Аэлита Таалайбекова, ырчы: “Эл аралык сынактагы биринчи жеңишимди багындырдым”

№1183

“Аккан арыктан суу агат” дегендей, белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын кызы Аэлита Таалайбекова Орусиянын Тыва Республикасында өткөн эл аралык сынактан биринчи орунду багындырды. Кыргыз желегин чет жерде желбиретип келген жаш ырчы менен аталган сынак жана чыгармачылык тууралуу маектештик. 

- Салам, Аэлита, жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Эл аралык сынакта биринчи орунду ээлөө оңой эмес болуш керек...

- Саламатсыз, рахмат! Өзүм да абдан кубанып турган учурум. Анткени бул жеңиш менин чыгармачылык жолумдагы биринчи ийгилигим, албетте, сыймыктануу сезими болот экен. Алгачкы ийгиликтин даамы башкача болот деп коюшат го, меники да ошондой болуп жатат болуш керек (күлүп). Эл аралык деңгээлдеги алгачкы тажрыйбам болгондуктан, оңой болгон жок. Узак жол жүрүп бир аз сыркоолоп да келдим. Апамдын (ред.: Айчүрөк Иманалиева) мындай сынактардын далайына барып, айылдарда, шаарларда нечен гастролдордо жүрүп, эч талыкпай азыркыга чейин иштеп жатканына дагы бир жолу абдан таң калдым. Анткени мындай иш-чараларга барып келүү адамды моралдык жактан да, дене күч жактан да абдан чарчатат экен. Айтор, апамдын энергиясына, күчүнө баа берип келдим.

- Сынак тууралуу айтып берсеңиз...

- Эл аралык “Алдын согун” (ред.: Алтын жебе) сынагы биринчи жолу өткөрүлдү. Биз сынакка эки ай даярдандык. Эл аралык фестиваль болгондуктан абдан көп өлкөдөн өкүлдөр катышты. Сынак 8-10  августта, Тыванын борбору Кызыл шаарында болуп өттү. Абдан көп таланттуу ырчылар барышты. Көбү көмөкөйдөн ырдоо (горловое пения) түрү  менен катышты. Жалпы 20 катышуучу  болду, он ырчы Башкырстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу бир топ өлкөлөрдөн келишти. Калганы  жергиликтүү, Тыванын өзүнөн катышкан ырчылар болду. Калыстардын чечими менен биринчи орун мага ыйгарылды, эмгегим акталды десем болот.

- Репертуарыңыз кызыктуу тандалыптыр. Тыва тилинде ырдадыңыз, бул тилди билчү белеңиз? Анан “Курманбек” ырын кандайча тандап калдыңыздар?

- Бизге башында 30 чакты ырды бир ай мурун жиберишкен. Ичинен “Аныяктар” деген тыва тилиндеги ырды тандап алдык. Өзүм ырдай ала турган, күчүм жете турган ырды тандадым. Бул чыгарма убагында Тыважа абдан популярдуу болгон  экен. Тыва тилин билбейм, бирок апамдын жардамы менен ырдап, улам айтылышын тактап, маанисин түшүнүп, кайра сынактын уюштуруучуларына жиберип жаттым. Ал эми “Курманбек” ырын мага башынан эле жакчу, ошондуктан тандап алдык. Анткени патриоттулукка чакыра турган күчтүү ыр деп билем. Бул да оңой ыр эмес, бирок колдон келишинче аткарганга аракет кылдым. Ушул эки ырды аткарып, буюрса, жакшы натыйжа менен келдик.

- Айчүрөк айым да сизди коштоп бардыбы ал жакка? 

- Ооба, апам аталган сынакка калыстар тобунун мүчөсү катары катышты. Бул жеңиште апамдын да үлүшү чоң. Башынан баштап аягына чейин жанымда болду, кеңешин айтып, кантип ырдашым керектигин үйрөтүп турду. Анткени ал мындай сынактардын далайына катышкандыктан тажрыйбасы көп эмеспи. Кандай болгон күндө да биз өлкөбүзгө жеңишти алып келдик. Мен эми 19 жашка чыгам, бул биринчи ийгилигим, акыркысы эмес деп ойлойм. Дагы көптөгөн сынактарга катышып, өзүмдү көрсөтөм деген максатым бар.

- Билишимче, сиз врач болууну максат кылып, ошол кесипте окуйсуз. Келечекте ырчылыкты да чогуу алып кетем деп чечтиңизби?

- Туура айтасыз, врачтык кесипти тандап, өз күчүм менен окууга өткөм. 1-курсту бүттүм. Врач болуп элге кызмат кылгым келет, ошол эле учурда ырчылыкты да таштабайм деп ойлойм. Бул эки кесип тең мага жагат, эки канатымдай өмүр бою мени менен болот, буюрса. Эки кесипти аркалагандар азыр көп эле го, ошондуктан эки тарапты тең алып кете алам.

- Жакындарыңыз сиздин жеңишке сизден өтүп кубанышса керек?

- Албетте, ата-энем, Арлен байкем менден да өтүп кубанышты. Анткени бул үмүттүн акталышы болду да, биздин үйдөгү көптөн күткөн чоң кубанычтардын бири болуп калды.

- Вокал боюнча устатыңыз ким?

- Вокал болобу, сахна өнөрү болобу, ырдоо стилиби, айтор, бул тармактагы бардык жаатта устатым - апам. Өзүм көп жылдар бою музыка менен алектендим,  Пётр Шубин атындагы музыкалык мектепте окугам. Бирок үй-бүлөбүздө болгон чоң жоготуу, кайгылуу окуядан киийн чыгармачылыгымды убактылуу токтотуп турууга туура келди. Өзүңөр билгендей, улуу байкем Арген каза болгондон кийин 3-4 жыл тыныгуу алып калдык. Анткени жоготуу баарыбыз үчүн, айрыкча апам үчүн оор болду. Бирок жашоо уланышы керек да, биз кайрадан бутубузга туруп, баарын улантууга күч таптык.

- Бул сынак сизге эмне берди?

- Чоң тажрыйба берди, өзүмө болгон ишенимди бекемдеди. Мурункудан да күчтүрөөк жана ишеним менен мекениме кайтып келдим.

- Айтсаңыз, атактуу адамдын кызы болуу кандай негизи?

- Мен эч качан “атактуу ырчынын кызымын” деп төш кагып көргөн эмесмин. Антип кыйнысынып же башкаларды өзүмдөн ылдый көргөн жокмун. Кадимкидей эле жөнөкөй жашоодо жашайм. Менин курагымдагы кыздардай эле бардык нерсени өзүм кылам. Мисалы, окуу жайга коомдук транспорт менен барам. Арлен байкем кээде жеткирип калбаса дээрлик ушинтип эле каттап окуйм. Негизи эле жашоом мен курактуу башка кыздардыкынан эч айырмаланбайт. Башкалар үчүн апам ырчы болсо да, үйдө кадимки мээримдүү апа. Башынан эле ата-энебиз бизди жөнөкөйлүккө, кичипейилдикке тарбиялады. 

- Маегиңизге рахмат, ийгиликтерди багындыра бериңиз! 

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо