Мээрим Карыпова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “Ырчылыкка кеч келдим деген өкүнүч жок”

№1182

Эстраданын да, фольклордун да тилин таап, таланты угарманды суктандырган ырчы Мээрим Карыпова маек төрүбүздө. Ырчы айым менен чыгармачылыктан тышкары, акча, белек, балдар, үлгүлүү инсандар тууралуу баарлаштык. 

 

- Мээрим айым, байкашымча, чыгармачылыктан алыстай түштүңүз окшойт. Учурда эмне иштер менен алексиз?   

- 2 жылдай болуп калды, бир аз тыныгуу алдым. Бирок мурдагыдай эле “Эл ырчысы Эстебес” тобунда жана Искусство университетинин салттуу музыка жана фольклор кафедрасында иштеп, топтун концерттерине жана акыркы убактагы чоң долбоорлорго катышып эле жүрөм. Мисалы,  “Раймаалы менен Бегимай”, “Жамила” мюзикилине катыштым. Үй-бүлөлүк иштер да бар дегендей. Ошентип жеке чыгармачылыкка убакыт тар болуп калууда. Былтыр бир гана жаңы ыр жаздырып, клип тарттырдым. Ошого тыныгууда жүргөнүмдөй сезилип жатса керек.

- Тыныгууда шоу-бизнести, маданиятты  сырттан карап көрдүңүзбү? Эмнелер байкалды?

- Бул тармактарда жаңылануу көп, өнүгүүдө десек болот. Жаңы жүздөр пайда болууда. Ушул жерден айта кетчү нерсе, эл жеңил музыкага, эстрадага ооп кетти. Терме, санат, дастандарды комуз менен ырдасак элге оңою менен өтпөйт, өтсө да саналуу гана адамга жетет. Бул өкүнүчтүү. Студенттерге “салттуу ырларды эл баалай турган учур келет. Андай ырлар биздин кыргыз экенибизди, маданият, үрп-адатыбызды чагылдырып  турарын эстен чыгарбагыла, аны жайылтууга салым кошкула” деп кеңеш айтам. Салттуу ырларды башкачараак даярдап ырдасак, мүмкүн элге жагаттыр деп да түйшөлүп жүрөм.

- Сизди элге таанытып популярдуу кылган кайсы чыгармалар болду деп ойлойсуз?

- Мага популярдуулук “балп” этип асмандан түшкөн жок. Айрымдар бир хит ыры менен жылдызы жанып чыга келет, менде андай болбоду. Атактуулук мага тынымсыз мээнеттин артынан келди. “Ырчылык хоббиңизби же кесибиңизби?” деп сурап калышат. Ырчылык – бала чактан кастарлап келе жаткан өнөрүм, 7 жыл билим алган кесибим. Элге Атай Огонбаевдин “Ой, булбулун” комуз менен менен ырдап чыгып аздыр-көптүр таанылгам. Анын артынан Мукан Рыскулбековдун “Келесиңби жан эркемин” жана “Кара жоргону” ырдап чыксам эл жакшы кабыл алды. Анан “Кара жорго” бийи популярдуу болду. Бул бийдин эл алдына чыгышына, ошентип, менин ырым түрткү болгон. 

- Чыгармачылыкка кеч аралашыпсыз, турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп калганыңызда... Кечиктим деп өкүнбөйсүзбү?

- Мугалимдерим “сен күлүктөрдүн алдысың” дешчү. 19 жашымда турмушка чыгып кеткенимде “бир аз чыдай турсаң болбойт беле, эми чыгармачылыгың токтоп калат” деген сөздөрдү уккам. Чынында ошондой болду, бир жылдан кийин төрөп, үйдө отуруп калдым. Ошол учурда такыр сыналгы көргүм келчү эмес. Анткени мени менен чогуу окугандардын эфирде ырдап жатканын көрүп ызаланып, ыйлагым келчү. “Эми баары токтоп калабы” деп санаага баткам. Анан экинчи кызым төрөлдү. Ошентип 2 балалуу болгондон кийин, 2008-2009-жылдары чыгармачылыкка аралаштым. Кайын журт жана жан шериктен Кудайым бешенеме жакшыларын жазыптыр. “Сахнага чыгам” десем, мени колдоп жардам беришти.

Бирок “эрте турмушка чыктым” деп өкүнгөнүм жок. Туура чечим кабыл алгам деп ойлойм. Балдарыбыз да чоңоюп калышты, буюрса. Чыгармачылыкты биринчи орунга коюп кеткен кыздардын аты элге таанылганы менен үй-бүлө курушу кыйын болуп каларын көрдүм. Акыл-эси толуп, кабыргасы катып калганда келин болуп барган жерине көнүү кыйын болот экен.

– Домбра черткениңиз кызыгуу жаратты, бул музыкалык аспапты кантип үйрөнүп калгансыз? 

- Бир жолу “Эл ырчысы Эстебес” тобу улуттук филармонияда концерт берип калдык. Анда “Раймаалы менен Бегимайдын” айтышкан бөлүгү бар болчу. Өмүрзак Кайыповго Раймаалынын, мага Бегимайдын ролун аткаруу талабы коюлду. Ошондо ичимдеги, кичине кезимдеги тилеген тилегимдин ишке ашар кези келгенин ойлоп, кубандым. “Раймаалы менен Бегимай” тасмасын көргөндөн тартып, мен да ошол ырды ырдасам дечүмүн да. Анан атайын домбра сатып алып болгон аракетимди жумшап үйрөндүм. Концертте ырдап чыктым. Бирок казак туугандар көрсө сындабасын деп видеосун интернетке чыгаруудан уялып жүрдүм. Кийин домбраны да катыра черткен Закирбек, Назбек инилеримден катуу сынга калбаймынбы деп сурасам “ой, эже, кээ бир казактардан кыйын чертет экенсиз” дешти. Анан казактардын да черткенин көрүп, талдап, коркпой чыга берчү болдум.

– Мурунку жагымдуу окуяларды эстеп ностальгия болгон учурлар ар бир адамда болсо керек. Өткөн күндөргө барып келүү мүмкүнчүлүгү берилсе жашооңуздагы кайсы учурга барат элеңиз?

- Оюнда оюндан башка эч нерсе жок, асманы таза, кирсиз балалык доорума барып келмекмин. Ата-энемдин алдында эркелеген күндөрдү эңсеп сагынам.

- Жашоодо сиз үлгү алган инсандар кимдер?

- Мен үлгү алчу адамдар - ата-энем. Алар өзгөчө адамдар эле. Өмүрүнүн аягына чейин сен-мен дешпей ынтымактуу, сыйлашып жашашты. Ойлоп көрсөм, ортолорунда чоң сүйүү болуптур. Баарыбызга билим беришти. Бирок, жашоодон эрте өтүп кетишти. Ошого экөө балдары чоңойгондон кийинки ийгиликтерин, жакшылыктарын көрсө болбойт беле деп калам. 

- Адам кандай деңгээлге жеткенде устаттык кылып, шакирт тарбиялай алат деп ойлойсуз?

- Мурун устат-шакирттердин жолу башкача болгон, азыр башкача. Жаш кезде устаттык кылып төгүлүп-чачылып, билгениңдин баарын берсем, үйрөтсөм деп иштейсиң. Кийин акыл токтотуп калгандан баштап ар кимдин деңгээлине жараша усаттык кылып калат экенсиң.

- Күйөрмандарыңыздан белек алган учурлар болобу?

- Күйөрмандар өздөрүнүн колдоосу менен бизге күч-кубат берет. Чыгармачылыгыңды баалап турганынын өзү бакыт. Концерттерде гүл беришет, айырмдар комуз тартуулашат. Улуу адамдар бата беришсе, алардын батасын кымбат белек катары кабыл алам.  

- Акчанын көбүн эмнеге коротосуз?

- Көбү балдарымдын муктаждыктарына кетет. Калгандары үйгө, карым-катыш жана башкаларга жумшалат.

– Адамдын кийимине, айдаган автоунаасына карап мамиле кылгандар көппү?

- Көп. Андайлар илгери эле болуп келген, азыр дагы бар, келечекте да боло берет. Адамдын табияты ушундай экен да. Бирөөнүн башы бир аз бийиктен көрүнүп калса чөйрөсүндөгүлөр аны жабалактап карап калышат. Бир аз ылдыйраак түшүп калса, эл аны  үстүртөдөн карап калат. Ушул себептен элден озуп кетпей, артта да калбай, ортодо жүргөн туурабы деп ойлоном. 

- Үй-бүлөдө эркектин кандай мамилесин кечиргис деп эсептейсиз?

- Эркек үй-бүлөдө чынчыл болуп, үй-бүлөсүн баалап жашашы керек. Саткындык эркектерге туура келбеген сапат. Аялын 3-5 баласы менен таштап кеткен эркектерди көрүп, аларга иренжип калам. Неберелүү болгон учурунда деле үй-бүлөсүнөн баш тартып кеткен эркектерге иренжийм. Бул саткындык, ушуну кечирилгис деп эсептейм.

- Адамдарды кандай критерийлер аркылуу жакын тутасыз?

- Ичинде кири, арамдыгы жок, жүрөгү таза адамдар жүрөгүмө жакын.

- Кандай кайнене, кандай чоң эне болом деп элестетесиз?

- Бардык аялзат жакшы кайнене, жакшы чоң эне болсом деп тилек кылса керек. Акыл-эстүү, жан дүйнөбүз, дүйнө тааным, түшүнүгүбүз бири-бирибизге туура келген келинге туш болсом экен деп бассам-турсам тилек кылам. Мээримдүү, баласаак, түшүнүктүү, баарын талдап-биле алган жанмын, ушундай кайнене болсом керек.

 

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо