№1183
(Башы өткөн сандарда)
Айкөл көзүн ачты. Жаркырап чыгып турган күндү карады. Айдарды бул учурда майыптардын коляскасын отургузуп алып, сейилге алып чыкчу эле. Ал кобурап бир нерселерди айтып берчү. Чогуу каткырышчу. Балээ баскан кырсык болуп, күйөөсү төшөккө жатып калгандан бери бир жарым жыл бакты. Бирок бир дагы түйшүгүн сезген жок, бир дагы жолу кабак чытып кыйналбады. Канча жыл болсо да караганга даяр болчу. Аман эле болсо эмне, уйкудан ойгонуп, сулуу жүзү менен аны карап жылмайып сүйлөсө эмне? Эми эмне кылат? Ансыз кантип жашайт? Деги эле жашоонун максаты калдыбы?
Ушул учурда апасы кирди палатага, Айкөл жаштуу көздөрүн жашырып калды.
- Айкөл, буюрса, сени эртең ооруканадан чыгарабыз деп жатышат. Түз эле үйгө алып кетели, кызым. Кандай дейсиң?
- Макул апа.
Айжанар кызы дароо эле макул болгонуна таң кала түштү.
- Чын элеби?
- Айдарды эстеш кыйын мага, апа. Ал үйгө Айдар жок болгондон кийин барбаганым дурус. Кайнатамдар мени туура түшүнүшөт деп ойлойм.
- Ооба, кийин Куран окутуп барабыз.
- Макул. Апа, мен жалгыз калсам болобу?
- Бир аз тамак ич. Тамак ичирип туруп анан кетели, атаң да чарчап жүрөгүн мыжыгып араң отурат.
- Апа, мага убара болбогулачы. Атамды караңыз. Мен эч нерсе болбойм.
Айжанар андан башка эч нерсе дей албады. Палатадан чыгып, Жеңишти алып үйгө эс алганы кетишти. Акбар көп убактан бери ушул жерде акмалап жүргөн болчу. Айкөл палатада жалгыз калганын билди. Анын жанына баргысы келди. Жинденет чыгар, балким, кууп чыгат, бирок анын жанында экенин билгизгени оң. Ушул ой келгенде Акбар тез-тез кадамдап жөнөдү. Кирсе терезени тиктеп турган экен. Акбарды көрүп таң калып да кеткен жок, жиндеп да кеткен жок. Күндө келип жүргөн адамдай карады. Сахнада бажырайып, ачылып, ажары төгүлгөн бир кездеги Айкөлгө бул такыр окшобой турду. Акбар көңүл айтты. Айкөл унчукпай баш ийкеди. Андан ары эмне дээрин билбей туруп калышты.
- Мен угарым менен келдим...
- Эмнеге келдиңиз?
- Сарсанаа болдум сага, жаныңда экенимди билсин дедим.
- Жанымда бир гана Айдар болушу керек эле, эми ал жок. Демек, башка адам үчүн да орун жок.
Акбар эмне дээрин билбей калды. Түптүз айтылган сөзгө таң берди. Бирок анын да чындыгы бар эле. Аны ойлонуп, караанын көрбөй калса жанын коёрго жер таппай калганын айткысы келди. Өзүнө гана дайын болгон жан азабын төгүлүп төгүлүп айтып алгысы келди. Бирок кантип айтат? Эмне деп айтат?
- Ага, отуруңузчу - деди бир убакта Айкөл.
Акбар отурду.
- Мени караңызчы.
Өмүрүндө эч кимден жалтанып көрбөгөн каректер кыздын көзүн тике карай албачудай майтарылды. Бирок көзүн көтөрдү. Мына, басса-турса, отурса-жатса көз алдынан кетпеген супсулуу каректер. Жүрөгү дирт этип, аптыгып кетти. Айкөл сөзүн жай баштады.
- Ага, сиз тууралуу көп жакшы сөздөрдү уктум. Башында акчасына таянган эркектердей көрүп иренжигеним чын. Бирок кийин сиз тууралуу угуп көрүп, сезип, сиз башкаларга окшобогон адам экениңизди билдим. Сизди бекер “ага” деп кайрылган жокмун. Мен сизге карындаш гана боло алам. Андан аркысы сиз үчүн да, мен үчүн да мүмкүн эмес. Деги эле менин жашоомдо Айдардан башка бир эркек болушу мүмкүн эмес. Мен андан кийин эле бул дүйнөдөн кечип кетким келген, бирок анте албайм. Диним, ыйманым өз жанымды кыйганга жол бербейт. Бул дүйнөдөгү калган жазам ушул, менин жашоомдо башка эч ким болбойт. Бул нерсени сиз азыр түшүнбөй калышыңыз мүмкүн. Же жаштыгы менен айтып жатат дешиңиз да ыктымал. Бирок ушундай. Айдар жашоомдогу биринчи жана акыркы адамым.
- Мен мындай сөздөр менен сенин тынчыңды алыш үчүн келбедим эле. Маркумга да сыйым чоң. Болгону менин бар экенимди гана билсин дедим. Туура айтасың, адамдын жүрөгүндө бир гана адам болот деп ойлойм. Бирок жүрөк биздин мүлкүбүз эмес экен. Ага кимди салып коёт, кимди алып коёт биз билбейт экенбиз. Бул Жаратканга таандык маселе. Жүрөккө эркинен тыш эч нерсе жасата албайт экенбиз. Болбосо мен да ушинтип жүрбөйт элем. Чыныгы сүйгөн адамга убакыт да, шарт да маанилүү эмес. Мага да сен кайдасың, ким мененсиң, ким деп жашайсың маанилүү эмес. Сага жакшы болсо болду. Колумдан сен үчүн кичине бир жакшылык келсе ошого сүйүнөм.
Айкөл аны укпагандай же маани бербегендей Айдар тууралуу сүйлөдү.
- Айдар менин өспүрүм курагымдан бери жакшы көргөн адамым эле - деп барып токтоп калды Айкөл. Ичиндеги бир күү Айдар тууралуу черткиси келип жаткандай. Ал тууралуу айткысы келип жатты. Кимге айтат? Ата-энеси укса ого бетер кыйналышат.
“Мен укканга даярмын” дегендей Акбар отургучун ага карай кичине жылдырып койду.
- Биздин айылыбыз кошуна эле. Кээде балдар волейбол ойногону биздин айылга келип калышчу. Биринчи жолу ошондо көрдүм. Мындай сулуу адамды Жараткан кантип жаратты деп таң калганым бар. Куду китептерде окуган, кинолордо көргөн актёрлордой эле. Жалдырап эле туруп калдым. Өзүмдү ушунчалык жоготуп койгон экенмин, бир кезде топ келип дал менин башыма тийди, жыгылып калдым. Балдардын баары күлүп жиберишти. Ыза болдум. Ордумдан турганы жатканымда Айдар чуркап келди. “Эч нерсе болгон жоксуңбу?” деп мени тургузуп, кийимдеримди күбүп кирди. Мен турам жалдырап. Тиктейм да турам. Ал жылмайып койду. Жылмайганычы... Билбейм, ушул кезге чейин Айдардыкындай жылуулук чачып, сулуу жылмайган адамды көрбөдүм. Бир жыл бою кыйналдым. Эч кимге көңүл бурбадым. 10-класска көчө турган болгонубузда ал менин мектебиме келип калды. Мен музыкалык мектепте окучу элем да, ал дагы атайы мени менен таанышыш үчүн биздин мектепке кириптир. Аны кийин айтты. Мурунку азабым, ал келгенден кийин миң эсеге көбөйдү. Анткени ар бир класста ал үчүн жанын бергенге даяр бирден кыз бар болчу. Кызганычтан жаным чыгып кете жаздачу. Бир жолу бир кыз менен мушташканым да болду.
Акбар жылмайып койду.
- Ооба, өспүрүм курактагы сүйүү башкача болот эмеспи. Мен да далай азап тарткам.
- Хм, демек, билет экенсиз да.
- Ооба, мен далай ырларды жазчумун. Силердин курак менен биздин курактын айырмачылыктары бар, бирок сезим ошол боюнча эле калат, менимче.
- Айдар кызык жигит эле, ал үчүн тиги кыз менен мушташканымдан кийин гана келип кыз-жигит бололу деп сунушун киргизди. Кийин деле “мушташып жүрүп жүрөгүмдү жеңип алгансың” мени шылдыңдап жүрдү.
- Ооба, эркектер кээде ошондойбуз.
- Ошондон киийн биздин колдорубуз эч ажырабады. Дайым жетелешип жүрдүк. Дайыма...
Айкөл ушул жерге келгенде көз жашына ээ боло албай калды. Ыйлап жиберди.
- Мен кантип жашайм?
Ыйлап жаткан Айкөлдү кантип кучактап калганын түшүнбөй калды Акбар. Бир караса кызды кучактап турат. Анын алсыз денеси титиреп, өзүнө гана белгилүү арман күүсүн чалып жаткан комуздун кылдарындай эле. Дал комуздун кылдарындай дилдирек, дал ошондой мукам болчу.
- Ага, мен ансыз кантип жашайм?
- Жашайсың, убакыт дарылайт. Жараларың карттанат. Сен жашайсың, Айкөл!
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |