Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1182

(Башы өткөн сандарда)

Мариям кайын эжесиникинен оор абалда чыкты. Ушунча жыл чогуу жашап, Акбардын эч кандай тескери жоругун көргөн эмес, ал баарын үйгө, балдарына ташыган эркек. Ага жүз пайыз ишенчү. Мариямдын ишеничи, коргогон чеби Акбар эле. Алдастап кетти. Ошол чебин бирөө бузуп жиберчүдөй тынчсызданган абалда. Ошол күндөн тартып Акбарды текшере баштады. Ким менен сүйлөшүп жатат, кайда кетип жатат, эмне кылып жатат, кылдаттык менен көзүнөн өткөрөт. Эч бир шектүү нерсе таба алган жок. Болгону тунжурайт да турат. Көрбөйт аны. Балдарына деле ошол мамиле, дегеле айланасында эмне болуп жатканы менен иши жоктой бир кызыктай абалда. Мариям башка аялдарга окшоп, күйөөсүн сурамжылап, мээсин эзе берген аялдардан эмес эле. Эгерде “ушундай болушу керек” деп Акбар чечим чыгарса, демек, ал “туура, ушундай болушу” керек деп кабыл алчу. Такып да сурай албады.

- Кылычтар бизди Ысык-Көлгө чакырып жатышат, барабызбы?

- Аа, сен балдар менен барып келсең кантет? Ысыкта кыйналдыңар...

- Сенчи?

- Иштерим көп болуп жатат бул арада.

- Мен сенсиз барбайм - чечкиндүү  сүйлөдү аялы. Аялынын үнүндөгү чырт эткен тонду байкап, Акбар кашын көтөрө карап калды.

- Эмне болду?

- Күйөөсү бар аял жалгыз барбашы керек. Чогуу барабыз же биз да барбайбыз.

- Барып эле жүрчү эмес белеңер?

- Азыр баргым келбей жатат.

Дайым бир калыпта жүргөн аялынын үнүнөн анын жарылып кете тургандай абалын байкап калды. Бирок “эмне болду?” деп такып сураган жок. “Өзүң бил” дегендей унчукпай калды. Буга аялы ого бетер ызаланды. Тынчтыкты бузгусу келди, өзүн үнсүздүк менен коргоп алган күйөөсүнө өз үнүн угузгусу келди. Колундагы табакты жерге күч менен ыргытып жиберди. Айнек идиш быркырап жатып калды.  Акбар басып келди да, экинчи идишти колуна карматты.

- Муну да сындыр.

Болгон күчү менен жерге ыргытты. Көзүнө жаш толуп турган аялын бир тиктеп алды. Сезип жүрөт кургур. Алдаш керекпи? “Баары жакшы болот” деп мурункудай бооруна кысышы керекпи? Же баарын ачык айтыш зарылбы? Акбар анысын да, мунусун да кыла албады. Мамиледе ал ачыктыкты баалачу. Бирок бул жолу ал бир нерсени ачыктагысы келбеди. Ачыктай турган деле эч нерсе жок эле да. Кызынан кичүү жаш кызды сүйүп калып, жинди немедей жүргөнүн айтабы? Эч нерсеге күчү жетпей, ошол сезимдин толкунунда агып кетип баратканын айтабы? Эмнени айтат, эмнеге айтат, жүрөгүн оорутуп эмне кылат? Бул айлампада өзү чайналганы жетиштүү.

- Мени кечир – деди бир маалда.

- Эмнени кечирейин?

- Эгерде ушуга чейин көңүлүңдү оорутсам же мындан кийин да оорута турган болсом ошого кечирим сурап жатам. 

- Алдын алабы?

- Алдын ала.

- Ким ал? - деди аялы көзүнө жаш толо.

- Сен аны билбей эле кой, Мариям. Сенин билбегениң оң.

- Сен бизди таштаганга акың жок. Балдарыңды, мени, үй-бүлөңдү... - титиреген Мариям көз жашын чечкиндүү сүрттү. Акбар оор үшкүрдү.

- Келчи - деди столду жылдырып, көз жашын сүртүп маңдайына отурган аялын маңдайына сылап, колдорун кысты.

- Мен качандыр бир кезде сага сөз берип, бирок аткарбай койгонум эсиңдеби?

- Жок.

- Анда жакшылап ук, мен тирүү кезимде сени жана балдарымды эч качан таштабайм. Сөз берем сага. Тагдыр кандай калчайт билбейм, бирок бир нерсени билем, силерди эч качан таштабайм. Мариям, мындан ары менден эч нерсе сураба, кыжаалат болбо. Макулбу?

Көз жашын сүрткөн аялы башын ийкеди. Акбар чыгып кетти.

ххх

Таңдын атканы менен күндүн батканы Айкөл үчүн Айдар эле. Аябай кыйналып жатканда врачка алып барышат, укол сайып оорусун басаңдатканда күлүп, тамашалашып калат. Бирок оорусу баштаганда жан чыдагыстай онтойт. Аябай кыйналды.

- Айдар, эмне кылайын? – чекесине муздак суу басып, чебелектеген аялын жалдырай карады Айдар.

- Колуңдан келгендин баарын кылып жатасың, Айкөлүм. Башка эмне кылмак элең. Аз калды, баары бүтөт.

- Антип айтпачы.

- Кыйналдым жаным, өзүм эле кыйналсам эмне, сени кошо кыйнадым. Чала өлүк болгон мени балаңдай карадың. Мени билбейт дейсиңби, сенин эмгегиңди эки дүйнө унутпайм.

Кайра кара терге түшүп баштады, бир маалда өзүнө келди.

- Айдар, мени карасаң.

Караса, Айкөлдүн башында жоолук, узун көйнөк.

- Айкөл?

- Ооба, жоолук орондум. Дубаларым Кудайга жетпей жаткандай сезилди. Эми толукталгандаймын. Насиба эже айтат, дуба сөзсүз кабыл болот деп. Сен айыгасың.

- Жаным, ай, эмне дейин эми...

- Жарашыптыр де.

- Сага эмне кийсең да жарашат, бирок...

- Жок, кандай болсо да жоолугума бекем болом. Мен ансыз деле баарын таштадым. Сен болсоң болду. Дубам кабыл болсо жетет.

Айкөл, балким, жаштыгынанбы, ишенчээктигиненби же мындай болушу мүмкүн эмес дегенденби, күйөөсүнүн бутуна туруп кетишине аябай ишенчү. Башкача болушу мээсине да келбейт эле.   Айдар аны карап туруп башын чайкады. Бирок ишеничин сындыргысы келбеди.

- Сенин жаныңда туруп намаз окуй алсам ээ?

- Жатып да окусаң болот экен.

Айкөл толук ишеним менен Айдарга намаз үйрөтө баштады. Чын эле абалы жакшырып баштады. Кээде көңүлү ачылып, үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, жашоого болгон сүйүүсү ойгоно баштады. Ансайын Айкөлдүн кубанычында чек жок. “Жакшы болуп кетесиң, сөзсүз бутуңа туруп кетесиң. Биз бактылуу болобуз, көп балабыз болот. Аз калды, бир аз” дей берет күндө.

Бирок Жараткандын өкүмү башкача болду.  Ошол күнү кечке маал Айдар тилден калды. Жанында бир туугандары, ата-энеси, Айкөл. Келин эмне болуп жатканын байкаган жок. “Жаны кыйналып жатса, эмне бул жерге баары кирип топтолуп алды” деп кыжаалат. Айдар жалдырап Айкөлдөн көзүн албайт. Улуулардын бири Айкөлгө шыбырап кетти.

- Ыраазымын де, коё бер, жаны кыйналбасын.

- Эмне?

Айкөлдүн көздөрү бакырайып кетти. Айдарды карады. Ал бул кыйналуу убактылуу, өтүп кетет деп ойлогон. Ишенгиси келбеди. Анын жалдырап турган көз карашына чыдай албай кетти. Эшикке чуркап чыкты да, тепкичке отура калып буркурап жиберди. “Чыр” деген үн чыкты ичкериден. Апасы окшойт. Жанталаша кайра чуркап кирген Айкөл күйөөсүнүн жанына жетип барды.

- Ыраазымын деп айт.

- Ыра-з...

Оозунан сөз чыктыбы же чыкпадыбы билбейт, бирок Айдардын башы шылк эте түштү. Андан аркысын Айкөл билбейт. Эсин жоготуп койду.

 

ххх

Бул окуя тууралуу Акбар сайттардан окуду. Айкөлдүн күйөөү каза болгонун, ага көңүл айтып жатышканын интернет айдыңынан билди. Дароо Ысык-Көлгө жөнөдү. Өлүк коюлуптур, Айкөл ооруканада экен. Атасы менен апасы анын жанында экенин укту. Алыстан карап турду. Абалын билиши керек эле.

- Байкушумдун тагдыры татаалдыгын карачы. Ушул жашында жесир калды -деди жашыган атасы.

- Жеңиш, сен жаш баладай болбой, өзүңө келчи ботом. Мындан аркысын ойлонолу - деди байбичеси. - Болору болду боёгу канды. Айкөлдү кайра тиги жакка жибербей эле коёлу.

- Салт санаага туура эмес болуп калат го, жок дегенде кыркылыгын чыгарып анан үйгө алып келели. Эл эмне дейт?

- Ай, кебетесин карачы. Жалгыз кызыбыз болсо, кайра ошол кайнененин эшигине жиберсек... Сен эмне десең ошо де, бирок мен Айкөлдү алып кетем. Ал үйгө кармала турган эч нерсеси калбады.

- Сурайлы өзүнөн...

 

 

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо