№1183
Азыркы учурда Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион болсо, статистика боюнча, анын орточо 900 миңдейи ушул дарттан азап тартат. Ал – шакый оорусу. Макалада ушул дарттын жаралышы, дарылоо жолдору тууралуу айтып беребиз. Материалды даярдоого невролог Турат Кадыров көмөктөштү.
Кимдер көп оорушат?
Шакый – неврологиялык дарт. Статистикага таянсак, бул ооруга 12 жаштан 45 жашка чейинкилер көбүрөөк чалдыгышат. 50 жаштан кийинкилер аз оорушат, айрымдарда бул дарт өзүнөн өзү жоголуп кетиши да мүмкүн. Дарттын белгиси - баштын бир бөлүгү же эки жагы тең лукулдатып катуу оорутат. Көңүл айлануу, кусуу, “приступ” сыяктуулар менен коштолушу да мүмкүн. Адам кусса деле аз убакытка гана жеңилдейт. Анткени шакый кармаганда жеген тамак оңою менен сиңбей, ашказанда кармалып тура бергендиктен адамды кыйнайт.
“Приступ” күтүлбөгөн жерден же шакыйдын кармашын шарттоочу триггерлердин (көпкө ачка жүрүү, түтүндүн терс таасири жана башка) айынан жаралат. Көпчүлүк учурда шакыйдын кармашы 4 сааттан 72 саатка чейин созулат. Туура дарылоо шакыйдын кармоо убактысын азайтат. Эркектерге караганда аялдар 3 эсе көп оорушат.
Дарт жай мезгилинде күч алат. Кээде оорутуу 2-3 саатка же андан узакка созулганда баштын экинчи жарымына да өтүшү мүмкүн. Оору айрымдарда күн же апта сайын кармаса, айрымдарда 2,3 же 7 айда бир кармайт. Бул адамдын жашоо жана иштөө шартына, өзүн алып жүрүүсүнө, өнөкөт ооруларына да жараша болот.
Шакыйдын кандай түрлөрү бар?
Шакыйдын бардык түрүндө баштын оорушу, жарыктан көздүн уялуусу, ызы-чуу үндөрү жана жыттарды жактырбай качып калуу, кусуу, көңүл жана баштын айлануу белгилери бар.
• Ауралуу шакый. Дарттын бул түрүнүн “пристубу” башталар алдында алгач аура жаралат. Аура – бул көз алдында жана көздүн тегерегинде жылтыраган учкундардын пайда болушу, көздүн тумандашы, чыбырчыкташы. Баштын ооруган тарабындагы кол, бет чымырайт. Сүйлөө начарлайт, баш кескин түрдө катуу оорута баштайт. Дарттын бул түрү менен ооругандар белгилеринен эле билип, дарысын ичип баштаса жакшы. Бул шакый оорусунун оор түрү болгондуктан дарылап айыктыруу кыйын.
• Ааурасыз шакый. Шакыйдан жабыркагандардын 70-80 пайызы дарттын ушул түрү менен оорушат. Бул жеңилирээк түрү.
• Өнөкөт шакый. Шакый кармаган учурда бейтап оорутууну сездирбөөчү дарыларды өз алдынча көп иче берсе, оору өнөкөт түргө өтүп кетет.
• Этек кир келер алдында кармоочу шакый. Бул дарт аялдардын этек кири келер алдында эстроген гормонунун көбөйүп кетишинен кармайт. Оорутуу этек кир келерден 2 күн мурун башталат.
• Көздү кошо камтыган шакый. Бир эле учурда баш оору менен катар бир көз өз алдынча жабылып, буюмдар көзгө экөө болуп көрүнө баштайт.
• Вестибулярдык шакый. Ички кулактагы тең салмакты сактоого, айлана-чөйрө боюнча ориентация жүргүзүүгө жооп берүүчү вестибулярдык бөлүк (аппарат) бар. Дарт кармаганда ошол бөлүккө терс таасир этип бейтап тең салмагын жоготот, башы айланат, теңселип басып калат. Шакый “пристубу” катуу кармаганда адамга өзүнүн кайда жүргөнүн баамдап билүү кыйындайт.
• Абдоминалдык шакый. Бул жаш балдарда кездешет. Алардын ичи ооруйт, кусат. Текшергенде ичти оорутуп, кустуруучу инфекциялык да, хирургиялык да дарт табылбайт. Бир гана жол калат, ал – баланы неврологго текшертүү.
Дарт кофени көп ичүүдөн жаралабы?
Дартты пайда кылуучу себептер көп, айрымдарын айталы:
• Тукум куучулук. Ооругандардын 60-80 пайызы тукум куучулуктун айынан ооруйт.
• Гормоналдык бузулуу
• Өнөкөт чарчоо жана уйкусуздук, стресс абалы
• Туура эмес тамактануу. Мисалы, кофени, спирт ичимдиктерин, анын ичинде сыра менен кызыл шарапты көп ичүү, шоколадды көп колдонуу. Булар шакыйдын жаралышын шарттайт
• Сырткы чөйрөлөрдүн таасири. Кескин жыттар, катуу үндөр, катуу, күчтүү чыккан жарык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, мезгилдик аба ырайынын алмашуусу
• Айрым дары-дармектер. Мисалы, гормоналдык бойго бүтүрбөөчү жана кан тамырларды кеңейтүүчү дарылар
• Баштан алган жаракат
• Талма оорусу
Кантип дарылайт?
Диагноз коюуда алгач бейтаптан ооруларынын белгилери жана ата-тегинде шакый менен ооругандар бар же жогун суралып, такталат. Анан башты компьютердик томографиядан жана электроэнцефалографиядан өткөрүп, моюндагы кан тамырларды допплердик изилдөөдөн өткөртүү кажет. Баарынын жыйынтыгына карап диагноз коюлат.
Дарылоо ичине атайын ыкмаларды камтыйт.
• “Приступту” токтотуучу дары-дармексиз ыкма. Адам күңүрт бөлмөдө тынч жатып, мүмкүн болушунча ойлонбоого аракет кылышы керек. Муздак сууга чайканса же маңдайга муздак компресс жасаса болот. Кээде күчтүү демделген чай да жардам берери айтылат.
• Дары-дармектер менен дарылоо ыкмасы.
Бейтапка неврологдор буларды сунуштагы мүмкүн:
1. “Приступтун” аз жана жеңил кармашын шарттоочу, башталган “приступту” токтотуучу, жакын арада кайра кармашынын алдын алуучу бета-блокатор дарыларды
2. Баш оору, көңүл айлануу, кусуу, көздүн жарыктан уялуусуна каршы дары каражаттарды
3. “Приступ” кармаганда тарамыштын карышып калышына каршы дарылар
Анальгин, цитрамон жардам береби?
Врачка барууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда баш оору жана сезгенүүгө каршы дарылар (анальгин, цитрамон, ибупрофен, парацетамол, персен) жана кусканга каршы дарыларды ичүү керек дешет адистер. Бирок шакый токтогондон кийин деле баары бир врачка баруу сунушталат. Анткени сиздин оору шакыйбы же ал эмеспи текшертип, ооруганда өнөкөт ооруларыңызга карап кайсы дарыларды ичүүгө боло тургандыгын билип аласыз.
Дарттын кантип алдын алуу керек?
• Иштөө жана уктоо режимин сактоо
• Туура жана убагында тамактануу
• Кофе жана газдалган суусундуктардан баш тартуу же аз ичүү
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |