№1182
Кээде түбөлүк өлбөчүдөй эле жашайбыз. Керсейип, текеберленип, болбогон нерсе үчүн бирөөнү урушуп, сөгүп, таарынып, тултуңдап сүйлөбөй... Элестетип эле көрүңүзчү, сиз таарынып жаткан ошол адам эртең күтүүсүз каза болуп калганын. Бүттү! Ал киши эми бул жарыктыкта жок, издеп да таппайсыз. Сиздин жаман көрүүңүз да, таарынганыңыз да, ага кыйын экениңизди далилдейм деген аракетиңиз да бир тыйынга арзыбай калат. Көзүңүздөн шолоктоп жаш агат, арман кыласыз. “Минтпей эле койсом болмок экен” деп бармак тиштейсиз. Бирок кеч болуп калган болот, анын баарын ал киши укпайт, көрбөйт, сезбейт.
Муну эмнеге айтып жатам? Жакында бир таанышымдын 5-класста окуп жаткан кызы каза болуп калды. Куландан соо, жакшынакай жүрүп эле бир күнү көчөдөн кулап, ооруканага жетпей үзүлүп кете берди. Ата-энеси 40 жашка чыга элек жандар эле, сыздап-боздоп, жер тепкилеп кала беришти. Көп өтпөй кыркылыгы болуп, Куран окутканы үйүнө кыздын мектептеги мугалимдери менен классташтары келишти. Аларды көрүп денем дүркүрөп, жан дүйнөм жанчылды. Кыздын ата-энеси тургай, бери жакта турган мен ыйлап жибердим. Ушул жадыраган балдар-кыздардын бири эле да кечээ эле... Оюнга, мээримге, сүйүүгө тойду бекен байкушум... Айтайын дегеним - өмүрдүн кыскалыгы. Тирүүбүздө бири-бирибиздин баркыбызды билели. Көңүлдөрдү оорутпай, сыйлашып жашаганга не жетсин дегим келди. Көңүл демекчи, арабызда “мен баарын бетке айтам, мүнөзүм ушундай” деген аң-дөңдү карабай былжырай берген адамдар бар эмеспи. Ошондой адамдарды анча жактыра бербейм чынында. Анткени кээде ошол “бетке айтуу” бирөөнүн көңүлүнө кетпес так салат, адамды сындырып коюшу да мүмкүн. Ошондуктан адамдын көңүлүнө карап эле мамиле кылган жакшы, менимче. Айрыкча, сенин “бетке айтууң” адам көңүлүн оорутуудан башка кымындай да бир нерсени өзгөртүп жибере албаса.
Жубайлар үйдө таарынышып кетсе, 1 аптага чейин бири-бири менен сүйлөшпөй жүргөндөр болот экен. Бул - текке кеткен убакыт, бошко сызган өмүр. Майда-чүйдө эле нерселер үчүн бири-бирибизди жек көрүп, жамандап жашайбыз, акыл калчап, кырдаалга кеңири алкактан көз жүгүртсөң болбогон эле бирдеме үчүн ден соолук, нерв кетирип жаткан болосуң. Мисалы, жөнөкөй эле “Кечирип койчу” деген сөздү айта албай, айткандан намыстанып арабызда канча адам бирөөгө таарынып жүрөт азыр. Ушул эки сөз бүт ортодогу дубалды талкалап, бүтүндөй эки ааламды жаркыратып жиберерин билсек да моюнга алгыбыз келбейт. Өмүрдү, өтүп жаткан ар бир мүнөттү барктайлы. Наалысаң да, таарынсаң да, жыргасаң да, ыйласаң да, мезгил таразасына баары бир, убакыт шуулдап өтө берет. Эртең эмес, 1 мүнөттөн кийин эмне болуп кетерин билбейбиз. Өмүрдү керексиз нерселер үчүн кор кылбай, туудай желбиретип жашайлы.
Алтынбек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |