Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Спорт жаңылыктары

№1181

Кыргыз балбандары дүйнө биринчилигинде 4 медаль утушту

 

Грециянын Афины шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде Алхам Абдирасулов 55 килограмм салмакта күрөшүп, 1-орунду ээледи. Ал эми дагы бир спортчу Амангелди Ысакбаев күмүш медаль утту.

Балбан 60 килограмм салмактык категорияда килемге чыкты. Ал алтын медаль үчүн беттеште азербайжандык Али Назаров менен күрөшүп, бирок жеңилүү ызасын тартып калды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Ысакбаев 30-июлда украиналык балбан Денис Середин менен беттешип, таймаштын акыркы секунддарында төрт упайлык ыкма жасап, эсепти 5:1 кылып жеңишке жетип, дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан эле.

Ушул эле мелдеште мекендешибиз Нуркерим Кумарбеков күмүш медалга ээ болду. Ал алтын байге үчүн беттеште Казакстандын балбаны Куанышбек Жангажол менен кез келип, жеңилип калды. Ал эми Нурислам Өскөнбаев аталган мелдеште коло медаль тагынды.

 

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Дуайт Мохаммед Кави көз жумду

 

Дүйнөнүн мурдагы чемпиону, Эл аралык бокс залынын атактуу мушкери Дуайт Мохаммед Кави 25-июлда 72 жашында каза болду. Анын эжеси америкалык мушкер 5 жылдан бери акыл-эс оорусунан жабыркап жүргөнүн билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Дуайт Брекстон 1953-жылы 5-январда Балтимордо төрөлүп, куралдуу талап-тоноо менен айыпталып абакка түшкөн. Ошол кезден баштап бокс менен машыгып, түрмөдөн чыгып, 1978-жылы кесипкөй мушкер болгон.

Кави профессионалдык рингде 53 жолу мушташып, 41-11-1 рекорду менен 1998-жылы спорттон кеткен. 2004-жылы уруксат берилип, бокс боюнча Эл аралык залына киргизилген.

Мушкерлик карьерасын аяктагандан кийин Кави машыктыруучу болуп иштеп, жашы жете электердин укугун коргоп, адамдарга алкоголь жана баңгизат менен күрөшүүгө жардам берип келген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо