№1183
• Ар бир жыл мезгилине жараша бетке кам көрүүчү косметикалык каражаттарды алмаштыруу сунушталат. Суук мезгилде терини азыктандыруучу каражтка басым жасасаңыз, жылуу аба ырайында күндөн коргоочу косметикага көңүл буруу керек. Жайкысын бетте минимум косметика болушу керек. Анан да бардык учурда терини нымдаштырганды унутпайбыз.
• Бетке эмне сүйкөсөңүз да, аны туура багытта укалоо ыкмасы менен жасасаңыз натыйжасы эки эсе таасирдүү болмокчу.
• Бетке чыккан безеткини эч качан сыкпаңыз. Инфекция киргизесиз же болбосо безеткиден так калышы ыктымал.
• Беттеги макияжды жатар алдында эмес, көчөдөн үйгө кирер менен жууганды адатка айлантуу керек. Бет да тазаланып, дем алгысы келет.
• Аялдын визиттик карточкасы – моюн жана кол делет. Анткени эң биринчи “карыган” да теридеги ушул аймактар. Андыктан бетке канчалык кам көрсөңүз, кол менен моюнга андан эки эсе көп кам көрүү талап кылынат.
• Ачык күн нуруна чыкпаңыз же мүмкүн болушунча аз чыкканга аракет кылыңыз.
• Күн чыга электе же киргенден кийин, же күн тийбей турган учурда таза абада сейилдөө күнүмдүк адат болушу керек.
• Тери таза болсун десеңиз, жеген тамагыңызга көңүл буруңуз. Такыр жебей коё албасаңыз да куурулган, ачуу, таттуу, майлуу азыктардын өлчөмүн азайтып, пайдалуу азыктарга басым жасаганыңыз жакшы. Туура тамактануу сулуулук үчүн эле эмес, дени сак, узак өмүр сүрүү үчүн да керек экенин унутпайлы.
• Көп кыймылда болуңуз.
• Туура режимде уктаңыз, кечки 10:00дө уктап, эртең менен 6-7де турган жакшы. Бул режимде организм толук эс алып, пайдалуу гормондор менен толукталат, калыбына келет
• Позитивдүү болуңуз. Көп күлүңүз, маанайыңызды көтөрчү иштер менен алек болуңуз, бактылуулук сезимин тартуулаган адамдар менен баарлашыңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |