№1183
Актёр, режиссёр, сценарист, алып баруучу, тамада, айтор, каарманым көп кырдуу инсан. Анын инсандык жолу, бактылуулук сырлары тууралуу маектештик. Сиз тааныган Актан мырзаны, бул жолу башка өңүттөн ачып бере алдык деген ойдобуз.
- Актан мырза, ар дайым шашып жүргөндөйсүз, эмне иш кылып жатасыз?
- Кечээ бир досум жолугуп калып “эмне кылып жүрөсүң?” деп жатпайбы. “Өлбөстүн күнүн көрүп жүрөм” десем таң калат. Анын сыңарындай, тиричилик деп жүрөбүз. Тойлордун мезгили келе жатат, ага даярдык дегендей. Жыл сайын кино тартчу элем, быйыл демөөрчү, продюсерлер жок, кино тарткан жокмун. Бирок идея толтура, азыркы учурда сценарий жазып жатам.
- Айтмакчы, сиз сценарийин жазган “Качкын” тасмасы эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды алып жатат, сыймык болуш керек, ээ?
- Баарын башынан айтып берейин, бул өзү кызык окуя. 2006-2007-жылдары бир тууган тайкелериме кошулуп Казакстанга иштегени баргам. Бизди тосуп алган адам “каттоого туруу мөөнөтүңөрдү узартып берем” деп паспортторубузду алып алган. Анда жаш элем, бул заманбап кулчулук экенин кийин түшүндүм. Ал кезде чөнтөк телефон жок, үйдү сагынып кетким келе баштады. Жумуш оор, тамак-аш аз. Ачка калганда чөптүн арасынан тооктун жумурткаларын издеп таап, эч кимге көрсөтпөй ичип алчумун. Анткени кожоюн абдан катаал киши эле, көрүп калса өлтүрмөк. 20 күндөн кийин тайкелериме “эмне кылсаңар ошо кылгыла, мен кетем” дедим. Тайкем өзүнүн баласын, анан мени качырмай болду. Паспортубузду биз куруп жаткан үй бүтмөйүнчө бербей турганын билип калдык да. Бирок кожоюн абийири ойгонуп кеттиби, бир күнү паспортубузду берди. “Суудан өтүп кеткиче карап турам, андан ары эптеп кеткиле” деди кожоюн. Дарыядан өттүк. Укмуш азап-тозок менен үйгө келгем ошондо. Ошол коркунуч сезими азыр деле ар бир чек арадан өткөн сайын козголуп турат. Бул окуям эсимден чыгып кетиптир, бирок иним Дастандын (ред: кинорежиссёр Дастан Жапар уулу) жүрөгүндө сакталып калыптыр. Идеяны акырындап бышырып жүрүптүр, мага кийин сценарийин көрсөттү. Толуктадым. Тасма Пусанда, Францияда, Вьетнамда, айтор, көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып, ийгиликтерге жетишип жатат. Албетте, сыймыктанам.
- Казакстанда калып кеткен тайкеңиз эмне болду анан?
- Ишти бүтүрүп келди. Негизи ал тайкем Дастан экөөбүз дүйнө таанып келе жаткан өспүрүм куракта жакшы таасир берген адам. Тарых, кино, спорт тууралуу бизге кызыктуу кылып айтып берчү.
- Тамада катары сизде бир өзгөчөлүк бар экен, спирт ичимдиги жок гана тойлорду алып барат экенсиз, көптөн бериби?
- Ооба (күлүп). Кичинемден эле тамеки, насвай, ичимдик дегендерди жаман көрөм. Мурда бардык тойлорду алып бара берчүмүн, кийин мастардан тажай баштадым. Ичимдик ичкенден кийин ызы-чуу, кыжы-кужу башталат, мас адамды ким башкара алмак эле. Анан той ээсинен “тамада тойду башкара албай жатат” деген сөз чыгат. Андай сөздүн мага кереги жок, эки жыл мурун ичимдиксиз гана тойду алып барам дегенге өткөм. Тамада досторум “антсең жумушсуз калбайсыңбы?” деп таң калышкан. Бирок шүгүр, ичимдиксиз өткөн тойлор болуп эле жатат.
- Актан мырза, соцтармакта жубайыңыздын дарегине жазылган хейтерлердин сынына эринбей жооп берип жатасыз. Буга эмне турткү болду?
- Бул - комплекс. Келинчегим Феруза менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн учурдан бери келе жаткан нерсе. Келинчегиме баары бир, ага аалам тегиз, бирок мен үчүн эмес. Эмнеге десеңиз, келинчегим өзбек улутунан да. Айланамдагылар “аны эмне кыласың, кыргыз кыздары толуп жатпайбы” дешкен убактар болгон. Ушул нерсе мага такыр жакчу эмес, кийин комплекс катары калып кетти. Очор-бачар болуп жашап калганыбыздан кийин деле ушундай сөздөр тыйылбады. Жаман комментарйилерге жооп берип жарыялап салмай адатым бар. Ооба, айрымдар “антип эмне кыласың?” деши мүмкүн. Бул - менин принципиалдуу чечимим. Мага каалагандай жаза бергиле, бирок ага жазсаңар жообун аласыңар деген кеп. Аялымды коргошум керек, ал мага аманат.
- Үй-бүлөнү бекем кармоодо кимиңиздердин салым көбүрөөк?
- Эки тараптан тең аракет кылыш керек. Үйдөн эркек “нан таап келейин” деп чыгат да, ошол учурда аны эркин коюш керек. Көзөмөлдөп тескей берүүнүн кажети жок. Бирок эркек да ошондой мамилеге татыктуу болуп, түз жүрүшү зарыл. Келинчегим мага бир да жолу “каяктасың, качан келесиң?” деп жазбайт. Мээмди жебейт. Эркек дагы аялды жакшы карашы керек, кам көрүп, муктаждыктарын жаап дегендей. Муктаждык - тамак же акча менен эле чектелбейт, бул – көңүл буруу, баарлашуу. Баарлашуудан көп нерсе чечилет. Балдардын түйшүгүн да аялдын мойнуна илип койгон болбойт. Ата дагы алардын жашоосуна, ойлоруна кызыгышы шарт. Албетте, менин деле кемчилигим жок эмес. Үйдө кээде компьютерден кино көрүп, оюн ойноп, иш бөлмөмдөн чыкпай коймоюм бар. Келинчегим муну сөз менен айтпайт, СМС менен жайлайт (күлүп). Узундан узун СМС жазылса “аа, чектен чыгып баратыпмын” деп өзүмө келе түшөм. Айда-жылда бир болуп турат.
Жакында жубайыма “мен депрессиядамын” дедим. “Эмнеге?” деди. “Быйыл кино тартпай калдым, көп достордон алыстадым” десем, “сага ошол достор керек беле? Демөөрчүгө көз каранды болбо, өзүң иште, көп нерсе колуңдан келет” деди, айтор, мээме куйду. Эртең менен турсам депрессиядан эч нерсе калбаптыр. Жубайым ушул жаатта кыйын. Эң негизги мотиваторум – келинчегим. Актанды - Актан Рыскелдиев кылган ошол киши.
- Мүнөзүңөрдө окшоштук барбы?
- Жок, биз “плюс” менен “минустайбыз”. Мен тез от алам, эмоциям жүзүмө чыгат, дароо бетке айтам. Ал абдан сабырдуу, сабырына таң калам.
- Кыздуу болгондогу кубанычыңыз укмуш болду окшойт?
- Уул болобу, кыз болобу, Жараткан ден соолугу менен берсин деген түшүнүк менен жашайбыз. “Кыз каалайм” деген деле ой жок эле, бул жолу деле эркек болот го дегем. Удаасынан үч уул болсо көнүп калат экенсиң да. Гендер патиде кыздуу боло турганымды билгенде кубангандан көзүмө жаш алдым. Эркек бала апасына жакын болот экен, кичинесинде балдарымдын эч кимиси там-туң басканда “ата” деп колун сунчу эмес. А кызым бир жашында эле мага колун сунуп “ата, көтөр” дей баштады. Жүрөгүң элжирейт, ушунчалык жыргайм. Кыз бала керемет экен.
- Келинчегиңиз сизге автоунаа белек кылганы өзгөчө болду, адатта, күйөөсү аялына белек кылат эмеспи...
- Табиятымдан такыр техникага кызыкпайм. Ал тургай машине айдагандан коркчумун. Мындан 8 жыл мурун кайын журтум унаа белек кылып, аны келинчегим айдап жүрчү. Көп учурда үйдө эле турчу. Бирок атам урушту, “жөө жүрбөй, балдарыңды ташышың керек” деди эле, айдаганды үйрөндүм. “Ушундай кичине машине айдайсыңбы?” деп таң калгандар болгон. Көңүл бурбай эле айдап жүрчүмүн. Бирок келинчегим мага айтпай акча чогултуп жүрүптүр, Грузиядан буюртма берген экен. Машинаны “сага белек” дегенде түшүнгөн жокмун, ишене албай турдум. Жашоомдогу эң сонун сюрпиз болду.
- Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |