Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДОСТУК ЖЕҢДИ

№435 4-10-март, 2011-жыл

Бишкекте 26-февралда аяктаган вале тудо боюнча Азия чемпиондугунда жергиликтүү мушкерлерибиз канчалык аракет кылышпасын, чемпиондук курдун бирин казактар илип кетишти. Күйөрмандар үчүн “десертке” карыбас Алмаз Акундун беттеши тартууланды.

АМАНКУЛОВ РАШИТ РАХИЛЛАЕВИЧ
Туулган жылы – 1987-жыл
Туулган жери – Кара-Суу району, Кеңеш айылы
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 90 килограмм
Лакап аты – Боксчу
Жетишкендиктери – КРнын кикбокс боюнча 2 жолку (2009, 2010) жана кармашып мушташуу боюнча чемпиону (2010), вале тудо боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү (2011)
Машыктыруучулары – Мухаммед Курбанов, Улук Өмүрзаков
Билими – ОшМУнун юридика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти
Бойдок. Учурда Ош шаарында жашайт.

МУШКЕРЛЕРИБИЗДЕН КОРКУШТУБУ?
Афишаларда жазылгандай, мелдеште 2 чемпиондук кур ортого коюлуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон мушташтар орун алды. Ошентсе да чакырылган айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү болгон жок. Ушул жана жалпы эле мелдеш, анын өзгөчөлүгү тууралуу КРнын Вале тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мелдештин өзгөчөлүгү – вале тудо боюнча мелдеш Спорт Ордосунда жана сегиз бурчтукта өткөрүлгөндүгүндө. Бул мелдешке Орусия менен Тажикстандын мушкерлери келген жок. Чамасы, коркуп коюшту окшойт. Айта кетчү нерсе, азаматтарыбыз мыкты өнөрлөрүн тартуулашты. Алар эл аралык мелдештерде намысыбызды татыктуу колдойт деп ишенем. Ошондой эле вале тудонун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн Дүйшөн Ырсалиев агабызга ыраазычылык билдирем.

ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШ ШОУСУЗ ӨТМӨК БЕЛЕ?
Бул күнү сахна адамдарынан Спорт Ордосунда Күмөндөр Абылов, Съездбек Искеналиев, Айжан Газиева, Добр жүрүштү. Куудул байкебиз “Токмок, Кара-Балта аттуу жерлерибиздин аталыштары бекеринен эмес, кыргыз – баатыр эл” десе, ырчылар патриоттук ырлары менен эрендерибизге дем беришти.

РЕЙТИНГДИК БЕТТЕШТЕР МЕНЕН КОШТОЛДУ
Эки күндүк таймашта чемпиондук беттештерден тышкары 9 рейтингдик беттештер өткөрүлдү. Анда келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчуларыбыз өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын ичинен сегиз бурчтуктан төмөнкүлөр жеңүүчү болуп чыга келишти: Садык Амиров (“Стронг”), Эмилбек уулу Руслан (“Стронг”), Гүлжигит Шерматов (“Стронг”), Кылыч Замиров (“Локомотив”), Жолдошбай уулу Абдирашит (“Стронг”), Нурадил уулу Адылбек (“Стронг”), Жумабек уулу Актилек (“Стронг”), Шералы Эрменов (ИИМдин академиясы).
Албетте, башкы көңүл 85 килограммга чейинки жана 85 килограммдан өйдө салмактагылар арасында өткөн мушташтарга бурулду. Биринчи күнү тандап алуу беттештери болсо, экинчи күнү жарым финал жана чечүүчү финалдык беттештер орун алды.

85 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИН
Бул салмакта чемпиондук үчүн казакстандык Игорь Свиридов менен мекендешибиз Жолон Айдаров кез келди. Тилекке каршы, финалга чейин каршылаштарын “чайнап” келген Жолон муунтуу ыкмасына кабылып, багынууга аргасыз болду. Машыктыруучулардын айтымында, ал тактикалык катага жол берди. Атаандашы менен күрөшпөй, тик туруу менен (стойкадан) урушуу керек болчу.

85 КИЛОГРАММДАН ӨЙДӨ
Ал эми бул салмактагы кармаштар ата мекендик мушкерлерибиздин триумфу менен аяктады. Анткени финалда “Мухаммед-Умар” спорт клубунда көп жылдардан бери тарбияланып келген достор Рашит Аманкулов менен Кылыч Саркарбаев жолугушту. Жарым финалда Рашит “Локомотив” клубунун өкүлү Тилек Жээнбековду жеңсе, Кылыч казакстандык Алексей Кромскийди алып түштү. Ушул жерден тактап койчу нерсе, көпчүлүк “Рашит жеңди” деп түшүнүп алыптыр. А чынында, ким жеңерин достор сегиз бурчтукка чыкканга чейин эле сүйлөшүп алганы билинди. Кур Рашитке буюруп, иш жүзүндө бул “Мухаммед-Умардын” жеңиши болду.

БӨРҮ КАРЫСА ДА, БИР КАЗАКЧАЛЫК АЛЫ БАР...
Мелдештин көркү Бөрү аталган айтылуу Алмаз Акундун кармашы болду. 35 жаштагы эренге казакстандык Наби Набиев каршы турду. Панкратион боюнча Азияны 2 ирет багындырган Алмаз Акун жогорку чеберчилигин көрсөтүп, 1 раундда эле атаандашын муунтуп жеңди. Айтор, ал карыса да, бир казакчалык алы бар экенин көргөзүп, намысты алдырбады.

Базарбек Абдураимов, Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
04.03.2011. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз ар дайым женишке жетишип Кыргызстандын желегин туу которун!Ийгилик сизге!!!
04.03.2011. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaidan korsok bolot ,bulordin Mushtashyn?
05.03.2011. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АМАНКУЛОВ РАШИТ (РАХИЛЛАЕВИЧ) эмес Рахманалиевич Кара-Суу району Жданып айылы болчу
07.03.2011. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almaz Akundu "karysa da" degenier emne? :) "sporttun bul tyry y4yn" je dagy ushul bagytta komment menen bersener bolo, 35tegi jigitti "karysa" debey! m-da...
10.03.2011. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан алгааа!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо