№1183
Аянтынын 71 пайызы тоого курчалган мамлекет – Албания. Аянты да, калкынын саны да чакан болгону менен 2300 жылдан ашык тарыхы бар. Учурда Албания Европадагы коопсуз деп саналган өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошол эле учурда Европадагы мусулмандар көп жашаган мамлекет. Саякат рубрикабыздын бүгүнкү “каарманы” Албания Республикасы тууралуу сөз кылалы.
Жайгашкан орду: Балкан жарым аралынын батышында жайгашкан (Европанын түштүк-чыгышындагы арал)
Расмий аталышы: Албания Республикасы
Аянты: 28 748 чакырым2
Калкынын саны: 2 793 592 (2022-жылдагы эсеп менен)
Борбор шаары: Тирана
Мамлекеттик тили: албан тили
Дини: калктын 64 пайызы ислам динин тутушат
Башкаруу формасы: парламенттик республика
Президенти: Байрам Бегай
Көз карандысыздыкка жеткен күнү:
1912-жыл, 28-ноябрь (Осмон империясынан)
Валютасы: лек
Албания эмес, Шкиперия
Кызыгы, албан тилинде Албания деген сөз жок. Жергиликтүү калк мамлекетти Шкиперия деп аташат. Албан тили үйрөнүүгө оор тилдерден, жазуусун өздөштүрүү андан бетер татаал дешет. “Албания” топониминин келип чыгышы орто кылымдарга барып такалат. Ал мезгилде иллирий уруусу өздөрү жашаган жерди “Alban,t” деп атаганын окумуштуу-географ Птолемей өз жазууларында көрсөтүп кеткен. Окумуштуу биздин эранын 150-жылы карта түзүп, анда Албанополис деген шаар бар экенин көрсөткөн. Ошондон улам Албания аталышы келип чыккан делет. Учурда расмий түрдө аталышы Албания Республикасы болгону менен, жергиликтүүлөр Шкиперия деп аташат. “Шкиперия – бүркүттөрдүн жери же бүркүттөрдүн балдары” деген түшүнүктү берет.
Жаратылышы
Албания Европанын түштүк-чыгышындагы Балкан жарым аралында жайгашкан. Бул мамлекетти Адриатикалык жана Ионикалык эки деңиз жээктеп турат. Андан сырткары, көп сандагы көлдөр, дарыялар бар. Косово, Черногория, Түндүк Македония жана Греция мамлекеттери менен чектеш. Деңиз, көлдөрдөн сырткары аянтынын жарымынан көбү тоолорго, токойлорго курчалган.
Аба ырайы
Аба ырайы ысык да, суук да эмес. Кышкысын эң төмөнкү көрсөткүч – 9-10 градус, ал эми жайкысын эң ысык мезгилде + 30-32 градуска жетет. Жылдын 300 күнүндө аба ырайы жакшы болуп, күн тийип турат. Туристтер көп барчу мезгил май айынан сентябрь айына чейин делет.
Жаныбарлары
Флора менен фаунасынын көп түрдүүлүгү өзгөчө көрк, баалуулук берип турат. Жаныбарлардын көп түрдүүлүгүн сактаганга өзгөчө көңүл бурушат. Чакан мамлекетте жаныбарларды коргоочу 14 улуттук корук бар. Тоолуу, токойлуу өлкөдө кызыл китепке кирген сүлөөсүн, күрөң аюу, андан сырткары карышкыр, түлкү, жапайы мышык жана башкалар. Деңиз жээктеринде, көлдөрүндө күлгүн фламинго, кичи баклан, пеликан, тюлень, таш баканын түрлөрү жашайт. Анан да өлкөнүн символу болгон бүркүттөр мекендейт Албаниянын бийик тоолорун.
Өсүмдүктөрүнө келсек, 3500дөн ашык түрү бар экен. Ал эми токойлорунда негизинен пихта, эмен, бук жана карагай өсөт. Кен байлыктардан нефть, жаратылыш газы, көмүр, хром, жез, никель өндүрүшөт.
Калкы
Калкынын саны 2 миллиондон ашык. Бирок Албанияда эмес, чет жерде жашаган албандардын саны 3,5 миллиондон көп делет. Буга өлкөнүн экономикасы себеп. Албания Европадагы эң кедей мамлекеттердин катарында. Андыктан жакшы жашоодон үмүт кылып көчүп кеткендер көп. Этникалык курамы: 95 пайыз – албандар, андан сырткары гректер, румын, серб, македончулар жашашат. Албан тили негизги тил, андан кийинки орунда грек тили жана башкалар турат.
Туризм
Албанияда эс алууга ылайык бардык шарттар бар. Суу десең суу, деңиз паркы, кумдуу пляж, дайвинг жана башка. Тоого чыгат элем десең ал да бар, өзгөчө кышкы спорт түрлөрүн жактыргандар кышында барса болот. Кышкысын тоодо – 20 градуска чейин төмөнкү температура болот. Айтор, жаратылыштан издеген “релаксты” Албаниядан таба аласыз. Байыркы храмдар, байыркы цивилизациядан калган жайлар, согуштан коргонуу үчүн жасалган атайын аскерий жайлар жайгашкан. Баасы Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан делет. Ашканасында өзгөчө сыр түрлөрүн сунушташат, бурек, мусаку деген улуттук тамактары бар (эт жана жашылчалар менен жасалган пирог). Албан ашканасы – балкан, грек жана итальян ашканасынын аралашмасы делет. Айтор, ачка калбайсыз. Кайсы тилде сүйлөшөм деп кооптонбой эле койсо болот, кызмат көрсөтүү тармагында иштегендер англис тилде эркин сүйлөшөт, андан сырткары орус тили да жайылган.
Экономикасы
Албания – орто өнүккөн агрардык-индустриалдык мамлекет. Өлкөнүн ири инвесторлору жок, рынок реформалары дээрлик жокко эсе, коррупция күч, жумуш орундары жок болгондуктан ишке жарамдуу жаштар чет жерге чыгып кетишкен. Мунун айынан мамлекетте төрөлүү азайып, пенсионерлердин саны көп. Калктын басымдуу бөлүгү айыл чарбасында иштешет, андан сырткары өнөр жай тармагында да эмгектенгендер бар. Жакшы жагы: өлкөдө Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу эмгек акысы жогору, анткени эмгекке жарактуулар жетишсиз. Акырындап экономикалык өсүү байкалууда, мамлекеттин тышкы карызы (Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу) аз деп эсептелинет. Экспортко негизинен тамеки, жашылча-жемиш чыгарышат, андан сырткары бут кийим, нефть, айыл чарба азыктары да кетет.
Кызыктуу фактылар
1. Албаниядан чыккан эң атактуу адам – Тереза апа (мать Тереза). Ал “Нобель” сыйлыгынын лауреаты.
2. Борбор шаары Тирана эң чоң деп эсептелет, анда 900 миңге чейин адам жашайт.
3. Валютасын сомго айландырганда 1 лек – 1,3 сом болот.
4. Албанияда 12 облус бар, облустар 61 муниципалитетке, муниципалитеттер ар бири 5-10 коммуннага бөлүнгөн.
5. Албаниядан бир дагы Олимпиада чемпиону чыккан эмес.
6. Албандыктар эт жегенди жакшы көрүшөт. Анан да жеген жаныбарынан калдык чыгарбаганга, тагыраагы, дээрлик баарын жегенге аракет кылышат.
7. Албанияда Шкодер деп аталган шаар бар. Анын өзгөчөлүгү – светофор жок. Себеби светофорлор коюлат деп жатканда жергиликтүү калк ал үчүн салык төлөйт деген эреже чыккан. Тургундар бул эрежеге каршы жүрүшкө чыгып, “салыктын да, светофордун да кереги жок” дешкен. Ошентип светофор коюлбаган шаар бара-бара өлкөнүн өзгөчө калаасына айланган.
8. ГМО колдонууга мыйзамдуу түрдө тыюу салынган он чакты мамлекеттин катарына кирет.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |