№1183
“Өмүрүмдө калп айтып көргөн эмесмин” деген адамды көрдүңүз беле? Жок. Чынында эле калп айтпаган адам болбойт. Бирок калп айтуунун ар түрдүү деңгээлдери болот. Бири калп айтпаганга аракет кылат, экинчиси азыраак калп айтканга, ал эми үчүнчүсү калпты патологиялык түрдө адатка айлантат. Эмнеге биз калп айтабыз? Калп кайсы учурда коркунучка айланышы мүмкүн? Калптын пайдасы барбы? Ушул суроону өзүңүзгө берип көрдүңүз беле? Келгиле, биргеликте суроолорго жооп издейбиз.
БИЛИП ТУРУП ЧЫНДЫКТЫ БУРМАЛОО
Калп – бул чындыкты билип турсаң да аны бурмалоо, өзгөртүү, жашыруу. Психологиялык жактан бул көрүнүш эмоционалдык жана когнитивдик процесстер менен байланышкан. Калп айтканда адам өзүн күнөөлүү сезет, коркуу же толкундануу сезиминен улам калп айтылат. Анан да коргонуу сезимдери иштеп кетиши мүмкүн. Калп айтууну психотерапевттер оор дартка кошушпайт, ошентсе да адамдын психикалык саламаттыгынан көз каранды болушу мүмкүн деген пикирде. Өзүнө болгон баасы төмөн, ишеними жок же тынчсыздануу абалында жүргөндөр көп калп айтышы мүмкүн.
КАЛПТЫН ТҮРЛӨРҮ
1. Зыяны жок калп. Көпчүлүк колдонгон калп. Кайсы бир окуяны же абалды көркөмдөтүү, тескерисинче, жашыруу үчүн же эмоцияны арттыруу үчүн, же бирөөнү оңтойсуз абалда калтырбоо, эмоционалдык жактан башкага колдоо көрсөтүү, жубатуу үчүн айтылган калп. Мындай калп эч кимге зыян келтирбейт.
2. Жеке кызыкчылык калпы. Өзүнө пайда алып келе турган учурда калп айтып коё берет. Башкалар бул калптын айынан зыян тартабы, иши болбойт.
3. Манипулятордук калп. Башкаларга таасир берүү, басым көрсөтүү, оюн буруу максатында айтылган калп.
4. Жашыруун калп. Маанилүү маалыматты билип турсаң да айтпай коюу жашыруун алдоо болуп саналат.
5. Коркунуч калпы. Жазадан коркуп, андан качуу максатында алдоо.
6. Патологиялык же болбосо өнөкөт калп. Калп айтуу жашоо образына айланган. Өнөкөт алдоо – бул тынымсыз, көбүнчө эч кандай себепсиз же пайдасыз калп айтуу, алдоо. Бул жөн эле адат эмес, көбүнчө психологиялык көйгөйдүн же башка маселенин белгиси болушу мүмкүн. Мындай адам татаал, кээде акылга сыйбас окуяларды ойлоп таап, ал окуяларга кээде өзү да ишене баштайт.
КАЛП АЙТУУНУН СЕБЕПТЕРИ
Өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгү
Адам башкалардын аны туура эмес түшүнүп калуусунан, коомчулукка кабыл алынбай калуудан коркуп калп айтышы мүмкүн. Көйгөйдүн тамыры өзүн төмөн баалоодо жатат. Кооздоо менен адам жакшыраак көрүнүүгө аракет кылат. Башкача айтканда, беткап киет. Башкалар аны өздөрүнүн катарындагы адам катары кабыл алышы үчүн, жаман, жийиркеничтүү нерсени көрбөшү үчүн фактыларды бурмалайт, алдайт. Мындай адамдарга чындык коркунучтуу көрүнөт. Андыктан коомчулукта “жакшы” деп кабыл алынган стандарттагы адам катары көрүнгүсү келип алдоо жолуна барат.
АЙТКАН ЖОКМУН ДЕМЕК, АЛДАГАН ДА ЖОКМУН
Чектен ашкан көзөмөл, жаза бар жерде сөзсүз калп айтылат. Бул көрүнүш жазадан качуу, тил укпоо, коргонуу же мотивация бере турган сыйдан (белек, сюрприз, акча жана башка) куру калбоо үчүн чындыкты билип турса да өзүнө ыңгайлаштырып бурмалайт же “билбейм”, “көргөн жокмун”, “уккан жокмун” деп кутулуп кетет.
ЧЫНДЫКТАН КАЧУУ
Адам өзүнө жакпаган чындык менен бетме-бет келгенде коргоо механизми туура эмес багытта иштеши мүмкүн. Ал ачуу чындыктан качат да, өзүнө жаккан, өзүнө ыңгайлуу жагдайды ойлоп таап алат. Мисалы, балага ата-энесинин жардылыгы, жашаган үйү жакпайт, уялат. Бул чындыктан качуу максатында ал классташтарына бай адамдын баласы экенин айтып, өзүн да ошого жараша алып жүрөт. Чындыктан качуу калпы психологияда коркунучтуу делет. Анткени адам чегинен ашып иллюзия менен гана жашап, реалдуулук башка экенин унута баштайт. Чындык менен кез келгенде эмоционалдык соккуга кабылышы мүмкүн.
ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Башкалардан өзгөчөлөнүп калбоо, сулуулук стандартына жооп бербөө, дагы башка коомдо кабыл алынган “стандарттардан” сырт калбоо максатында алдоо жолу. Адам чындыкты айтса эл аны кабыл албачудай, өгөйлөчүдөй, уяткарчудай сезилет. Өзүнөн башкалардын оюн жогору коюп, башкалар аны макташы үчүн алдайт, элге жакпайт деген нерселерин жашырганга аракет кылат. Мисалы, социалдык тармакка ретушь, фильтр жок сүрөттөрдү жүктөбөйт. Анткени ал чыныгы көрүнүшүнөн да сулуураак, жашыраак, эффективдүү көрүнгүсү келет. Башкалардын оюнан көз каранды болгондуктан калп айтышат. Калпычылар башкалар аны баалап, сүйүп, суктанып туруусун каалашат. Эгер чындыкты билип калса достору алыстап кетиши мүмкүн, жакындары уялып, жетекчиси ага маанилүү долбоорду тапшырбай коёт деп коркушу ыктымал.
БАШТАГАНДАН КИЙИН ТОКТОЙ АЛБАЙ...
Ооба, алдап алып токтоно албай калган учурлар да бар. Биринчи калпын жашыруу максатында экинчи калп, анан үчүнчүсү айтылат. Кайсы калпты кимге айтканын унутуп, баары боткого айланган учурлар да кезигет.
КАЛП АЙТУУНУН КЕСЕПЕТИ
• Башкалардын ишенимин жоготот. Анын калпычы экенин билген адам кантип ишеним көрсөтсүн?!
• Калптын айынан конфликттер жаралат.
• Стресс жана тынчсыздануу. Алдамчы адамда “качан калпым билинип калат?” деген ойлордон стресс, тынчсыздануу абалы жаралат.
• Адамдык аброюна шек жаралат.
• Өзүн төмөн баалоо, өзү менен өзү конфликтке баруу.
• Күнөөлүү болуу сезими.
• Көп калп айткан адам башкалар менен аралашуудан, байланыштан кача баштайт. Жалпылап айтканда, калп айтуудан калпычы адам өзү биринчи кезекте жабыркайт.
• Калп айтуунун эң оор кесепети – адам юридикалык формада жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
АЛДАМЧЫЛАРГА ЖАРДАМ БЕРСЕ БОЛОТ
Ооба, өзгөчө өнөкөт калпычыларга психотерапевттердин жардамы керек. Адис калпычылыктын келип чыккан себептерин табат. Анан ошого жараша иш алып барат: өзүнө болгон ишенимди, бааны көтөрүшү мүмкүн, башкалар менен туура байланыш түзүүнү үйрөтөт, психологиялык көйгөйлөрдү чечип берет.
ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ
Елена Карачун, врач-психотерапевт: “Чындыктын уникалдуу мүнөзү бар: ал эч кимге көз карандысыз, көзөмөлдөнбөйт, тынчсызданууну жаратат жана терең түшүнүүнү талап кылат. Бирок кандай кырдаал болбосун эң жакшы чечим – чындыкты айтуу. Бул реалдуулукту сактоого жана чынчыл негизде мамиле курууга жардам берет, жубайлардын, достордун жана кесиптештердин, негизи эле адамдардын ортосундагы байланышты бекемдейт”.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |