№1183
(Башы өткөн сандарда)
02.01.ХХХХ. “Сен мени тоготпой калдың! Сен өзгөрдүң кыз! Каякта жүрдүң түнү менен? Деги соосуңбу? Эркелетип коёюнчу, жалгыз сиңдим болсо ойнойт да, күлөт да деп өзүмдү алдап, сага тилимди тийгизгенден тартынып жүрсөм, сен өтүгүндү төргө илип алдың! Кайда жүрдүң, айт?! Бол, тылтыйбай!”.
Мына, түшкө жакын келип үйгө, атайын жумуштан калып, эшиктен тосуп алган эжемден уккан сөзүм. Унчукпай туруп бердим. Урушуп алып басылды. Эжем боорукер, кайра эле кечирим сурап, бетимден өөп кучактады. Анткени мен курбу кызым менен үйүндө кал дегенинен калып калдым деген шылтоону айтып койгом. Эжем универге барганда жанымда жандап Айым жүрүп калчу эле. Ошол курбумдун үйүндө болдум дедим. Ишенди окшойт. Анан ошол, үйдө эжем экөөбүз тең демибизди басып олтурсак, Мирзат кирип келип калды. Эжем “Кел, төргө өт” деп сыйлап калды. Ушул чиркей жаман тажатты. Эки күндүн биринде эле келе берчү болду. Эжеме жагынып ар нерсе көтөрө келет. Мен өз бөлмөмө кирип кеттим. Ал болсо үйгө түнөп калды. Аз күндө жашап алат го бул үйдө. Эжем айтат: сени жактырып калса керек. Кечке эле сени сурайт - деп. Мен мурчуя “коюңузчу” десем, кой, антпе, жакшы бала, күйөө балам болсо өкүнбөйт элем деп жиберди. Ии, чиркей десе! Акырындап эжем менен жездемди колго ала баштаган экенсиң да! Шүмшүк. Жазгым да келбей калды. Ошонун түрүн эстегенде, денемди калтырак басып кетет. Мына, азыр дагы аркы бөлмөдө Жантайчикти ойнотумуш болуп олтурат. Тим эле жаш баланы жакшы көргөн адам кейпин кийип.
xxx
05.02.ХХХХ. Таңкы уйкумду белгисиз номерден келген СМС бузду. “МЕН СЕНИ БААРЫ БИР СҮЙӨТ ЭКЕНМИН”. Адилет дедим ичимден. Бүгүн сөзсүз номеримди алмаштырышым керек деген ой келди. Өзгөрттүм. Бирок бул эч нерсе эмес. Билесиңби? Бекзат бүгүн мени өз үйүнө алып барды. Андай чоң хан сарайды мен телевизордогу кинолордон эле көрчүмүн. Эки кабат чоң үй. Ошонун экинчи кабатында Беканын бөлмөсү экен. Ал өзү мактанчаак. Мактанып олтуруп, Нью-Йоркто үйү бар экенин да ачыка чыгарып койду. Ойлонуп эле олтуруп калдым. Үйүндө эч ким жок экен. Ата- энеси кыштын кыраан суугунда ысык өлкөгө эс алганы кетишиптир. Басып барып, Бека жаткан керебетке сулайып жатып калдым. Ойгонсом мурдагы жашап өткөн жашоом түш болуп калса, тура калып эле ушул үйдүн ээси болуп калсам дедим көздөрүм жайнап. Ал дагы мени карап туруп “Жактыбы?” деди. Мен башымды ооба дегендей ийкедим. Ал анда: Бүгүн калчы. Бул күн дагы, түн дагы экөөбүздүкү болот - деди. Ойлонбостон макул болдум. Мына, азыр түн бир оокум. Менде уйку жок. Бекзат уктап жатат. Жаңы эле үйдүн баарын карап, ар бир бөлмөсүнө кирип, кооздугуна суктанып келип олтуруп, сени эстеп кеткендеги кербезим. Эмнегедир бактылуу болсом эле, сага бүт ички сезимдеримди төккүм келе берет. Мен бактылуумун.
xxx
21.01.ХХХХ. Эмнегедир бүгүн кечке кабатыр болуп жүрдүм. Мына, бүгүн универге 3-модулду тапшыра албай калгандарды чакыртышыптыр. Арасында мен дагы бармын. Колума акча көтөрүп алып келдим. Болбосо баары бир жаппайт модулду. Мен миң мыкты окуган студент болгон күндө дагы. Анын үстүнө өзүм да пара берип көндүрүп койгом. Булар мени көргөндө акчаны көрүшөт болуш керек. Барсам жалаң мен жек көргөн ажаан кыздар экен. Менин курбум - Айым жок. Ал аябай тың кыз, баарын убагында бүтүрүп койгон. Бир бурчта мен, экинчи бурчта “ажыдаарлар” турушту. Мугалимди күтүп турабыз. Өздөрүнчө күлкүсү басылбай, шыңкылдашат мени карашып. Жиним келе түштү.
- Эмне өз көлөкөңдү көрүп алып, каткырып жатасыңбы? - деп бир тийдим эле Асель араң эле турган экен беттен алды. Эмне деди дебейсиңби?
- Эмне “крутой” жигитиңе ишенип, сабакка келбей жүрдүң да, ээ? Эми бышмыйып келип калыптырсың. Иш бүттү да.
- Эмне деп жатасың?! Тилиңди сууруп алам азыр! Шүмшүк! – деп алдына аткынып бардым. Тайманбай мени мисирейе карап:
- Бир жолу силер ким элеңер? Мен кайда? Силер кайда? дебедиң беле. Билесиңби? -дейт эски күндү эске салып. Ооба, айтканым бар. Бирок мен дагы аны жөн жерден айткан эмесмин. Бассам-турсам артымдан ушактап, мени тайпалаштарга уятсыз кыз катары көрсөтүп, токуп ар окуяларды айтып бергенинен мындай кадамга баргам. Кыйратып экөөбүз тең журналистика факультетинде окуйбуз да. Бул ажыдаардан мыкты журналист чыкмак! Анан ошол, “дагы бир жолу кайталайм. Сенин ордуң төмөндө, мага жете албайсың” дедим.
- Билип ал. Жерге түштүң сен. Жигитиңдин тоюнда бийлеп келдим го мен кечээ. Кайсы арыңа чоң сүйлөйсүң?
- Жалганчы! – деп ызама чыдабай кыйкырып жибердим.
Жанымды жеп салды. Бул ирет айткан сөздөрү жүрөгүмдү тешип кетти. “Акмак!” дедим ичимден. “Алдаган жокмун, кечээ тоюна барып кыздар менен бийлеп келдим (бийчи кыз)” дегенде жүгүрүп барып бетине чаап жибердим! Мени табалап, элдин алдында түшүргөнгө кандай акысы бар?! Анан дагы бул жалганды уккум келген жок. Кантип дити барды? Деги эле качантан бери эл мени сынап, жашоомо аралаша баштады эле?!!! Акмак! Акмак! Акмак!
Айтор, азыр үйдөмүн. Дагы деле денем титиреп жатат. Бул калп болуш керек. Бекзат андай кылбайт болчу. Мен ишенбейм. Охх... Жаным күйүп жатат. Күндөлүгүм, аба жетпей жатат. Кыйналып кеттим. Ишенбе... Ишенбе деп өзүмдү алдап жатам. Үнүмдү акырын чыгарып боздоп жатам азыр. Жаным... Кыйнабачы мени. Денемди оорутпачы. Көздөрүм, ыйлабагылачы...
xxx
12.02.ХХХХ. Жанды жегир! Аселдин бетин тытам! Мен жөнүндө ар ушак таратып жибериптир. Бүгүн университетке барсам, көпчүлүк студенттер мени башкача көздөрү менен карап калышыптыр. Жаман ыңгайсыз абалда калдым. Дагы жакшы жанымда Айым бар. Ал мени алаксытып, көңүлүмдү алып жатты. Сабак бүтүп үйгө кетип бара жатсак, жолдун аркы бетинде топтолушуп биздин студент балдар турган экен. Мени көрө калышып, эң жаман сөз менен мен жакты көздөй кыйкырышып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп калышты. Ыйлап жибердим. Айым мени соорото, “кел, таттуу алып берем” деп жаныбыздагы кафетерийге алып кирди. Өзүмдү баса албай, ыктыта олтурдум. Айым мени аяп: “Балким, калп айтып койгондур Асель. Бека менен жолуга элексиң да?”– деди. А мен унчукпай ойго чөмүлдүм. Ооба, мына 2 жумадай болду. Бекзаттын үйүн акмалап жатам. Же бирөө жарым чыксачы. Күзөтчүсү бар экен. Сурасам: “Маалымат бере албайбыз. Башка жакка барып ойночу”,– деп койду. Мен үйүн билсем, ал менден кача албайт деп жүргөм. Жаңылыптырмын! Мага окшогон байкуш, миң тың болсоң да, акчаң жок болсо бей пайда турбайбы. Эч нерсе кыла алган жокмун. Ыйлай берип жашым соолуду. Бир убакта Айым: “Кел, Мирага чалабыз”,- деп калды. Ал Беканын кошунасы болом деп жатпады беле деп чала калды. Балээ ошондо билинди. Бекзаттын өзү теңдүү бир чиновниктин кызын алганы чын экен. Дүңгүрөтүп той бериптир. Азыр бал айын өткөргөнү Нью-Йоркко кетишиптир. Качан? Кайсыл убакытта? Кайсыл мүнөттө өткөрүп жибердим мынча нерсени? Кантип эле, кантип... Дагы деле ишене албай олтурам. Бекзат... Ал мындайга кантип барды? Демек, ушунча убакыт мени алдаптыр да. Акмак!..
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |