мигранттын тагдыры, эркиндик менен жалгыздыктын, үмүт менен сыноонун арасында өтүп жаткан күндөр баяндалат.

 

- Кандайсыз, Максат мырза? Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз, кайсы жерде төрөлүп өскөнсүз? Чет өлкөдө жүргөнүңүзгө канча жыл болуп калды?

- Жакшы, рахмат! Негизи Кыргызстандан кеткениме абдан көп болду. Кичи мекеним Ысык-Көл облусу. Ал жакта 13 жашка чейин жашадым. Андан кийин үй-бүлөбүз менен Орусияга көчүп кеткенбиз. Ал жакка барып дүйнөдөгү аба ырайы эң катаал аймактарынын бири болгон Сибирь жергесине жайгашып калдык. 20 жашка чыкканча үй-бүлөм менен чогуу ошол жакта болдум, байкемдин чакан соода-сатык кылган оруну бар эле базарда, ошол жерде агама көмөктөшүп иштеп жүрдүм. Кийин өз алдымча иштегени Москва шаарына кетип калгам. Чыныгы эркин, бирок кыйынчылыктарга толо мигранттык жашоом ошондо башталды десем болот. Далай жолу көчөдө ачка калган күндөр болду, жадагалса таштандыдан тамак издеп калган учурлар болгон. Ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүм, көбүнчө кара жумуштарда иштейт элем. Анан курулуш иштерине аралаштым, кийинчирээк ал жакта “промышленный альпинист” деп коюшат, бийик имараттардын сыртын жууп иштегендерди, ошол жумушка орношуп калдым. Ал жакта акчасы жакшы төлөнөт, бирок, албетте, кыйынчылыктары бар. Асман тиреген имараттарды жууш үчүн бийиктикте жипке байланып алып иштейсиң, бирок кара жумуштагыдай оор эмес. Азыр эстесем, жаштык кылдымбы же адамдарга болгон ишенчээктигимби, айтор, көп эле жолу алдандым. Далай жолу иштеп бирок эмгек акымды ала албай калган учурлар болду.

- Америкага кетүүгө эмне түрткү болду? Эмне үчүн дал ошол өлкөнү тандадыңыз?

- Негизи Америкага кетүү ойдо жок болчу. Анткени Орусияга отурукташып, өз ордумду таап, жашоомду бир жолго салып алган элем. Бирок Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш бардык пландарымды өзгөртүп жиберди. Орусияда массалык түрдө жарандарын согушка алып кете баштаганда адегенде Кыргызстанга барып, анан Америкага келгем. Кыргызстанга азыр так күнүн айта албайм, 2022-жылы кышында баргам. Ал жакта бир жарым жылдай жүрүп, бул жакка сапар алдым. Бул жакка келүү деле оңой болгон жок, бирок мен Кыргызстандан дагы бир жолу башка жакка кете турган болсом, мүмкүнчүлүктөр көп өлкөгө кетем деген болчумун, ошентип Америка тандалып калды. Бул жакка ошол учурдагы актуалдуу, салыштырмалуу батыраак келүүнүн жолу болгон Мексика аркылуу келгем. Жол бирок чынында эле кыйла татаал экен, Мексикада бир ай жаттым. Анан Америкага киргенде эле миграциялык кызмат кармап, жарым жылга камап койду. Бардык документтерим туураланганча ошол жакта жаттым. Жашоомдун эң оор күндөрү десем болот ошол учурду. Ал жактан чыккандан кийин көп нерсенин баркын билип калат экенсиң, күнүмдүк жашоодо биз көп учурда маани бербеген жөнөкөй эле мисалы, каалаган учурда сейилдөө, таза абага чыгуу, жакын адамдарың менен сүйлөшүү аябай сонун экен да.

- АКШдагы күнүмдүк жашоо Орусия менен Кыргызстанга салыштырганда кандай?

- Эки өлкөнү салыштыра турган болсок, Орусия менен Америка - таптакыр эки башка дүйнө. Мигрант катары экөөндө тең жашап көргөн киши катары айтып берсем. Орусияга биринчи жолу барганда өз үйүңө баргандай эле болосуң. Тили түшүнүктүү, Бишкектен же Оштон баргандар үчүн ал жакта туугандар, тааныштар көп. Жашоо башында салыштырмалуу кыйла жеңилирээк: батир табуу, жумушка орношуу - салыштырмалуу оңой. Айлык азыраак болгону менен бат эле акча таба баштайсың. Бирок эң чоң кемчилиги – Орусияда мигрантка болгон мамиле. Көчөдө полиция себептүү да, себепсиз да токтото берет, документ сурайт. Кээде жөн эле кебетеңе карап шектенишет. Америка – таптакыр башка дүйнө. Баргандан кийин өзүңдү таптакыр башка планетага түшүп калгандай сезесиң. Баары башка: тили, жашоо шарттары, адамдары, тамак-ашы. Жөнөкөй эле жумуш тапкыча кыйналасың. Англисче билбесең, андан да оор. Бирок бул жерде сага адам катары мамиле кылышат. Сага тийишпейт, полиция жөнү жок документ сурабайт. Америкада жөө баскандар абдан аз экенин көрүп биринчи келгенде абдан таң калгам. Жашоо ыргагы дагы таптакыр башка, күн менен түндүн айрымасы деле жоктой, суткасына 24 саат активдүүлүк азайбайт. Адамдар дагы башкача жашашат, бирөө менен бирөөнүн иши жок, кайдыгер десек да болот. Бизге окшоп кийим-кечеге укмуш басым жасашпайт. Анан баарынан кызыгы - бул жактагылар бизге окшоп узун план түзүшпөйт, күнүмдүк жашоо менен жашашат. Эмгек акы дагы бир топ жогору. Бирок азыр эми жаңы мыйзамдар менен бир аз кыйыныраак болуп жатат, көрөбүз го дагы кандай болот. Бирок кайсы жакта жүрбөйүн, жүрөк баары бир Кыргызстанды эңсейт.

- Америка коомундагы сизге жаккан жана жакпаган нерселер кайсылар?

- Жашоо эркиндиги жагат. Сен кимсиң, кантип кийинесиң, эмнеге ишенесиң - эч кимдин иши жок. Бул жагынан караганда, коом абдан ачык. А жакпаган жагы - жылуулук жетишпейт. Бизде кошуналар менен чогуу чай ичип, сүйлөшүп, үй-бүлө менен бир дасторкондо бака-шака түшүп отурабыз го. Бул жакта болсо - ар ким өзүнчө, сени менен иши деле жок. Адамдар сылык, бирок салкын. Көбү жумуш менен гана алек. Кээде өзүңдү жалгыз сезесиң.

- Ар кайсы өлкөлөрдө жашоо сиздин мүнөзүңүзгө таасирин тийгиздиби?

- Албетте, бул нерсе өз таасирин берет экен. Жакшыбы же жаманбы билбейм, бирок бул нерсе мени чыйралтып, эрте чоңойтту десем болот. Ашыкча үмүт кылбай, эч кимден эч нерсе күтпөй жашаганды үйрөндүм. Бирөөгө таянбастан, өз күчүмө ишенип калдым. Адам ичинде кандай болбосун - сыртынан бекем болуш керек экенин жана мунун баары турмуштун бир бөлүгү экенин түшүндүм.

- Кыргызстанга биротоло кайтып келүү тууралуу ойлор барбы?

- Ал нерсе дайыма ойдо го. Буюрса, келечекте өз өлкөмдө отурукташып, үй-бүлө куруп жашайм деп максат кылып жатам. Баары бир өз жериңе эч нерсе жетпейт да.

 

 

Асел Нурбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо